Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:21

Борбор Азия

Сотто Адахан Мадумаров сурала баштайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:13 0:00

Ысык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон чет элдик төрт туристтин тек-жайы такталды. Маркумдар тоого лыжа тебүү үчүн чыккан. Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатууну өткөрө турган жай издештирилип жатканы, бирок бийликтин чектөөлөрүнөн улам чиркөөлөр жана имараттар уруксат бербей жатканы айтылууда. Адахан Мадумаров 29-февралда сотто суракка алына баштаары кабарланды. Оппозициялык саясатчы эки кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Жарынак бектин “Кезер-Таш” эстелиги 2013-жылдын 13-июнунда Башка-үүс өзөнү менен Челушман дарыясынын кошулган жеринде орнотулган. Жарынакты алтайлыктар өз бабасы катары санап, “Кайракан Жарынак” деп аташат. Улаган району, Алтай Республикасы, Орусия.
Жарынак бектин “Кезер-Таш” эстелиги 2013-жылдын 13-июнунда Башка-үүс өзөнү менен Челушман дарыясынын кошулган жеринде орнотулган. Жарынакты алтайлыктар өз бабасы катары санап, “Кайракан Жарынак” деп аташат. Улаган району, Алтай Республикасы, Орусия.

Кыргыз тарыхын аздектегендер XVII кылымдагы Шибердеги Кыргыз улусунун бегинин ысымы тууралуу талаш-тартыш жүргүзүшүүдө. Мында хакас, алтай элдеринин өкүлдөрүнүн этнографиялык маалыматы да эске алынууга тийиш. Тарыхчынын блогу.

Алгы сөз. Кыргыз тарыхынын тамырланышы

Кыргыздар – Борбордук жана Ички Азиядагы түрк тилдүү байыркы элдердин бири болуп саналышат. Алар, демек, хун, усун, каңгы ж.б. элдер сыяктуу эле байыркы мамлекетти негиздеген, көчмөндөр цивилизациясын түптөөгө салым кошкон көөнө түрк элдеринин бири.

Кыргыздар б.з. V кылымда Чыгыш Теңир-Тоодон Энесайга сүрүлүшүп, мында VI кылымда өз мамлекетин каганат түрүндө калыбына келтиришкен. Айрым учурларда бул каганат коңшу каганаттарга көз каранды өлкө болуп тургандыгы маалым.

Орто кылымдардын эрте мезгилиндеги Энесай Кыргыз каганатын түптөгөн кыргыздардын тарыхы IX кылымдын ортосунан тартып жаңы баскычка көтөрүлгөн.

Үч муундун өмүрүн өзүнө камтыган бул баскычты академик Василий Бартольд “Улуу Кыргыз дөөлөтү” – ”Кыргызское великодержавие” деп атаса, чыгаан археолог жана кыргыз таануучу Юлий Худяков “кыргыз тарыхынын жылдызга кол сермеген сааты” деп жогору баалаган.

Дал ушул доордо кыргыздардын бир катар топтору Евразиянын ар кыл талаа жана тоолуу аймактарына жайылган.

Кыргыздардын бир тобу IX кылымдын ортосу – X кылымдын башында Теңир-Тоого чейин келип жеткендигин чыгыш булактарынын жазма маалыматтарына негизденип, профессор Өмүркул Караев жана анын М.Кожобеков сыяктуу шакирттери чагылдырышкан.

Бул кыргыз топтору мусулмандык Карахандар каганатынын доорунан тартып ислам динине өтө башташкан. Алар азыркы Теңир-Тоо, Алай, Памир, Каратегин, Каракорум, Жызак ж.б. аймактарга кеңири жайылган сунний мусулман кыргыздардын өзөгүн түзүшкөн.

Ал эми Энесайда калган кыргыздар XIV–XVII кылымдарда жалпы Түштүк Шиберде жана Алтайдын айрым аймактарында жердешип, дини боюнча шаманчылык (теңирчилик) ишениминде бойдон кала беришкен.

Жуңгар хандыгы маалында айрым кыргыз топтору бутпарас (буддизм) дининин ламачылык нугуна да өткөрүлгөн (азыркы КЭРдеги тарбагатайлык кыргыздар – алардын урпактары).

Кыргыз улусу тууралуу эки ооз сөз

Түштүк Шиберде кала берген кыргыздардын топтору жалпы монгол хандары, кийинчерээк монголдук алтан-хандар менен жоолашып, бирок айрым кезеңдерде алтан-хандардын мамлекетине жана ойроттордун (батыш монгол тилинде сүйлөгөн этностун) Жуңгар хандыгына алман төлөп турушкан.

Кээ бир кыргыз бектеринин балдары XVII кылымдын биринчи жарымында Алтан-хан мамлекетинде аманат (сый туткун) катары кармалгандыгы архивдик даректерден маалым.

Арийне, кыргыз бектери Кыргыз улусу убактылуу көз каранды болгон учурдарда деле өлкөнүн аймагында, аазыркы термин менен алганда, кеңири автономиялык укуктарга ээ болушкан жана өздөрүнүн ээлигиндеги кеңири аймактагы башка “кыштым” катары саналган көз каранды этносторду башкарып турушкан.

Айрым замандаштарыбыз “Кыргыз улусу жөнүндө Кыргызстанда тарых китептеринде эч айтылбай келди” деген дооматты жазып жүрүшөт.

Биздин оюбузча, бул улустун тарыхы тууралуу Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхына арналып, орто мектептердин 7-класска ылайык жазылган окуу китепте өспүрүмдөр үчүн алгачкы жетиштүү маалымат чагылдырылган. (Калемдештер – Т.Чоротегин, Т.Өмүрбеков). Кыргызстандагы энциклопедиялык жыйнактар да Шибердеги Кыргыз улусунун тарыхын ырааттуу чагылдырышты.

Кыргыз улустарындагы кыргыз тектүүлөр өздөрү жайгашкан аймактар Алтыр, Алтысар, Ысар, Туба болуп төрткө бөлүнгөн.

Ысар (Езер) улусу “ичкилик” (борбордук) улус болгон, себеби анын айланасында башка кыргыз улустарынын жерлери жайгашкан. Ал аймак азыркы Хакасиянын чордонун – Абакан дарыясынын өрөөнү менен Кара-Сын тоосунун (азыркы орусча аталышы Батенёв тоо кыркасы) ортосундагы аймакты ээлеген. Ысар улусуна баш ийген кыштымдардын капчыгайлары Эне-Сайдын ылдыйыраактагы агымына жакын Үбөй, Сисим, Маңы, Качы, Кан өзөндөрүнүн бойлорунда болгон.

Ысар улусунун батышында жана түштүк-батышында Алтыр улусу жайгашкан, түндүгү менен түндүк-чыгышында Алтысар улусу жайгашкан.

Алтыр улусу төмөнкү аймактардан турган: Белтир, Ыргыт (Иргит), Сагай, Сайан, Табан, Чыстар. Анын чордондук аймагы Уйбат жана Аскиз дарыяларынын өрөөндөрүнө туура келген. “Алтыр” сөзү шиберлик кыргыздарда “алдыңкы” жана “бийиктеги” (“жогорку”) маанилерин берген.

Алтайдагы Төөлөс көлүнүн жээгиндеги жана башка калктар дагы бул улуска кыштым болушкан.

Алтысар улусуна төмөнкү аймактар кирген: Ачы, Кызыл, Тумат, Шүй, ж.б. Бул улус Үүс (Июс) дарыясынын жана Теңир-Көл (азыркы хакасча Тэгир-Көл, Тигір кöл) көлүнүн аймагын камтыган.

Эне-Сайдын төмөнкү аймагын ээлеген бул улустан Жарынак сыяктуу саясий жактан кубаттуу бектер чыккандыктан, Алтысар улусун орус адабиятында “Чоң кыргыздар” (“Большие киргизы”) деп да аташкан. Чулум (Чулым) дарыясынын, Темирчи Ала-Тоонун (Кузнецкий Алатау) түндүк тоо кыркасынын калкы Алтысар улусуна кыштымдардан (б.а. алман төлөгөн багыныңкы элдерден) болушкан.

Демек, Кыргыз улусун жалаң гана азыркы Хакасиянын аймагы менен чектөөгө болбойт. Ага Кызыл-Жар, Алтай жана Темирчи Ала-Тоосу да кирген.

Туба улусуна кирген аймактар: Алахам, Алыт, Байкот, Бохты, Бугус, Койбал (же Таштак Матур), Көл, Корнат, Үштер, Хайтон, Жары (Яри) ж.б.

Бул улустун борбордук аймагы – Эне-Сайдын оң өйүзү жана Туба (хакасча Упса) дарыясынын өрөөнү болгон. Негизги уруулары туба жана матур (модар) эле. Туба улусуна Чыгыш жана Батыш Саян тоолорунун тайга (жыш токой) аймактарында байырлаган тофалар жана тубалар деген уруулар кыштымдардан болгонун (салык төлөп турганын), ошондуктан бул этнонимди кабыл алышканын этнограф Л.П.Потапов ж.б. адистер белгилешкен.

Айрым хакас боордошторубуз Кыргыз улусун дагы “Энесай кыргыздарынын гана мамлекети” деп атоо керек, деп санашат. Бирок бул улустун аймактары жалпы Түштүк Шибердин жана Алтайдын бир катар аймактарын өзүнө камтып жаткандыктан, орто кылымдардын кечки мезгилиндеги кыргыздарды “шибер кыргыздары” деп атоону туура көрөбүз.

Этнограф, профессор Олжобай Каратаев да ушул терминди жактайт.

Бирок азыркы изилдөөчүлөрдүн бири, новосибирскилик тарыхчы Виктор Козодойдун жалпы эле көөнө жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхын биздин заманга чейинки доордон тартып “Шибер Кыргыз цивилизациясы” деп өзгөчөлөнтүп атоо сунушун илимпоз катары четке кагабыз. Бул терминдик айырмачылыктар жөнүндө кийинчерээк да өзүнчө кеңири сөз болмокчу.

Дегиңкиси, Ички жана Борбордук Азиянын кеңири мейкиндигине байланышы бар кыргыз тарыхын жалаң гана Шибер менен чектөө жана Шибердеги башка элдердин цивилизациялык салымдарын да “кыргыздар үчүн өөнөп алуу” далаалаты майнапсыз деп санайбыз.

Шибер кыргыздары кубаттанган учурларында алтан-хандарга гана эмес, ойротторго каршы да көтөрүлүш чыгарып турушкан.

Демек, дал ушул шаман дининдеги кыргыздардын өлкөсү XV–XVII кылымдарда “Кыргыз улусу” катары маалым. Кыргыз улусу – Московия падышалыгынын (1547–1721) алдыңкы кошуундарынын Батыш Шиберден чыгышка өрдөгөн баскынчылык жортуулдарына айыгышкан каршылык көрсөтө алган көчмөндөр өлкөсү болгон.

Кыргыз улусунун бир катар бектеринин (өкүмдарларынын) ысымдары тарыхый жазма булактарда катталып калган.

Асыресе, московиялык архивдерде Кыргыз улусунун бектери жана алардын эл аралык карым-катнашы тууралуу маалыматтар арбын. Алардын кыйласын Асанбек Абдыкалыков, Атыгай Арзыматов, Дөөлөт Сапаралиев сыяктуу кыргыз илимпоздору, хакас этнографы жана тарыхчысы Виктор (Астайбек) Бутанаев жана бир катар орусиялык тарыхчылар ырааттуу изилдешкен жана илим чөйрөсүнө киргизишкен.

Жуңгар хандыгы 1703-жылы Кыргыз улусунун саясий элитасын күч менен Жуңгарияга көчүрүп кеткен соң, Шибердеги Кыргыз улусу биротоло ыдырап кеткен жана Түштүк Шибердин аймактарын московиялыктардын жеңил-желпи каратып алуусу үчүн ыңгайлуу саясий кырдаал жаралган.

Жуңгария хандыгы XVIII кылымдын башында Алтай аймагындагы таасирин сактап калууга умтулган, бирок анын стратегиялык жактан негизги болгон согуш багыттары – Чыгыш Теңир-Тоо, Жети-Суу, Борбордук Азиянын Ташкен сыяктуу айрым отурукташкан чөлкөмдөрү болуп калган.

Барсбек менен Жарынакка арналган айкел
Хакасиядагы байыркы жоокерлерге арналган эскерүү жайындагы айкел. Бул айкелдин таасын прототиби жок, бирок ал Барс-бек каган менен да, Жарынак бек менен да байланыштырылат. Айкелдин авторлору: В.Кученов, И.Аткнина жана Н.Сарайкина. 08.5.2015. Абакан ш., Хакасия, Орусия.

Жарынак ысымынын Иренек, Еренак, Эренак варианттары тууралуу

Биз 1990-жылдарыдан тартып шибердик кыргыздардын бул чыгаан мамлекет башчысынын ысымын Эренак деп жазып келдик. Ал эми орус тилдүү советтик адабиятта анын ысымы Иренек, Еренак ж.б. деп да берилчү.

Алтай фолклорлук мурасында бул ысым "Жарынак" деп катталгандыгын алтайлык айдыңдар Бронтой Бедүров (Бедюров) агайыбыз жана Наталья Токова карындашыбыз таасын жазып жана айтып келишет.

Бир аптадай мурда Бронтой Бедүров агабыз менен телефон аркылуу баарлаштык. Бронтой агай азыркы тапта Бишкекте жолугушуулар өткөрүп жүрөт. (Аны менен байланыштырган этнограф, профессор Сынару Кадыр кызы Алымкуловага ыраазычылык билдирем).

Азыркы хакас тилинде бул ысым Чарнах, Өжең-бег (Өжең-пиг) деп аталаарын Виктор (Астайбек) Бутанаев, Ирина Бутанаева жана башка хакас илимпоздору эскеришкен. Алардын айтымында, хакастар Жарынак бийлеген доорду “Өжең пиг тузы” – “Өжең-бектин заманы” деп да эстеп калышкан экен.

Маркум Виктор Бутанаев агай эмгектеринин биринде мындай деп жазганы эсте:

“Еренак – Алтысар беги Ишей Мергендин экинчи уулу жана 1609-жылы Хонгорай менен Орусиянын ортосунда туңгуч дипломатиялык алака түзгөн бек Номчи Сыагныз уулунун небереси болгон. Орус документтеринде анын аты төмөнкү варианттарда учураган: Еранак, Яраняк, Ереняк, Ернак, Яреняк, Ярнак, Ярынак. Ал өзүнүн орус падышасына монгол тилинде жөнөткөн каттарында өз ысымын «Жарнак» (“Джарнак”) деп атаган”.

(“Еренак был вторым сыном алтысарского князя Ишей Мергена и внуком князя Номчи Сыагнызова, который в 1609 году впервые установил дипломатические отношения Хонгорая с Россией. В русских документах его имя звучало в следующих вариантах: Еранак, Яраняк, Ереняк, Ернак, Яреняк, Ярнак, Ярынак. В своих грамотах к русскому царю на монгольском языке он сам себя называет «Джарнак»...”).

Булак: Бутанаев В.Я. История вхождения Хакасии (Хонгорая) в состав России / Под ред. Б.Р.Зориктуева. – Абакан: Изд-во Хакасского государственного университета им. Н. Ф. Катанова, 2007. – 296 с., илл. – Б. 88.

Азыркы кыргыз тилине алтай-кижи тили кыйла жакын келет. Жарынактын урпактарын жалаң гана хакастардан издеп чектелбестен, алтайлыктардан да издөө керек. Айрым алтайлыктар өздөрүн Жарынактын урпактары санашат.

Алтайлыктар азыркыга чейин сактап калган “Жарынак” ысымы бул бектин өзүнүн монгол тилиндеги дипломатиялык каттарында өзүн “Жарнак” деп атаган тарыхый документ менен дал келип жаткандыгын, хакас тилинде да Жарнак / Чарнах ысымы сакталгандыгын эске алуубуз абзел.

Анын үстүнө, Бронтой Бедүровдун жана Наталья Токованын ырасташынча, “иренек” сөзү алтайча бодо малга берилчү “сары уй” деген аталыш болуп калат тура.

Маркум хакас этнографы В.Бутанаев да “Иренек” сөзүнө каршы болгон. Ал дагы бул антропонимди Йарнак / Жарнак сөзү жана “жарлык” сыяктуу эски башкаруу термини менен байланыштырып, "Жарнак" сөзү “бийлик башкаруучу”, “өкүмдар” деген маанини берет деп жазган. (В.Я.Бутанаев: “Таким образом слово «Ярнак» или «Джарнак» приобретает значение – «повелитель”. – Жогорудагы эмгек, 88-бет.)

Ошентип, биз мындан ары кыргызча тексттерде Кыргыз улусунун бул даңазалуу бегинин атын “Жарынак” деп берүүнү чечтик жана эне тилибизде жазган башка калемгерлерге да ушул антропоним түрүн колдонууну сунуштагыбыз келет.

Жарынак бектин өкүм жүргүзгөн мезгили

XVII кылымдын экинчи жарымындагы Кыргыз улусунун төбөлү Жарынактын ысымы орус адабиятында “Еренак” ж.б. түрдө чагылдырылган.

Ал кыргыздардын алтысар уруусунун төбөлү Ишей Мергендин уулу, Номчу бектин небереси болгон жана Кыргыз улусун 1658–1687-жылдары бийлеген.

Жарынактын таасири астындагы аймактарга азыркы Хакасиянын гана чектери кирбестен, алда канча кеңири чөлкөм кирген. Ал Алтайдан тартып Кызыл-Жар (азыркы Красноярск) аймагына чейинки жерлерди көзөмөлүндө кармоого умтулуп, бул тараптарга баскынчыл жортуулдарга чыккан орус кошуундарына каршы азыркы тапта Ачинск, Енисейск, Канск, Красноярск, Кузнецк, Нижнеудинск, Томск сыяктуу аталыштарга ээ болгон аймактарга басып кирүүгө умтулган орус кошуундарына жана алар курган аскердик конуштарга ("острог") кол салып турган.

Айрым орусиялык изилдөөчүлөр Жарынакты өз кыштымдарын жана башка элдерди талап-тоногон каракчы төбөл катары терс баалашса, башкалары аны өз өлкөсүнүн эгемендигин коргогон атуул катары оң баалашкан.

1682-жылы Жарынак московиялык падышага жолдогон катында эки тараптуу согушту кыргыздар баштаган эместигин баса белгилеп, орус кошуун башчысы (воевода) өз жоокерлери менен басып кирип, улуста мыйзамсыз түрдө коргонуу жайын (“острог”) курууга далаалат кылып жаткандыгын сынга алган.

Жарынактын бийлигинин өкүлдөрү менен жетишилген келишим аркылуу московиялыктар Кыргыз улусунун чек арасын тааныган.

Ошол эле учурда Жарынак ойрот ханына алман төлөп тургандыгы, аны менен аскердик шерик болгондугу да маалым.

1687-жылы Жарынак өз аскери менен Жуңгар хандыгына жардамга Алтай аймагына келип, Чулышман жергесинде монголдук алтан-хандарга каршы салгылашууда курман болгон.

Кыргызстандагы орто мектептер үчүн жазылган окуу китептеги Жарынак тууралуу маалыматтан үзүндү

(Эскерте кетсек, Кыргызстандагы азыркыга чейинки окуу китептеринде Жарынактын ысымы "Эренак" деп берилген).

...Ал Орус мамлекети менен Алтан-хандарга каршы ийгиликтүү саясат жүргүзүү үчүн үчүнчү күч – Жуңгар хандыгы менен дипломатиялык жакшы ымала түзүп, жуңгарлардын ишенимдүү тарапкери болгон.

1672-жылы 9-октябрда орус колбашчыларынын бири Жарынакка “Орус мамлекетинин букарасы болом” деп шерт кабыл алуу сунушу менен кайрылган. Бирок Жарынак бул сунуштан баш тарткан жана кыргыздарга жана Жуңгар ханы Галдан Бошокту коңтайшыга (1677-жылдан тартып ал “хан” титулун алган) орустарга мурдараак каратылган кыштымдар кайрадан салык (йасак) төлөшү керек, деп талап кылган.

1678-жылы Жарынак орус бийлик өкүлдөрү менен келишим түзгөн. Бул келишимди кийин изилдөөчү академик С.В.Бахрушин Жарынактын дипломатиялык жеңиши деп баалаган. Мында Жарынак орустарга салык төлөй турган көз каранды тарап эмес, өз ара милдеттенмелерин бири-бирине таңуулаган өнөктөш жана тең ата тараптардын бири катары чыккан. Атаман Родион Кольцов аркылуу орус падышасына деп жиберилген катты Жарынак монгол тилинде жаздырган жана катта өз ара согуш үчүн күнөөлүү жак катары келгин орустар көрсөтүлгөн.

Бул келишимге ичи чыкпаган Орус (Московия) падышасы Кыргыз улустарына кол салуу үчүн беленденүүгө буйрук берген. 1679-жылы 10-августта бул жортуул башталышы керек болгон. Бирок Жарынак өзү озунуп, 1679-жылы 15-17-июлда Красноярск острогун камалаган.

Кайра күч жыйнап, ал 14-сентябрда да бул коргонуу жайына кол салган. Салгылашууда аз жерден Жарынак өлүп кала жаздаган. Анын айланасындагы кыштактарды кыйратып, орустарга салык төлөп калган жергиликтүү калайыкты өз журтуна көчүрүп, чегинип кеткен.

1680-жылы бир нече ирет кагылышуудан соң Кыргыз улусу менен Орус падышалыгынын чек арасы катары Үүс (орусча Июс) дарыясы чектелген. Тарыхчы С.В.Бахрушин бул жолу да Кыргыз улусу менен Орус падышалыгы эгемен, тең ата тараптар экендиги ушул жылкы макулдашууда да тастыкталганын эскертет.

1682-жылы 1075 жоокери менен Суворов аттуу колбашчы Кыргыз улусуна кол салган. Ал Абаканда корголгон жай (острог) куруу мүдөөсүн көздөгөн. Бирок Жарынак 4 миңдей жоокери менен жүрүшкө чыгып, Суворовдун кошуунуна чабуул койгон. Орустардын эки туусу (анын ичинде бир полк туусу), курал-жарактары колго түшүрүлгөн, 61 жоокери өлтүрүлгөн. Бул ызалуу жеңилүүдөн соң Московия падышалыгы эки өлкөнүн чек арасы катары кайрадан Үүс дарыясын кабыл алган.

Бул жеңиш Жарынак бектин сибирлик кыргыздардын жана аларга салык төлөгөн кыштымдардын ички ынтымагын чыңдай алгандыгынын аркасында болгон.

1683-жылы жазында Иван Петров деген бояр башында турган орус элчилиги Жарынак бек менен сүйлөшүү жүргүзөт. Жарынак мурдагы саясий турумун кайталайт жана өзүнүн элчилери Кубогай Кашка менен Богдайды Маскөөгө өткөрүү өтүнүчүн айтат.

Элчилер Кубогай Кашка менен Богдай 1683-жылы 14-майда Томск коргонуу жайына, андан соң ошол жылдын сентябрында Маскөөгө келген.

Оболу аларды 26-ноябрда бояр И.Б.Репнин кабыл алган. Элчилер Репнинге Жарынактын монгол жазмасындагы катын тапшырышкан.

Репниндин Кыргыз улусу орустардын ээликтерине кол салып жатат деген доосун элчилер четке кагышып, согушту шибердик орус колбашчылар баштап жатышат деген айыптоолорун айтышкан. Кыргыз жеринде орус острогун куруу маселеси боюнча алар жооп берүүгө өздөрүнүн ыйгарым укугу жоктугун билдиришкен. 28-ноябрда элчилерди падыша кабыл алгандыгы айтылат.

1684-жылдын башында Жарынактын элчилери Маскөөдөн Шиберге кайра жол тартышкан. Томск абагынан кыргыздын курман болгон беги Шаңдынын уулу Таганай элчилерге бошотулуп берилген.

Маскөө менен тастыкталган келишимге ылайык, Жарынак бек мурдагыдай эле өз бийлиги жана Жуңгар хандыгы үчүн Түштүк Шибердеги калайыктан салык чогултууну уланткан.

1684-жылы томскилик бояр Иван Петров кыргыз элчилери Кубогай Кашка жана Богдай менен бирге келип, Жарынак бек менен жаңы келишим түзгөн. Ага ылайык кыргыздар орус острогдоруна жортуул жасабоо милдеттенмесин алган. Чек араны бузуу – эки тарап үчүн тең оор жазага кириптер кылынчу кылмыш катары табылган. Чек аранын орустар тарабында байырлаган кыштымдар Московия падышалыгына салык (“йасак”) төлөөрү белгиленген.

1687-жылы Жуңгар ханы Галдан Жарынактан ойрот ханына баш ийгиси келбеген моңголдорго каршы урушка катышуусун талап кылганда, ал өзүнүн 600 жоокери менен жуңгарлардын ээлигин көздөй жөнөгөн.

1687-жылы сентябрда Тоолуу Алтайда Алтын-Көл (Төөлөс) көлүнө куйган Чулушман өзөнүнүн башатындагы жерде моңголдук аскерлерге каршы салгылашууда кыргыздар менен жуңгарлар ири жеңилишке дуушар болгон.

300дөй кыргыз жоокери набыт кеткен. 4 күндүк салгылашуу маалында Жарынак бек өзү Шап деген бир уулу менен бирге курман болгон.

(Мында “Эренак” ысымын “Жарынак” деп алмаштырдык. Бул кыскартылган маалыматты "постсоветтик Кыргызстандагы тарыхчылар Жарынак тууралуу эч айтпай келишти" деген дооматтарды четке кагуу иретинде сунуштап жатабыз. О.Каратаев, Т.Өмүрбеков, Д.Сапаралиев сыяктуу башка да постсоветтик изилдөөчүлөр Жарынак жөнүндө чагылдырып жазып келишти).

Кыска тыянак ордуна. Жарынак Теңир-Тоодогу кыргыздарга баба болуп саналабы?

Кыргыздардын Евразиядагы тарыхый баскычтарын калыс баяндоо милдети кыргыздардан таркаган жана кыргыздар этностук компонент болгон башка боордош элдердин тарыхын энчилөө деңгээлине эч качан түшпөөгө тийиш.

Чакан мисал келтирели.

Казак туугандар менен боордошпуз деген жүйөө менен султан Кенесары Касым уулун, Түркстан автономиясынын жетекчилеринин бири Мустапа Чокайды же Кеңеш бийлигинин алгачкы доорундагы казак ишмери Турар Рыскуловду “алар кыргыз болчу” деп бурмалап жаза алабызбы?

Эч мүмкүн эмес.

Теңир-Тоодогу мусулман кыргыздар үчүн дагы Жарынак бек байыркы жана орто кылымдардын эрте мезгилиндеги кыргыздардан таркаган, бирок этностук тарыхы башка нукта кеткен, тили, дини да башка болуп калган Шибер менен Алтайдагы боордош элдердин түздөн-түз бабасы катары калыс каралууга тийиш.

Тарыхчы Бакыт Султаналиев калыс эскергендей, XVII кылымдагы шибердик шаман кыргыздар Жуңгар хандыгына каршы согуш жүргүзүп жатышкан теңир-тоолук мусулман кыргыздар тарабында эмес, ойроттор тарабында болушкан.

("Манас" эпосундагы Көзкамандар окуясы да түпкү теги кыргыз, бирок душман тарабын тутуп калган этностук топ тууралуу көркөм чагылдырат эмеспи. Тарыхта мындай учурлар башка элдерде да учураган. Маселен, Чыңгыз ханды колдогон кыпчактар да, анын аскерлерине каршы согушкан кыпчактар да болгон).

Фу-йү кыргыздары, хакастар, алтай-кижи, телеңгит, шор элдери өздөрүн Жарынактын улусундагы шибердик кыргыздардын жана башка түрк тилдүү этностордун тикелей урпактары катары мыйзам ченемдүү санай алышат.

Биз бул тарыхый чындыкты сыйлоо менен катар эле Жарынак бекти кыргыз тарыхындагы ар кыл чөлкөмдөрдө байырлаган топтордун биринин мамлекеттик ишмерлеринин көрүнүктүү өкүлү катары өз тарыхыбызда чагылдыра бермекчибиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG