Орусиянын күчтөрү соңку суткада Украинанын аймактарына «Шахед» дрондору, зениттик жана канаттуу ракеталар менен 31 ирет сокку урду. Украин президенти кайрадан эл аралык коомчулуктан курал-жарак сурады. Президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин иштетүү боюнча кайрадан билдирүү жасап, аны иштетүүдө экологияга коркунуч жаралбай турганын айтты. Казакстанда союз учурунда коюлган дагы бир нече конуштардын аттары өзгөртүлөт. Коңшу өлкөнүн бийлиги төрт жылда 3 миңдей конуштун атын казакчага алмаштырууну көздөп жатат.
Борбор Азия
жума 23 Февраль 2024
Орус аскерлери Украинанын бир нече аймагына 31 жолу «Шахед» дрондору, С-300 зениттик жана канаттуу ракеталары менен сокку урду. Украин президенти Владимир Зеленский эл аралык коомчулукту Орусиянын агрессиясына каршы чогуу күрөшүүгө чакырды. Орус президенти Владимир Путин армияны курал-жарак менен камсыздоо кыйла жакшыра баштаганын билдирди.