ишемби, март 28, 2015 Бишкек убакыты: 17:13

Түз эфирдеги талкуу, 08:30-09:00, 27.03.2015

БУУнун өнүктүрүү программасынын демилгеси менен "Азаттык" радиосу жаңы видео сынак жарыялайт. 



Ыңгайсыз суроолор

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
Саясатташкан сауналар (1)i
|| 0:00:00
...  
🔇
X
24.03.2015
Бүгүн кыргыз коомчулугунда сауна дегенде көпчүлүктүн эсине мончодогу ысык буу эмес, денесин соодалаган кыздар жана капчыктуу аткаминерлер түшөт. Мунун да жөндүү себеби бар. Анткени мына минтип шаар түн жамынганда сауна деп аталган жайлар чыныгы жүзүн ачат. Бүгүн биз көмүскөдө аткаминерлер ээлик кылган Бишкек жана Ош шаарындагы сауна-мейманканалар тууралуу сөз кылабыз.

"Азаттык"+

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
Кургак учук акыркы өкүм эмес (1)i
|| 0:00:00
...  
🔇
X
25.03.2015
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча секунда сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Кыргызстан кургак учук боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 2-орунда жана илдеттин оор түрү катталган 27 өлкөнүн катарына кирет. Кыргызстанда бул дарт менен 5 жарым миңге чукул киши каттоодо турат. Алардын ичинен кургак учуктун оор формасы менен 3 миңден ашык киши ооруйт.

Биздин тарых

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
  • Кемел Сооронбаев 1936-жылы Токмоктогу айыл-чарба техникумун алгачкылардан болуп бүтүргөн жана Тоң районундагы Тоң совхозунда биринчи айдоочу болгон. Тоңдуктардын баары аны "Шоопур аке" деп аташчу. Бул автомашина ошол кездеги атактуу "Полуторка". Аны Кемел Сооронбаев 1936-жылдан 1942-жылдын май айына чейин айдаган. 1942-жылы майда армияга чакырылып, согушта Дон суусунун жээгинде 711-аткычтар дивизиясынын катарында аткыч болуп кызмат кылган. 1942-жылы ноябрда бутунан оор жарадар болуп, Саратов шаарында госпиталда эки ай жатып, 1943-жылдын февраль айында "согушка жараксыз" деп демобилизация болот. 1943-жылдын март айынын аягында эки ай жол жүрүп, араң үйүнө жеткен. 
  • Бирок бутун чөп менен дарылап айыктырып, 1944-жылдын март айынан 1945- жылдын 1-майына чейин кайра айдоочу болуп иштеп жүргөндө экинчи жолу, 1945-жылы 9-майда согушка чакырылат. Фронтко камынып жатканда Жеңиш жарыяланып калат. Кемел Сооронбаев согуш мезгилинде алган жаракатынын кесепетинен буту кийин да ооруп жүргөн. Ошондой эле согуш жылдарындагы оор күндөрдө пайда болгон астма оорусунан улам 1985-жылы каза болот. Сүрөттө анын өз колу менен сүрөткө жазган латынча эскертүүсү.   
  • Кудайберген Жолалиев (солдо) 1923-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө айылында төрөлгөн. 1942-жылы согушка кеткен. Майданда 1943-жылы курман болуп, Сталинград (азыркы Волгоград) облусуна караштуу Куйбышев районундагы Степановка кыштагында жерге берилген деген маалыматтар бар. 
  • Дүйшөн Жамгырчиев ​Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. 1939-жылы армияга, кийин согуш башталганда андан ары майданга кеткен. Ошону менен  кабарсыз. Кара кагаз, кат кабар да келген эмес. Согушка чейин жети класстык билими жана айдоочулук күбөлүгү болгон. Үйлөнө элек кезинде согушка кеткен экен. 
  • Дүйшөн Жамгырчиев (оңдо). 

Онлайн шерине

Назарда

Дүйнөнүн ар кыл тарабында жашаган мекендештер турмушунан кабар алыңыз