19-февралда орус аскерлери Украинанын Авдеевка шаарындагы ири химиялык заводду толугу менен өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Муну менен алар бул багыттагы ийгилигин бекемдөөгө жетишти. Орусия коңшусуна каршы согуш баштаганынын эки жылдыгы алдында украин жоокерлери таш-талканы чыккан шаарды калтырып кеткен. Ал тапта Донецк облустук прокуратурасы Авдеевкада куралсыз украиналык согуш туткундарын өлтүрүшкөн деген маалыматты текшере баштады.
Борбор Азия
дүйшөмбү 19 Февраль 2024
Орус аскерлери Авдеевкадагы ири химиялык заводду толугу менен көзөмөлүнө алганын билдирди. Орусия Украинага каршы согуш баштаганынын эки жылдыгы алдында украин куралдуу күчтөрү таш-талканы чыккан шаарды калтырып кеткен. Орусияда түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантууга убада берди. Бир нече депутат “экс-бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар болгону үчүн мандатын тапшырышы керектиги” тууралуу сөздөргө жооп кайтарды. Алар Матраимовду тааный турганын, бирок жакын мамилеси болбогонун билдирүүдө.