Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Тажик ТИМи Москванын аэропортторунда миңдей жараны кармалып турганын билдирди


Москвадагы "Внуково" аэропорту.
Москвадагы "Внуково" аэропорту.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 27-апрелде Москванын аба майдандарында кармалып турган тажик жарандары тууралуу билдирүү таратты. Министрликтин маалыматына караганда, Москвадагы "Внуково" аэропортунда ушул тапта 954 тажик жараны турат. Арасында Орусиянын аймагында билим алып жаткан студенттер да бар.

Көп убакыт күтүүдөн кийин "Внуково" аэропортунан 322 адам Орусиянын аймагына киргизилген. Бирок орус тарап алардын 306сын депортация боло тургандардын тизмесине кошууну көздөп жатат деген маалымат бар. Буга чейин 27 киши Орусиядан чыгарылган.

"Мындай чектөө чаралары бир гана Тажикстандын жарандарына тиешелүү болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Анда Москвадагы "Жуков" жана "Шереметьево" аэропортторунда да тажик жарандары эч кандай шарт, тамак-ашы жок кармалып турганы айтылат.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеменин сайтында 27-апрелде жарыяланган билдирүүдө өтө зарыл, чукул гана иш чыкса баруу керектиги жазылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ишембиде казак-орус чек арасындагы кезек күтүүлөр, тажик жарандарына карата тыюу салуулар тууралуу комментарий берип, "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин террордук коркунуч уланып жатканын, буга байланыштуу орус-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирген.

Ал Орусиянын аймагына кирген чет элдиктер жарандыгына карабастан кылдат текшерилерин айткан.

Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияга 650 миңден ашык адам кеткен. Бул өлкөдө тажик мигранттары саны жагынан Өзбекстандан кийинки экинчи орунда турат.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG