Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Ош: БШК жарыштан четтеткен талапкер соттон утту


Сулайман-Тоо. Ош шаары.
Сулайман-Тоо. Ош шаары.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош округунан ат салышып жаткан Бекмурза Эргешов менен Максат Маматкуловду жарыштан четтетти. Бул чечиминен кийин Маматкулов Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылып, четке кагылды. Ал эми Бекмурза Эргешовдун арызын Бишкектин административдик соту канааттандырды.

№7 Ош шайлоо округунан катталган Максатбек Маматкуловдун жана Бекмурза Эргешовдун талапкердик каттоосун жокко чыгарган чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдин кечинде кабыл алды.

Үгүт өнөктүгү бүтөрүнө саналуу сааттар калганда №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында жалпы тогуз маселе каралып, Ош шаарынан ат салышкан эки талапкер шайлоо мыйзамдарын бузган деген жүйө айтылды.

Маматкуловдун талапкердик каттамын жокко чыгарган чечимди Боршайкомдун отурумуна катышкан 11 мүчөнүн баары бир добуштан колдошту.

Боршайкомдун Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун Маматкулов боюнча корутундусунда ал 19 үгүтчүсүнө 5 миң сомдон маянаны накталай төлөп бергени, шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралуу отчетун убагында тапшырбаганы айтылган. Бул шайлоо мыйзамдарына каршы келери, ар бир талапкер каржылоону атайын ачылган расмий эсебинен жүргүзүшү керектиги белгиленди. Үгүтчүлөр милицияда сурак берип, акча расмий эсептен тыш колдонулганы шаардык ички иштер башкармалыгынын токтому менен ырасталганы маалым болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Узарбек Жылкыбаев эки талапкер боюнча буларга токтолду.

"Бизге арыз түшкөн да. Анда 95 миң сомду фонддон сырткары үгүтчүлөрүнө колмо-кол берип салыптыр деген арыз келген. Андан сырткары жалпы каражаттын 0,5 пайыздан ашык суммасы мыйзам бузуу менен колдонула турган болсо, анда ошол талапкерлигин жокко чыгарууга негиз болот. Ушунун негизинде биз Борбордук шайлоо комиссиясы ушундай чечим чыгардык.

Анткен менен талапкерлер Боршайкомдун бул чечимине макул эмес. Бүгүн, 27-апрелде Максатбек Маматкулов Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болду. "Азаттыкка” берген комментарийинде Маматкулов өзүнө карата чыккан чечимди мыйзамсыз деп атады.

Максатбек Маматкулов.
Максатбек Маматкулов.

"Чыгарган чечимдери мыйзамсыз. Анткени үгүт жүргүзгөндөргө менин тиешем жок. Алар өздөрү да азыр түшүндүрмө берет. 19 үгүтчү деп жатат, андай үгүтчүлөр да жок. Азыр Биринчи май райондук сотуна арыз жаздык, соттун чечимин күтөбүз".

Ал эми Ошто буга чейин аты улам бир чырда аталган Бекмурза Эргешовдун шайлоодон четтетүүгө БШКнын сегиз мүчөсү “макул” деп добуш берди.

"Эргешовду четтетүүгө анын кампаниясына мамлекеттик кызматкерлер аралашкан деген буга чейинки чыр себеп болду. Прокуратура үч мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди жоопко тартуу чечимин берген экен. Ошол негиз болуп, чечим кабыл алдык", - деди Боршайком мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.

Бирок макала дайындалып жатканда Бишкек шаарынын административдик соту №7 Ош бир мандатуу округунан талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен БШК чечимин жокко чыгарганы белгилүү болду.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Эргешовдун ишенимдүү өкүлү Мэлис Обозов билдирди.

Мындан үч күн мурда блогер Ыдырыс Исаков Бекмурза Эргешовдун штабында мамлекеттик кызматкерлер жүргөнү тууралуу видео жарыялаган. Ушундан кийин башка талапкерлер Бекмурза Эргешовдун үстүнөн "административдик ресурс колдонуп жатат" деген негизде БШКга жана бийлик башчыларына кайрылуу жолдогон.

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубат уулунун билдиришинче, мындан кийин видео иликтенип, анын негизинде жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн комиссия 14 адамдын тизмесин аныктаган. Жыйынтыгында алардын үчөө жумуштан алынып, эки кызматкерди иштен четтетүү сунушу берилген. Ал эми эки жетекчи "эскертүү", дагы бир жетекчи "катуу сөгүш" алган.

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов жогорудагы жагдай боюнча “Азаттыкка” комментарий берип жатып шайлоо маалында убактылуу ишинен бошоп аралашкандар болгонун, алар кайра кызматка алынбай турганын билдирген.

“Шайлоо өнөктүгүгүнө ким катыша турган болсо биздин мэриянын аппараты болобу же башка кызматкерлерби баарына чара көрүлөт. Анан ал жердеги катардагы кызматкерлер да жүрөт, алар жумуштан кетишиптир. Мен аны түшүндүм. Алар убактылуу жумуштан кетип иштеп туруп кайра жумушка орношобуз деген ойдо болушкан. Мен бүгүн ким жумуштан кеткен болсо, аларды кайра жумушка албагыла деп айттым. Ал эми “Ош шаар сууканал” кызматынын жетекчисинин орун басары эмгек өргүүдө экен ал жумушка кайтканда арызын жазып иштен кетет. Шаарда биз жергиликтүү бийлик шайлоону мыйзам талабына ылайык өткөрүшүбүз керек. Мисалы, 2020-жылдагы шайлоо да ушундай шалаакылык, башаламандык айынан болгон. Ош шаарында мындайга жол бербешибиз керек ”, - деген Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигенов.

Шайлоо өнөктүгүнө учурда көз салып турган Керим Макеев тиешелүү кызматтар мыйзам бузууларды дароо аныктап, чара көрүшү керектигин айтууда.

Керим Макеев.
Керим Макеев.

"Боршайком жана укук коргоо органдары качан гана коомчулукта ызы-чуу болуп мамлекеттик кызматкерлер видеого түшүп, аны кимдир бирөө чыгаргандан кийин реакция кылып жатат. "Тигинден бата алдым" же "бул мени колдоп жатат" деген сөздөр тараганда эле ордуна коюш керек эле. Демократиялуу мамлекетпиз деген менен БШК, ИИМ эркин иштей албай жатат. Дагы деле жогору жактын оозун карап тургандай сезилет да. Алар өз алдынча эркин иш алып барганда мындай окуялар болмок эмес".

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Шамалды-Сай шаарында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшыруу иш-чарасында Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын айтып, шайлоо өнөктүгүнө катышып жаткан талапкерлерге кайрылуу жолдогон.

"Урматтуу талапкерлер, эгерде кимдир бирөөңүздөрдө элди дагы сатып алайын же элди дагы алдап добуш алайын деген аракеттериңиздер болсо, биз мыйзам чегинде чара колдонобуз. Мындан ары шайлоолор таза болушу керек. Таза адамдар шайланышы керек. Жогорку Кеңеште болобу же мамлекеттик кызматта болобу, таза адамдар иштеши керек. Бирөө бирөөгө жардам берип же мамлекеттик кызматкерлер жардам берип, шайлоого катышпашы керек", - деп эскерткен Ташиев.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында өтөт. Жалпысынан үч округда 29 талапкер ат салышат, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

Мандаттан кол жууган депутаттар

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда - диплом чыры, кылмыш ишине байланыштуу же өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин бир нече депутаты мандатынан ажыратылган. "Азаттык" алардын айрымдарынын таржымалына токтолду.

  • Боршайком 2022-жылы 20-январда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Орозайым Нарматованы мандаттан ажыраткан. Мындай чечимге Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.
  • Бишкек шаарынын №26 Ленин округунан депутат болуп келген Жаныбек Абиров 2023-жылдын март айында өзү жазган арызына байланыштуу мандатынан ажыратылган. Буга анын борбор калаадагы ресторандардын биринде мушташка катышканы себеп болгон.
  • "Альянс" фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2023-жылдын 6-июлдагы отурумунда мандатынан ажыраткан. Буга анын 2016-жылы жогорку окуу жайдын дипломун мыйзам бузуу менен алганы негиз болгону айтылган.
  • "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Фархат Исмаиловду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2023-жылдын 6-июлдагы отурумунда мандатынан ажыраткан. Буга да диплом чыры себеп болгон.
  • 2023-жылы 26-августта Бишкектин административдин соту Ноокат районунун бир мандаттуу округунан депутат болуп келген Өмүрбек Бакировду депутаттык укугунан ажыраткан. БКШ буга анын шайлоо маалында добуш сатып алганы себеп болгонун жүйө келтирген.
  • Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйыл 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынан шайланган депутат Эмил Жамгырчиевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда өз арызынын негизинде токтоткон. Ага чейин ал "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген негизде кармалып, бошотулган.
  • 14-февралда 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев депутаттык мандатын тапшырган.
  • 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыраткан. Буга алардын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы себеп болушу мүмкүн экени айтылган.
  • 28-февралда №21 Талас шайлоо округунан депутат Бактыбек Чойбековдун мандаты алынган. Буга Бишкек шаарынын административдик сотунун борбор калаанын мурдагы мэри, Ысык-Көл облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырганы себеп болгон.
  • Райымбек Матраимов менен байланышы бары айтылган депутат Шайлообек Атазовдун мандатын Бишкектин административдик соту 1-мартта жокко чыгарган. Атазов 27-апрелде мандаты алынганына байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку сотко кассациялык даттануу жолдогону белгилүү болду.
  • Матраимовдорго жакын экени айтылган депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин БШК 13-мартта кабыл алган. Чечимге Осмоновдун мандаттан баш тартуу боюнча арызы негиз болгон.
  • “Ишеним” партиясынан депутат Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Ага чейин ондогон үлүшчүлөр Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан.
  • 23-апрелде БШК Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтоткон.
  • Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алган. Чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у колдогон.
  • 27-апрелде БШК тергөө абагынан чыккан Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратты. Жети айдан бери камакта отурган саясатчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан 26-апрелге оогондо, түнкү саат 12ден кийин чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG