Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

Борбор Азия

Мадумаровдун сотунда отуздан ашуун күбө суралды
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:22 0:00

Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровдун соту уланып, ушул тапта отуздан ашык күбө суралды. Алардын арасында мурдагы жана азыркы аткаминерлер бар. Түркия бир жыл мурун болгон зилзаланын крмандыктарын эскерүүдө. Кырсыкта дайынсыз жоголгондордун жакындары ушул күнгө чейин аларды издеп жүрөт. Жаза аткаруу кызматы абакта каза тапкан коомдук ишмер Арстан Алайдын өлүмүндө кылмыштын курамы аныкталбаганына байланыштуу иш козгоодон баш тартты.

Катар курамасы үчүн акыркы чейрек финалдагы Өзбекстан менен болгон оюн өтө оор болду. Негизги убакытта командалар 1:1 менен тең ойноп, пенальти тебүүдө жеңишке жетти.
Катар курамасы үчүн акыркы чейрек финалдагы Өзбекстан менен болгон оюн өтө оор болду. Негизги убакытта командалар 1:1 менен тең ойноп, пенальти тебүүдө жеңишке жетти.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалдык беттештери башталууда. Финалга кайсыл курама команданын чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору?

Азия кубогунун биринчи жарым финалдык беттеши Иордания курамасы менен Түштүк Кореянын ортосунда болот. Бул эки команда буга чейин тайпалык баскычта 2:2 эсебинде тең ойношкон.

Иорданиянын кыялы

Иордания чейрек финалда Тажикстанды 1:0 эсеби менен утту.
Иордания чейрек финалда Тажикстанды 1:0 эсеби менен утту.

Түштүк Корея менен Иордания өз тарыхында 6 жолу беттешкен. Иордания эки жолу утулуп, калган төрт оюнда тең чыккан.

Иордания бешинчи ирет Азия кубогуна катышууда. Эки жолу (2004-2011-жылдары) чейрек финалга чыкса, бул ирет жарым финалга чейин жетти.

Тайпалык оюндарда Түштүк Корея менен (2:2) тең ойноп, Бахрейнге 1:0 менен утулуп, Малайзияны 4:0 эсеби менен уткан. Тайпадан үчүнчү орун менен плей-офф баскычына чыккан.

1/8 финалда сенсация жараткан Ирак курамасын мелдештен четтетип (2:3), чейрек финалда Тажикстанды 1:0 эсеби менен утту.

Иорданиялык футболчу Салем Ал Ажалин менен тажикстандык Алишер Жалилов беттеш учурунда.
Иорданиялык футболчу Салем Ал Ажалин менен тажикстандык Алишер Жалилов беттеш учурунда.

ФИФА соңку рейтингинде Иордания курамасы 87-орунда турган. Иордания курамасын марроколук Хуссейна Аммута 2023-жылдын жай айынан бери машыктырат.

Сон Түштүк Кореяны чемпион кылабы?

Түштүк Корея курамасынын капитаны Сон Хын Мин.
Түштүк Корея курамасынын капитаны Сон Хын Мин.

Түштүк Кореянын чейрек финалга чейинки жолу абдан татаал болду. Айрым күйөрмандар бул беттештерди тамаша иретинде "корея дорамасы" деп да атап жиберишти.

1/8 финалда Сауд Арабияга утулуп жатып, кошумча убакытта гол киризип, андан кийин пенальти тебүүдө гана жеңишке жетти. Бул көрүнүш чейрек финалда да кайталанды.

Австралия менен болгон оюнда 1:0 менен жеңилип аткан Түштүк Корея кошумча убакытта (96-мүнөттө) эсепти теңеп, көп өтпөй Сон Хын Мин экинчи голду киргизди.

Түштүк Корея курамасынын капитаны Сон Хын Мин гол киргизип, өз командасына жеңиш алып келди.
Түштүк Корея курамасынын капитаны Сон Хын Мин гол киргизип, өз командасына жеңиш алып келди.

Жарым финалдык беттеште көптөр артыкчылыкты Түштүк Кореяга берип жатышат. Ага негизги жүйө - команданы алда канча тажрыйбалуу Юрген Клинсманн машыктырып жатканы, анан, албетте, курамадагы тажрыйбалуу оюнчулар бар экендиги. Башкасын айтпаганда да, Англиянын Премьер-лигасында ("Тоттенхэм") ойногон Сон Хын Мин Азия чемпионатында мыкты оюн көрсөтүүдө.

Сон үч жолу Азия кубогуна катышып (2011-жылдан бери), жалпы 7 гол киргизген.

"Мен үчүн Түштүк Кореянын финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Алар ушул убакка чейин жакшы оюн көрсөтө элек. Бирок акыркы мүнөткө чейин күрөшүп жатышканы мыкты көрсөткүч”, - деди ирактык журналист Ченар Абдулкадир.

Түштүк Кореянын оюнчулары бул мелдеште 11 сары айып кагазын алса, Иорданиялык футболчулар 12 сары айып кагаз алышкан.

Катардын дымагы, чемпиондукту эңсеген Иран

Иран чейрек финалда "көк самурайларды" утуп алды.
Иран чейрек финалда "көк самурайларды" утуп алды.

Жарым финалдын экинчи беттеши үй ээси Катар менен Ирандын ортосунда болот. Оюн 7-февралда Доха шаарындагы Аль-Тумама стадионунда өтмөкчү.

Бул мелдеште Иран курамасы өз тарыхында төртүнчү ирет Азиянын чемпиону болууга жан үрөйт. Катар болсо чемпиондук титулун коргоп калууга аракет кылат.

Иран курамасы 1968-1972- жана 1976-жылдары үч ирет катары менен Азия чемпиону болуп, ошол жылдары "алтын команда" деген атакка жеткен. Ошондон бери алар финалга чыга албай жүрөт.

2019-жылдагы Азия кубогунда Жапонияга жарым финалда 3:0 эсеби менен утулуп калган. Бул жолку чемпионатта Иран "көк самурайларды" чейрек финалда жеңди.

Чейрек финалдык беттеште Иран жана Жапония курамалары негизги убакытта 1:1 эсеби менен тең ойноп жатышкан. Бирок кошумча убакытта ирандык оюнчу Алиреза Жаханбакш пенальтиден гол киргизип, Иран 2:1 менен жеңишке жетти.

Ирандык оюнчулар жарым финалга чыкканына кубанып жатышат.
Ирандык оюнчулар жарым финалга чыкканына кубанып жатышат.

Иран курамасынын акыркы беш оюндагы жыйынтыгы:

  • (чейрек финал) Иран — Жапония 2:1;
  • (1/8) Иран — Сирия 1:1 (пенальтилер сериясы 5:3);
  • (тайпалык этап) Иран — БАЭ 2:1;
  • (тайпалык этап) Гонконг — Иран 0:1;
  • (тайпалык этап) Иран — Палестина 4:1.

Катар курамасы үчүн акыркы чейрек финалдагы Өзбекстан менен болгон оюн өтө оор болду. Негизги убакытта командалар 1:1 менен тең ойноп, пенальти тебүүдө жеңишке жетти.

Катар курамасынын дарбазачысы Мешаал Баршам ("Аль-Садд" клубу) пенальти тебүүдө өзбек футболчулары Рустамжон Ашурматовдун ("Рубин" клубу), Зафармурод Абдирахматовдун ("Нафас" клубу) жана Жалолидин Машариповдун голдорун тосуп чыкты. Педру Мигел Коррейя ("Аль-Садд" клубу) акыркы жеңиш голун киргизип, Катар жарым финалга чыкты.

Өзбекстандынк футболчу Отобек Шукуров менен Катардын чабуулчусу Акрам Афиф.
Өзбекстандынк футболчу Отобек Шукуров менен Катардын чабуулчусу Акрам Афиф.
Катар курамасынын дарбазачысы Мешаал Баршам пенальти тебүүдө өзбек футболчулары Рустамжон Ашурматовдун, Зафармурод Абдирахматовдун жана Жалолидин Машариповадун голдорун тосуп чыкты.
Катар курамасынын дарбазачысы Мешаал Баршам пенальти тебүүдө өзбек футболчулары Рустамжон Ашурматовдун, Зафармурод Абдирахматовдун жана Жалолидин Машариповадун голдорун тосуп чыкты.

Катар курамасынын акыркы беш оюндагы жыйынтыгы

  • (чейрек финал) Катар — Өзбекстан 1:1 (пенальтилер сериясы 3:2);
  • (1/8) Катар — Палестина 2:1.
  • (тайпалык этап) Катар — Кытай 1:0;
  • (тайпалык этап) Тажикстан— Катар 0:1;
  • (тайпалык этап) Катар — Ливан 3:0.

Катарга жеңилген соң өзбек күйөрмандары башкы машыктыруучу Сречко Катанецке нааразылыгын билдиришти.

Катанец оюндан кийин: "Келгиле кичине жөнөкөй бололу. Көпчүлүк курамада эмне болуп жатканын билишпейт, а биз дүйнөдөгү эң мыкты курама эмеспиз. Мен Аргентинанын же Бразилиянын мышыктыруучусу эмесмин. Биз колубуздан келгенин кылдык", - деп айткан.

Өзбекстандык чемпионат Азия сайты Катанец тууралуу чоң макала даярдап, анын ишмердигине төмөндөгүчө баа берген:

"Менимче, көйгөй Катанецтин көктүгүндө. Ал дайыма үч негизги коргоочу менен ойнойт жана бул схемадан такыр чыкпайт. Жаш оюнчуларды Катар менен болгон оюнга чыгарды. Алмаштырууда ката кетирди. Футболчулар 120 пайыз берилип ойноду деп айтты. А Катанец өзү канча пайыз иш алып барды?" - деп жазган аталган сайт.

Өзбекстан курама командасынын башкы машыктыруучу Сречко Катанец.
Өзбекстан курама командасынын башкы машыктыруучу Сречко Катанец.

Эми жарым финалдык беттештин каармандарына кайтсак. Иран менен Катар курама командалары өз тарыхында 22 жолу беттешип, Иран 14 жолу жеңсе, Катар үч жолу уткан. Беш оюнда тең чыгышкан.

Букмекерлер менен футбол серепчилери бул беттеште Иран жеңишке жетиши мүмкүн деп болжоп жатышат. Катар өз үйүндө ойноп жатканын дагы эстен чыгарбоо керек. Айтор, бул оюндун жыйынтыгын эртең, 7-февралда көрөбүз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG