Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ош: бир талапкердин үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалды


Ошто шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоого 800дөн ашык милиция кызматкери тартылган.
Ошто шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоого 800дөн ашык милиция кызматкери тартылган.

Бир мандаттуу Ош округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо шаардык ички иштер башкармалыгына беш арыз түштү. Милиция анда “шайлоо тилкелеринде күмөндүү жарандар жүргөнү жана алар акча таратышы мүмкүн экени” тууралуу шек саноолор жазылганын кабарлады.

Шаардык милиция 27-апрелде Ошто талапкерлердин биринин үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалаганын маалымдады, бирок азырынча толук маалымат бере элек.

Расмий маалыматка ылайык, добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту 800дөн ашык милиция кызматкери камсыздап жатат. Буга элдик кошуундар, ошол аймактагы ички иштер органдарында иштеп, эмгек өргүүгө чыккан ардагерлер да тартылган.

Баткен жана Кара-Суу шайлоо округунда милицияга түшкөн арыз-даттануулар тууралуу азырынча маалымат жок.

Добуш берүү күнүн утурлай ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоодо мыйзам бузууга жол берген жетекчилерге жана кызматкерлерге чара көрүлөрүн эскерткен. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG