Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Борбор Азия

Алматы: Шинжаңдагы жакындары үчүн 300 күндүк күрөш
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:32 0:00

Атайын кызмат экс-бажычы Райымбек Матраимовдун 3 млрд сомдон ашык кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөнүн билдирди. Украинанын Авдеевка шаары Орусиянын чабуулдарынын негизги бутасына айланды. Айрым маалымат булактары шаар Орусиянын карамагына өткөнүн жазса, украин тарап кармаш күчөгөнүн билдирүүдө. Орусияда Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарынан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы кабарланды. Алар баңгизат сатууга шектелүүдө.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө. Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин Астанадагы Улуттук музейдин кире беришинде турган чоң айкелин оодарышты, эски оокаттан бетер жер төлөдө тыгылды. Ушул жылдын казакча каңтар (январь) айында Казак улуттук аскер университетинин астанасындагы Нурсултан Назарбаевдин статуясы кампадан орун алып, экс-президенттин ысымын алып жүргөн окуу жайынын аталышы да өзгөргөн. Мурдагы жылы Казакстандын борбору Нурсултан ысымы кайрадан Астанага алмаштырылган эле.

2022-жылдын башында Талды-Коргондогу эстелигин аянтка чыккан көпчүлүк кулатып салган. Ошол эле жылы Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” маданий борборундагы Назарбаевдин бюсту алынган болчу. Назарбаев бийликте экенинде орнотулган айкелдердин өзүнүн көзү тирүү кезинде кулап отурушу оор трагедия, кымбат сабак.

Айрым саясат талдоочулар мындай окуяларды “деелбасизация” процессинин башталышы деп да сыпаттап жиберишти. Ушул окуяларга удаа эле президент Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарынын мурдагы мэри, Алматы облусунун башчысы, казак парламентинин депутаты, министр сыяктуу абройлуу кызматтарды аркалаган, Назарбаевдин бир кездеги үзөңгүлөшү болгону менен Назарбаевдин бетке айтма оппоненти катары таанымал Заманбек Калабаевич Нуркадиловду көрүнүктүү инсан катары баалап, ага арнап Алматыда, киндик каны тамган Кеген жеринде эстелик орнотуу ниетин коомчулукка билдирди.

Заманбек Нуркадилов 2004-жылы жазында министр кезинде Назарбаевди сындап, ачык кат жазып, ага кызматтан кетүүнү сунуштайт. Албетте, Нуркадилов дароо кызматтан бошотулат. 2005-жылы жайында эл алдында “узурпатор Назарбаев президенттик шайлоого катышпоого тийиш, анын жакындары жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөн, коррупциялык иштерин коргоого гана умтулган клан” деп сүйлөйт. Андан көп өтпөй, 2005-жылы күзүндө жүрөгүнө жана башына атылган үч октон каза болгон. Расмий бийлик элге абройлуу оппозиционер саясатчынын өлүмүн суицид деп түшүндүргөн. Ошону менен бүтчүбү, катыгүн. Бүтпөйт тура. Оомал-төкмөл замана, чиркин! Эми минтип Назарбаевдин айкелдери атка сүйрөтүлүп кулатылып, анын анык оппонентине эстелик орнотулганы турат.

Назарбаевдин эң күчтүү жана кашкөй каршылаштарынын бири Заманбек Нуркадиловди эскерүү аземине туштай президент Токаев анын кызына жазган расмий катында “тарых баарына тараза” деген кыргыз менен казакка орток макалды келтирет (Астана. 14-январь. КазТАГ).

Эми Назарбаевге ачык каршы чыккан саясатчынын өлүмүн кайра жакшылап иликтеп чыкса, анда далай сырдын башы ачылмагы, аны менен кошо ошол кездеги кызматтагылардын бир тобу үчүн шойкомдуу процесстердин башталмагы турулуу иш. Ооба. Назарбаевдин казак эли, Казакстандын эркиндиги, суверенитети, социалдык-экономикалык өнүгүшү, эл аралык аренада таасири үчүн эмгеги зор. Ал башкарган доордун күңгөйү да, тескейи да болгондур.

Кезегинде тарых өзү таразалайт, дүйнөлүк масштабдагы лидер Нурсултан Назарбаевдин эмгеги калыс бааланат деп ишенип туралы. Бирок да кыраакы саясатчы, нечен тарыхты билген жарыктык Нураке негедир тарыхтан сабак албаптыр, көптү түшүнгөн кексе өкүмдар пендечиликке алдырган окшобойбу.

Медиа мейкиндикте баяндалган ушул окуялар ар нерсени ойго салат. Эзелки тема кечээ бүгүн кайра жаңырып, алда-кайда алыста эмес, бу коңшу жерде, көйкапта эмес, бир тууган элде болуп жаткандыктан, өлкө башчыларынын эстелиги жана ысымдарын жер-сууга, коомдук жайларга ыйгаруу маселеси оор саясий проблема экенине да бир ирет ынанабыз.

Универсал көрүнүш. Тээ байыркы доорлордон бери улам кийинки өкүмдарлар өзүнөн мурдагыларга арналган түркүн айкелдерди кыйратып, шаар-калаалардан алардын ысымдарын өчүрүп, өзүнүкүн, жакындарыныкын же өзүнө жаккан ысымдарды жаздырып келгени тарыхта белгилүү. Кийинкилер мурдагылардыкын кыйратмай адаты күч. Империя түзгөндөрдүн, мамлекет курап, шаар түптөп, калаа курган тарыхый инсандардын айрымдарынын гана ысымдары калды. Мисалы? македониялык Александрдын атынан кезегинде отуздан ашык шаарлар аталган (Александрия, Александрия Эсхата, Александрия Маргиана ж.б.). Экөө гана калды - Египеттеги Александрия шаары бар жана ал арабча бир аз трансформацияланып, Аль – Искандария деп аталат), экинчиси АКШдагы Александрия шаары. Борбор калаа да болуп кала жаздаган, империяны элестетет, биз жаңы мамлекетпиз деп Американын негиздөөчүлөрү бул идеядан баш тарткан.

Рим императорлору Цезардын, Августтун ысымы ыйгарылган шаарлар да арбын болгон, бирок кийин алар эски аттарына кайткан. Мисалы Цезареа-Август (азыр Сарагоса, Испания), Юлий-Фелис (азыр Синоп, Түркия), Прима-Юстиниан (азыр Скопье, Македония), Диоклетиан-Палатиум (азыр Сплит, Хорватия) ж.б. Ал эми Колумбия, Америка, Магеллан кысыгы, Кук тоосу, Амундсен деңизи, Беринг кысыгы, Ливингстон шаркыратмасы сыяктуу жер-суу атттары мемориалдык топонимдер тобуна кирет да ушул жерлерди биринчи ачкан саякатчылардын, окумуштуулардын эмгегин чагылдырат. Айырмасы ошол доордо ошол жерлерди, аймактарды ачканы үчүн өзүнөн өзү ыйгарылган.

Ал эми идеологиялык, саясий негиздеги коюлган ысымдар кайра өзгөртүлгөнү анык, сөзсүз өзгөрмөгү турулуу иш. Даяр өлкөгө бийликке келип, белен нерсени ээлеп калган ишмерлердин атынан аталган шаарлар, географиялык объектилер дээрлик калбаганын, калышы кыйын экенин мурда да учкай кеп кылган элек. Тарыхчы, француз революциялары боюнча адис Лорис Шаванеттин ою боюнча француз революциясы азыркы “декультурация” процессине жол ачты дейт. Ага чейин эле боло келген көрүнүш. Нобель сыйлыгынын 1921-жылдагы лауреаты Анатоль Франс, “Боги жаждут” деген чыгармасында укмуш сүрөттөмө бар:

“На фасаде, составленном из двух классических орденов, украшенном опрокинутыми консолями и артиллерийскими ракетами, пострадавшем от времени, потерпевшем от людей, религиозные эмблемы были сбиты, и на их месте, над главным входом, черными буквами вывели республиканский девиз: “Свобода, Равенство, Братство или Смерть”.

Француз революциясынын лидерлеринин бири Максимилиан Робеспьерге анын Дантон, Сен-Жюст сыяктуу үзөңгүлөштөрү, "Карачы, эл бизди кандай кубаттап, колдоп жатат" - деп сыймыктанышса, "Шашпагыла, ушул эле эл эртең биздин башыбызды алганда мындан да катуу сүйүнөт" деген экен. Арадан аз убакыт өтпөй, чечекейи чеч болуп кубанган элдин көзүнчө Робеспьер жана анын үзөңгүлөштөрүнүн, андан кийин алардын башын алгандардын баштары баталгага коюлат. Француз революциясы жеңишке жеткенде монархиялык режимди элестеткен, туюнткан эстеликтер кыйратылып, символдору тыптыйпыл талкаланат. Ал тургай календарды өзгөртүүгө даашкан. Бирок ашкере революциячыл өзгөртүүлөр узак дооран сүрбөдү.

Тарыхый ысымдар кайрадан калыбына келди, революциянын символдорунун көбү архивге ооду. Социалисттик революциядан кийин большевиктер өз идеологиялык идолдорун туташ орнотту.

Императорлордун статуялары постаменттерден кулатылып, ал тургай 1812-жылдагы Ата мекендик согуштун каармандарынын мемориалдары бузулду. Бийликке келген компартия (большевиктик) падыша жана анын кызматчыларынын эстеликтерин жок кылуу тууралуу декрет чыгарып, социализмдин идеологиялык символдорун орнотууга киришти.

Падышачылык Орусиянын жана Орусия каратып алган өлкөлөрдөгү жана аймактардагы “эски” эстеликтер талкаланып, социалисттик идеологияны туюнткан эстеликтер көрүнгөн жерге орнотулду. Географиялык аталыштар коммунистчил ысымдарга айырбашталды. Анан XX кылымдын соңунда СССР кыйрап, социалисттик лагерь ыдыраганда “декоммунизациянын” арааны жүрдү.

Репрессиялагандардын эстеликтери репрессияланды. Эстеликтер куугунтукталды. Эски идеологиянын айкелдери массалык түрдө жок кылынып, топонимикалык селкинчек кайрадан тебиле башталды. Чыгыш Европада бул процесс абдан катуу жүрдү. Декоммунизациянын мамлекеттик программалары иштелип чыкты, советтик, социализмди символдоштурган эстеликтерди кыйратуу планы бекитилди, атайын мыйзамдар кабыл алынды. 33 жыл мурда башталган процесс токтой элек.

Былтыр эле Европа Шериктештигине (EU) кирген мамлекеттерде пландаштырылган 300 эстеликтин ордуна, Советтер Союзуна байланыштуу делген 3200 эстелик талкаланды. Анын ичинде Европаны фашизмден куткарган аскерлерге, 2-дүйнөлүк согуштагы советтик аскерлерге байланышкан эстеликтер, монументтер, мемориалдык белгилер ж.б. объектилер жок кылынды.

Болуптур дейли, Чыгыш Европадагы эстеликтерге жана социалисттик топонимикага карата куугунтукту “декоммунизация” менен түшүндүрөлү. Ал эми кечээ башталып, күүсүнөн жана элек процесстерди кантип атайбыз да кай тарыхый, укуктук, саясий, маданий муктаждык менен түшүндүрөбүз?

Демократиянын тиреги эсептелген Америка Кошмо Штаттарында эстеликтерге каршы француз революциясынан же большевиктер бийликке келген замандагыдай эле жаалы күч күрөш жүрдү. 2017-жылы Америкада Жарандык согуштун каармандарынын айкелдери, Конфедерациянын мемориалдары талкаланды. Вашингтондо кулчулукка каршы мыйзам чыгарган, америкалык кулдарды эркиндикке чыгарган Авраам Линкольндун эстелигин анын жапайы урпактары мазактады.

Европада, айрыкча Улуу Британия, Франция, Бельгия сыяктуу өлкөлөрдө колониалдык доорду элестеткен мемориалдар массалык кыйроого туш болгонуна дүйнө күбө болду. Парадокс ушунда турат экен, Франциянын бир кездеги ээлигиндеги Фор-де-Франс шаарында дал ошол колониядагы элдердин укугу үчүн күрөшкөн Виктор Шельшердин статуясын бейбаш топ ураалап кулатты. Бир кезде нацисттер француз ишмерлеринин эстелигин кыйратса, эми француздардын кийинки мууну өз улуттук каармандарынын эстелигине кол салды. Европанын лидерлеринин дээрлик бардыгы кой-айга жараганы жок, болуп көрбөгөндөй вандализмди тыя албады, бийлик үчүн, флешмоб коомдук пикирдин урматына тарыхый аң-сезимди садага чапты.

Мындан Франциянын президенти Макрон гана үн катып, каяша кылганга жарады, калганы чүмкөнүп жатты. АКШ менен Европа лидерлеринин тарых алдында мындай бейжоопкерсиздигин өткөндөн кутулуп, жаңыга умтулуу деп да атай албайбыз. Саясий алсыздык, утурумдук митаамдык деген аныктама туура го. Акылман Уинстон Черчиллдин “Мамлекеттик ишмердин саясатчыдан айырмасы – саясатчы шайлоочулардын көзүн караса, мамлекеттик ишмер келечек муунга карап иш кылат” деген накыл кеби эрксизден ойго келет.

Жаңылышсам жакшы болмок, бирок саясатчылар тарыхтан сабак алмагы оор проблема көрүнбөйбү. Өзүн айга-күнгө теңөө, өзүнүн жана жакындарынын атын түбөлүккө калтыруу аракети оңбогондой азгырык окшобойбу. Алардын тилегине каршы, андай болбойт экен. Кылган ишинин оң же терс натыйжасы калат, алтындан эстелик өкүмдардын же анын жакындарынын чыныгы образын чагылдырбайт экен.

“Я памятник себе воздвиг нерукотворный,
К нему не зарастет народная тропа,
Вознесся выше он главою непокорной
Александрийского столпа”,
- деп император эмес, акын Александр Пушкин таасын белгилегендей, улуулардын чыгармалары түбөлүк. Анан да кокус бийликке келген айрымдардын Пушкиндин мекенине атайы барып, ушул ырдын эки сабын түзүктөп айта албаган учуру элдин эсинде көпкө сакталат, жармачтыктын ылакабына айланат.

Буга байыркы доордон берки, ичтеги жана тыштагы, алыс-жууктагы мисалдар арбын. Далайды билген, бийлик жана байлык талашта алчы-таасын жеген ак каптал куулардын көбү, не бир айлакерлер айрым маселелерге келгенде, айрыкча тарых сабактарына карата акыл-эстен ажырап, иррационалдуу пендеге айланмагын түшүнүү кыйын, бирок мүнөздүү көрүнүш.

Байыркы Шумер цивилизациясына таандык жазма баяндарда Гильгамештин сөөгү да жердин жети катмарына бекем катылган имиш.

Манастын сөөгү кайда коюлганы белгисиз. Эпосто Манастын келбесине кетер алдындагы “көргөн-билген болбосун, кеңеш салып Бакайга, билингис жерге көмө көр” деген керээзине ылайык, Каныкей баатырдын сөөгүн Эчкилинин тоосуна бекем жашырып, үстүнөн суу чуркатып салган (“Манас”, III том, 292-303-б). Эпостун баардык вариантында айкөл Манастын сөөгү жашыруун жерге коюлганы баяндалат. Мунун терең мааниси бар – асылдын сөөгүн душмандар кордобосун, көрүнгөн киши бейчеки эрмектебесин, сыр купуя бойдон калсын, ачыкталган нерсе сакралдуу болуудан калат, пенденин колундагы кадимки нерсеге, кадыресе затка айланат.

Чыңгызхандын “көккө жаны учуп”, көзү өткөн соң сөөгү атайы жашыруун жерге коюлган (“Сокровенное сказание монголов”, -М, 2002, 144-б.). Ошол күндөн ушул күн кайран Арстанбек Буйлаш ырдагандай, “кайраты тоону бузгандай, кашыгы көлдү сузгандай, кабары күнгө кеткендей, жылдызга колу жеткендей” кудуреттүү хандын коюлган жери алигиче табышмак. Таба албай түңүлдүбү, табылбай калганы дурус дедиби, не улуу кагандын осуятын акыры түшүндүбү, айтор Монголиянын өкмөтү жакында эле Чыңгызхандын сөөгү көмүлгөн жерди тапмакчы болгон сөөкзар экспедицияларга расмий түрдө тыюу салды, непадам колго тийсе ар бир жилигин рентген менен карап, тинтүүр менен чукулап, жанында кошо жүргөндөй саймедиречилер кошунун жаратмагы анык издөөнү токтотту.

Бийлик ээлери өзүнүн жана жакындарынын ысымын жер-сууга, социалдык-экономикалык жайларга ыйгарууда, түбөлүккө калчудай өзүнө айкелин орнотууда, ишмердүүлүгүн даңазалоодо көөнө тарыхты, өтмүш менен болмушту, айлана-тегеректеги мисалдарды эске алмагы абзел бейм, аныгында. Президент С.Жапаровдун жарлыгы менен мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн комиссия башка маселелер менен катар ушул проблемага да көңүл бөлмөгү оң.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG