Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:55
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл

Үч округдагы шайлоо: Ошто добуш сатып алуу боюнча арыздар түштү

Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо башталды. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.

Буга алардын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштары себеп болгону айтылган.

21:38 28.4.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына ылайык, бир мандаттуу Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо талапкер Бекмурза Эргешов добуштардын 43,80% (9 698) алып алдыга чыкты. Андан кийинки орунда 14,60% добуш (3 233) топтогон Ильичбек Эргешов турат. Үчүнчү орунга Бекболот Арзибаев 13,68% (3 028) добуш менен келди.

Кара-Суу округунда 36,16% (7 601 адам) добуш менен Илимбек Кубанычбеков жеңди. Экинчи жана үчүнчү орунду Турдубек Орунбаев 17,28% (3 633 адам) менен Сталбек Ажимаматов 12,76% (2 682 адам) ээледи.

Эки округда тең добуш бергендер 20% жеткен жок. Ош округунда шайлоочулардын 18,41% (23 078 адам), Кара-Суу округунда 18,77% (21 023 адам) гана келди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылган. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулган, шайлоочулардын саны 125 миңден көп.

Бишкек шаарынын административдик соту 27-апрелде БШКнын талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарган.

БШК Эргешовду 26-апрелде жарыштан четтеткен. Буга башка талапкерлердин аны административдик ресурс колдонууга айыптаган арызы негиз болгон.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков айрым аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер Эргешовдун штабында жүргөнү тууралуу видео жарыялаган.

Бул видео чыккандан кийин мэрияда атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөн жана анын чечими менен айрым кызмат адамдары жазага тартылганы белгилүү болгон.

21:19 28.4.2024

Бир мандаттуу Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берүү аяктады. Ага ылайык, Ош округунда шайлоочулардын 18,41% (23 078 адам), Кара-Суу округунда 18,77% (21 023 адам) добуш берди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылган. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулган, шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Жалпысынан үч округда 29 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

21:18 28.4.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, Баткен округунда 24,38% шайлоочу (27 396 адам) добуш берди.

Аймактык шайлоо комиссияларынан 95% маалыматтар алынды. Анда 40,97% добуш менен Бактыяр Калпаев алдыга чыкты. Экинчи жана үчүнчү орундарда Кеңеш Салихов (13,14%) менен Асылбек Мадалиев (12,71%) турат.

Айрым маалыматтарга караганда Бактыяр Калпаев убагында, 2020-жылга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын болуп жүргөн.

31 жаштагы Бактыяр Калпаев жеке ишкер. “Комфорт Хаус” курулуш компаниясынын жетекчиси. Ал 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын жаштар канатынын өкүлү катары, парламенттик шайлоого катышкан. Кийин аталган партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев Калпаевдин мандат албай калганына өкүнгөн жайы бар. 2020-жылга чейин Калпаев активист катары чек ара маселелерин чечүү зарылдыгын айтып, маалымат жыйындарды уюштурган. Соңку 2021-жылдагы парламенттик шайлоого бийликчил “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан.

Соңку парламенттик шайлоого “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан.

Баткен округунда Ош менен Кара-Сууга салыштырмалуу шайлоочулар активдүү катышты.

Бул шайлоо аймагында 81 добушкана ачылган жана 10 талапкер ат свалышкан. Шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.

Борбордук шайлоо комиссиясы февраль айында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында бул округдан шайланып келген Нурлан Ражабалиевди өзү жазган арыздын негизинде мандаттан ажыраткан.

Ражабалиев 2021-жылдын баында “коррупция” беренеси менен соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 миллион, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 миң сом төгүп берген жана кийин соттуулугу жоюлганы белгилүү болгон.

19:44 28.4.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматына ылайык, Баткен округунда тизмедеги шайлоочулардын 20,53% (23 067 адам) добуш берди.

Ал эми Ош округунда добуш бергендер 14,16% (17 751 адам ) жана Кара-Суу округунда 13,67% шайлоочу (15 319 адам) добуш берди.

Добуш берүү саат 20.00дө аяктайт.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG