Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:22

Фу-Йү кыргыздары – Шибер кыргыздарынын ажырагыс бир бөлүгү


КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү кыргыздарды изилдөөчү Хэйлуңжаң Кыргыз изилдөө борборунун жетекчиси Ву Жаңжу мырза. Үрүмчү шаары, КЭР. 24.10.2015.
КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетинин Фу-Йү үйөзүндөгү кыргыздарды изилдөөчү Хэйлуңжаң Кыргыз изилдөө борборунун жетекчиси Ву Жаңжу мырза. Үрүмчү шаары, КЭР. 24.10.2015.

Тарыхый Манчжурияда (азыркы КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетинде) байырлап жаткан боордош калк илимде “Фу-Йү кыргыздары” деп аталат. Алар – Шиберде калган кыргыздардын бир бөлүгү. Алар тили жана этностук курамы боюнча бүгүнкү хакастардын да Ыраакы Чыгыштагы туугандары болуп саналышат. Тарыхчынын блогу.

Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын айрым топтору тарыхый далай коңшуларга жуурулушуп кетишкендиги – этнографтар үчүн айныксыз факт болуп саналат.

Алардын айрымдары башка элдердин этностук аталыштарында “кыргыз” уруу аталышы(этноним жана геноним) болуп катталса, айрым учурларда алардан жер-суу аталышы (топонимдер) гана сакталып жеткен.

Маселен, башкырлардын, көчмөн өзбектердин, казактардын, ногойлордун, тывалыктардын, монголдордун ж.б. уруу аталыштарынын арасында “кыргыз” этноними учурайт.

Саха (якут) элинин (илгерки курыкандардын урпактарынын) уламыштарында кыргыздардан бөлүнүп келип туруп калган баба тууралуу да эскерилет.

“Кыргыз” жер-суу аталышы Кырымда да катталган. Айрым жерлерде “Манас” топонимдери да сакталган (азыркы ШУАРда, Өзбекстанда ж.б.).

Бүгүн өздөрүн “алтайлык” деп атаган боордош элде азыркы кыргыз урууларынын аталыштарыныкына окшогон бир нече уруу аталышы бар.

“Манас” эпосунда болсо башка элдердин арасында калып, алардын тилин жана үрп-адатын кабыл алган кыргыз топторунун айкын мисалы катары “Көз камандар” эскерилет. Демек, бабабарыбыз башка элдерге жуурулушуп кеткен тектештер да болгондугун ушул көркөм каражат аркылуу таасын чагылдырышкан.

Бул чакан блогдо Ички Азиянын чыгыш атырабында – Тарыхый Манчжурияда (азыркы КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетинде) байырлап жаткан жана илимде “Фу-Йү кыргыздары” деп аталган боордошторубуз тууралуу айрыкча сөз кылмакчыбыз.

Манчжуриядагы бул кыргыз тобу алигиче өзүн “кыргызбыз” деп атап келгендиги менен өзгөчө айырмалуу.

Фу-Йү кыргыздарынын түркологиялык илимде дайын болушу

Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгыштагы бир өңүрү Кытай аймагына, анын ичинде Кытайдын Ички Азияга таандык чөлкөмдөрүнө да туура келгендигин тарыхтан бардыгы дурус билишет.

Кытай-жапон сонгушу маалында, 1940-жылдары, баскынчы жапондордун арасындагы айрым өкүлдөр манчжурлардын жергесинде өздөрү үчүн жасалма түзгөн “мамлекеттеги” аймактын ар кыл этностук топтору тууралуу да байкоолорун жапондук мезгилдүү басма сөздө чагылдырышкан.

Маселен, 1940-жылы жапондук бир гезитте Хинган тоолорунун атырабындагы чөлкөмдө байырлап жаткан ар кыл этностор саналып өткөн макалада Фу-Йү үйөзүнүн кыргыздары да учкай эскерилген.

Ал эми 1943-жылы дарыгер Тянсун (Tiansun), Ляонин вилайетиндеги Далян шаааарынын (аны мурда орустар “Дальний шаары” деп аташчу) китепканасынан Хе Тянчиңг (He Tianqing) жана Ву Тянхао (Wu Tianhao) деген үч адистен турган жапон изилдөө тобу Манчжуриядагы монголдорду изилдеп жүрүшүп, азыркы Фу-Йү үйөзүнө караштуу аймакка да этнографиялык сапарга болушкан.

Мында алар Фу-Йү (Fu-Yu) жана Вужазы (Wujiazi) кыштактарында өздөрүн монгол деп да, манчжур деп да санабаган түрк тилдүү калкты – жергиликтүү кыргыздарды кезиктиришкен.

Айтмакчы, жогорудагы кытайча “Вужазы” сөзү – жергиликтүү кыргызча “бес иб” (“беш үй”), б.а. “беш бүлө” деген сөздүн сөзмө-сөз которулушу болуп саналат. Ал эми бул кыштактагы кыргыздар чакан беш уруктан таркагандар, делет.

1944-жылы июлда жапон илимпозу Масато Сухара (жапончо 栖原正人, ханзуча Чи Йүан Чженжен / Цзиюань Чжэнжэнь, Qiu Yuan Zhengren) мырза Вужазы кыштагына атайын келип, мындагы кыргыздарды изилдеген.

Ал өзүнө чейин эле кыргыздар тууралуу маалымат берген жапон изилдөөчүлөрүнө шилтеме кылып, 1945-жылы май айында “Кыргыздарга саякат” деген аталыштагы макаласын жарыялаган.

1945-жылдын августундагы ийгиликтүү аяктаган Манчжур чабуулдарынын натыйжасында Советтер Биримдиги бир жылдан ашуун убакытка тарыхый Манчжурияны толук көзөмөлдөп калды.

Дал ушул маалда Кызыл армиянын катарында кызмат өтөп жаткан бир кыргыз жоокери манчжуриялык жергиликтүү чакан калктардын ичинен өздөрүн “кыргыз” деп атаган этностун өкүлдөрү бар экендигин советтик аскер жетекчилигине кабардаган делет.

Бул окуя жөнүндө Фу-Йү кыргыздары да саймедирлеп айтып калышкан.

Маселен, Гундула Салк айым менен Мамбеттурду Мамбетакун мырзага 1997-жылы май айында жолуккан теги фуйү кыргыз болгон Ма Вейшин (Ma Weixin) мындай деп айткан:

“1945-жылы Советтик Кызыл Армия Хэйлунжаңга кирген. Бул аскерлердин ичинде кыргыз жоокерлери да болгон. Алар Вужазыга келгенде, өздөрү жергиликтүү калктын (тилин) түшүнө алышканын байкашкан. Абдан таң калган жоокерлер алардан ким экенин сурашса, беркилер өздөрүнүн “кыргыз” экендиктерин айтышкан.

Бул кызыктуу окуяга аң-таң болгон алиги жоокерлер (советтик) штабга кабарлашкан. Андан кийин бул маалыматты Советтик Кызыл Армиянын (колбашчылары) кытайлык аткаминерлерге кабардар кылышкан. Ошол себептүү алар коомчулукта өздөрүнүн (монгол тилдүү) өлөт тегиндеги коңшуларындай монгол тегинде деп саналбастан, “кыргыз” деп таанылып калышкан”. (Гундула Салк менен М.Мамбетакундун калемдешип жазылган англисче эмгегинен. – 55-б.).

Фу-Йү кыргыздарынын тилин жана этногррафилык өзгөчөлүктөрүн кийинчерээк кытайлык илимпоздор ырааттуу изилдешти. Алардын арасында Йу Йифу менен профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа өзгөчө алкоого татырлык иш аткарышкан.

Советтик түрколог, татар тектүү окумуштуу Эдгам Тенишев Фу-Йү кыргыздары тууралуу Советтер Биримдигинде илимий макала жарыялаган чакта, тилдик жана этнографиялык маалыматты Мухаммед Ху Чжэнхуа агайдан алган.

“Кансыз согуш” маалында Советтер Биримдиги менен КЭР өз ара кастык мамиледе болгон кезең да катталган эмеспи. Мындан улам сырттагы өлкөлөрдөн чек арага жакын Хэйлуңжаң аймагына изилдөө үчүн сапарга барууга дээрлик мүмкүн эмес болгон.

КЭРдеги реформалар жана ачык саясат 1990-жылдарданг тартып бул аймакка да чет өлкөлүк окумуштуулардын келишин жеңилдетти.

1997-жылы май айында германдык кыргыз таануучу, профессор Гундула Салк айым КЭРдеги белдүү кыргыз таануучу, кытай тилин мыкты билген Мамбеттурду Мамбетакундун коштоосу астында КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетине (тарыхый Манчжурияга) илимий саякат жасаган.

Алар мындагы Фу-Йү кыргыздары менен жолугушкан жана Харбин шаарында Кыргыз улутун изилдөө борборунда сакталган олуттуу фолклордук жана архивдик маалыматтарды изилдешкен.

Кыргыз улутун изилдөө борборунун жетекчиси Ву Жаңжу (У Цзянчжу; Wu Zhanzhu) мырза 2002-жылы Кыргызстанда уюштурулган Экинчи Дүйнөлүк кыргыз курултайына да профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа менен бирге келип катышкандыгы эсимде. Кийинчерээк Ву Жаңжу мырза менен Үрүмчүдөгү “Манас” эпосун иликтөөгө арналган эл аралык илимий жыйында да жолуктук.

Ву Жаңжу мырзанын көмөгү менен Гундула Салк жана Мамбеттурду Мамбетакун Фу-Йү кыргыздары тууралуу мыкты маалымат топтоп, биргелешип англисче илимий эмгектер жарыялашты. Ву Жаңжу өзү да эли тууралуу бир катар маалыматтарды жарыялап келди.

Жогоруда ысымдары аталган илимпоздордон тышкары Фу-Йү кыргыздары жөнүндө ханзулар Гэ Жойү (Ge Ruoyu), Чжан Тайсян, Ю Сюэбин (Yu Xuebin), француз Ги Имар, фин Ян Янхунен, хакастар Виктор Бутанаев, Михаил Чертыков, орустар Юлий Худяков, Сергей Скобелев, алатоолук кыргыз илимпоздорунан тарыхчылар Абылабек Асанканов, Муратбек Кожобеков, Олжобай Каратаев, Кыяс Молдокасымов, Азиза Турдуева, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева, ушул саптардын ээси, тилчи Кадыралы Конкобаев, ж.б. изилдөөчүлөр өз эмгектеринде эскеришкенин кошумчалай кетелик.

Фу-Йү кыргыздарын мыкты иликтеген Ву Жаңжу жана Мухаммед Ху Чжэнхуа агайларга алардын көзүнүн тирүүсүндө сый-урмат көрсөтүп калышыбыз зарыл.

Фу-Йү кыргыздары – шибердик кыргыздардын бир бүртүгү

Биз кыргыз таануу илиминде Энесай, Алтай, жалпы Шибер жана Ички Азияга байланыштуу ырааттуу колдонуп келе жаткан кош термин бар.

Анын бири – “Энесай кыргыздары” термини.

Бул термин б.з. V – XIII кылымдарды шарттуу камтыйт. Бул доордогу энесайлык жана ички азиялык кыргыздар кийинки бардык кыргыз топторунун орток ата-бабасы болуп саналышат.

Ал эми XIV кылымдан кийин дагы Энесайда жана ага чектеш шибердик чөлкөмдөрдө кала берген кыргыздар дини боюнча шаман бойдон калышкан. Алардын өкүлдөрү Шиберде Кыргыз улусун негиздешкен. Бул Кыргыз улусунун саясий тарыхы 1703-жылдагы (XVIII кылымдын башындагы) каргашалуу окуялар – Шибер кыргыздарынын саясий элитасынын Жуңгар хандыгы тарабынан Тарбагатайга күчтөп көчүрүлүшү менен аяктаган.

Азыр бүйүр кызытып сөз кылынып жаткан Эренак бек (аны алтайлыктар Жарынак деп да аташат экен) – дал ошол шибердик кыргыздардын өкүлү. Муну Эренакты теңир-тоолук мусулман кыргыздардан ары түртүү үчүн эмес, тарыхый жана этнологиялык факт катары жазып жатабыз.

Фу-Йү кыргыздары да өздөрүн Эренактын нагыз урпактары катары санай алышат. Азыркы хакастар, ошондой эле айрым алтай, шор, тыва, телеңүт элдерине жуурулушкан шибердик кыргыз урууларынын урпактары дагы Эренакты өз бабасы санай алышат. Бул бек – шамандыкта калган шибердик кыргыздардын жана аларга өз тарыхы байланган Шибер, Темирчи Ала-Тоосу жана Алтайдагы бир катар түрк элдеринин орток бабасы.

Албетте, Фу-Йү кыргыздарынын тарыхы – жалпы кыргыз тарыхынын ажырагыс бөлүгү. Дал ошондуктан алардын тилин, этнографиясые жана тарыхын изилдөө – 1989-жылдын сентябрынан бери Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин планында расмий катталып келет.

Ошону менен катар эле Теңир-Тоодо X кылымдан тартып акырындап ислам динин кабыл алган кыргыздардын тарыхы XIII – XIV кылымдардан тартып өз алдынча кыргыз бутагы катары мыйзамдуу түрдө каралып келет.

Кийинки блогдорубузда да Фу-Йү кыргыздары тууралуу кеп куруп турмакчыбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG