Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:41

Борбор Азия

Бешикке бөлөө жөрөлгөсү
Кыргыз элинин бешикке бөлөө жөрөлгөсүнөн бир көрүнүш. Чоң эне наристени бешикке жаткырууга камданууда.

Кыргыз элинин салт-каадасында жана ырым-жырымдарында сакталып калган айрым көрүнүштөр исламга чейинки доордун мурастарына барып такалат. Буга Умай энеге карата ишеним жана бешикке байланыштуу ар кыл жөрөлгөлөр да кирет. Тарыхчынын блогу.

Умай эне жана чүрпөнү сактап калууга байланыштуу ишеним

Жалпы түрк элдеринде (анын ичинде кыргыздарда) Умай энеге болгон ишеним тээ алмустактан келген.

Умай тууралуу маалымат орто кылымдардын эрте мезгилиндеги битик (руна сымал) жазмаларында да эскерилген.

Балким, тереңинде, ал эң байыркы матриархат доорунан бери учук улаган диний ишенимдердин бири болушу ыктымал.

Адамзат үчүн эне ымыркайлы төрөп гана тим болбосон, аны андан ары телчиктирип, тарбиялап өстүргөн аруу киши болгон. Албетте, эне менен баланын коргоочусу катары элестелген кудайлар да болгон. Алардын ичинен көптөгөн түрк тилдүү калктар үчүн исламга чейинки доордо кеңири таркалган орток кудай – Умай эне болгон.

2023-жылы күзүндө жаш этнограф Элдербек Станбек уулу Умаралиев (илимий жетекчиси – профессор Олжобай Каратаев) Умай энеге болгон ишеним тууралуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Элдербектин диссертациялык иши Умай энеге карата ишенимди кыргыздардын салттуу маданиятынын контекстинде терең иликтөөгө багытталган эң алгачкы комплекстүү этнографиялык изилдөө болуп калды. Бул иште байыртадан бери эле кишилердин кыялында сакралдуу (“ыйык”) кабыл алынып келе жаткан Умай эне тууралуу диний ишенимдин келип чыгышы жана бул ишенимдин эволюциясы атайын изилденген. Эмгекте илгерки кездердеги Умай эненин бейнеси, анын мартабасынын жана жана Умай энеге байланыштуу ишенимге жүктөлгөн кызматтардын өзгөрүү жана өнүгүү жагдайлары ачылып көрсөтүлгөн.

Умай энеге карата ишенимдин өнүгүү баскычтары жөнүндө башка да түркологдордун этнографиялык изилдөөлөрү бар.

Маселен, орусиялык этнограф Леонид Павлович Потапов (1905–2000) белгилегендей, төрөттө аялдарды коргоо жана кичинекей балдарды камкордукка алуу Умай эненин негизги жана өзгөчө милдети.

Экинчи Түрк каганатынын даңазалуу колбашчысы Тонйокукка багышталып тургузулган эпитафиялык эстеликте Көк Теңир, Умай эне, ыйык Жер-Суу чогуу эскерилген, бул текст – Умай эненин орто кылымдардын эрте мезгилиндеги түрк калктарынын кудайлар пантеонуна таандык болгондугун көрсөткөн, деп Л.П.Потапов калыс белгилеген.

Мындан тышкары “умай” сөзү аркылуу жаңы төрөлгөн ымыркайдын тону (плацента), эненин жатыны, оттун кудайы да сыпатталган учурлар да болгондугун, Умай эне жөнүндө идеялар Түштүк Шибердеги жана башка аймактардагы айрым балбалдарда дагы чагылдырылгандыгы жөнүндө этнографтар жазып келишкен.

Энесайдын Алтын-Көл жергесиндеги Кыргыз каганатынын дооруна таандык таш бетиндеги битик жазмасында “Умай бег” (Умай бек) деген ат да чагылдырылган. Турпан ойдуңундагы манихей жана бутпарас диндерин туткан Уйгур ыйык кут (ызыккут) мамлекетинде X кылымга таандык жазма эстеликтерде “изгилик (кылуучу) Умай-каныша” (“edgulug Uma-qatun”) деген сөз айкашы учурайт.

Этнограф Э.Умаралиев баса белгилегендей, азыркы мусулман кыргыздарда дагы Умай энеге байланыштуу ар кыл жөрөлгөлөр сакталып кала берген.

Маселен, Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунну Карамык айылынын тургуну, 70 жаштагы Тотуя Тилекбаева апанын этнограф Э.Умуралиевге айтканына караганда, челпек (май токоч) жасап, жыт чыгаруу менен Умай энеге арнап шам жагышкан; шам жагуу жөрөлгөсүн төрөт учурунда да аял толготуп жатканда жасашкан.

Кыргыз бешиги
Кыргыздардын бешиктеринин бир түрү. Мындагы оюк күлтүк үчүн даярдалган. 17.04.2021.

“Бешикке бөлөө” сөзү

Умай энеге карата ишеним түрк элдеринин бешикке наристени бөлөө салтында да өзгөчө байкалган.

Ымыркайды бешикке жайгаштыруу иш-аракетин кыргыздар атайын “бөлөө” сөзү менен туюнтушкан.

Демек, ымыркайды бешикке жаткыруу, таңуу, байлоо, жайгаштыруу деп отурбастан, “бешикке бөлөө” деген атайын сөз колдонуу да илгерки убакта бул иш-аракеттин өзгөчө баалангандыгын, анын сакралдуулугун (ыйык мааниге ээ экендигин) чагылдырган болушу ажеп эмес.

Албетте, бул атайын сөздү башка тилдерге которгондо сөзмө-сөз (калька) жолу менен гана которушат. Анын үстүнө отурукташкан калктардагы “бешик” түшүнүгү менен көчмөндөрдөгү “бешик” түшүнүгүнүн өзү да “бала уктай турган атайын керебет” деп окшош мүнөздөлгөнүнө карабастан, жасалыш ыңгайына карата бири-биринен түп тамырына айырмаланат: отурукташкан калктардагы бешик туруктуу (стационардык) эмерек түрүнө кирсе, ал эми көчмөндөрдүн бешиги ат, төө, бугу ж.б. үйрөтүлгөн жандыктарга өңөрүп, журттан журтка ташып жүрүүгө ыңгайлуу аспап болгон.

Эми бул бешиктерди санарип дүйнөсүнө ылайык жакшыртуу аракеттери да жүзөгө ашырылууда.

Серикбол Шаймардан ойлоп тапкан "Акылдуу бешикке" бөлөнгөн наристе.
Серикбол Шаймардан ойлоп тапкан "Акылдуу бешикке" бөлөнгөн наристе. Алматы, Казакстан. 04.1.2014.

Бешик жана шимек

Кыргыздарда бешикке бөлөнгөн бала “чышаалап” койсо, анын сийдигин күлтүккө жеткире турган атайын аспап – “шимек” болгон.

Сөөктөн жасалган бул аспаптын үстүңкү каптал тешиги атайын кыз бала жана эркек бала үчүн дене мүчөсүнө ылайык өзгөчө оюлган.

Алтай-кижи элинде шимектин ордуна бешиктеги астыңкы жаракага ымыркайдын сийдигин агызуу үчүн топоздун кылдары колдонулгандыгын этнографиялык эмгектерден улам билебиз. (Топозду алтайлыктар “сарлык” деп аташат; памирдик кыргыздар “котоз” дешет; Махмуд Кашгари Барскани дагы 1072–1077-жылдарда жазылган эмгегинде бул бийик тоодогу малды “котуз” деп атаган).

Терметүү – тербетүү

Бешикти ары-бери назик кыймылдатуу аракети да өзүнчө термин менен (“терметүү” сөзү) белгиленген. Бул “терметүү” сөзүн кыргыздын ичкилик диалектинде “тербетүү” деген түрдө да айтышат.

Эдил боюндагы татарлар дагы “тербетмек” сөзүн колдонушат. 1907-жылы айтылуу татар айдыңы Габдулла Тукай “Үчүнчү дептер” китебинде фолклор таануу жаатындагы иликтөөлөрүнүн бир үлгүсүн – “Айылдагы аялдын бала терметкендеги тилектери” (“Авыл хатынының бала тирбәткәндә өмидләре”) деген аталышта бешик ырынын текстин жарыялаган.

 Түштүк Корея. Улсан шаарындагы этнофестивалда өзбектердин оюнчук бешиги көрсөтүлдү. 2012.
Түштүк Кореянын Улсан шаарындагы этнофестивалда өзбектердин оюнчук бешиги көрсөтүлдү. 20.5.2012.

Бешик ырлары

Дүйнөдөгү бешик колдонулган бардык эле элдерде энелердин ар кыл бешик ырлары жаралган.

Кыргыздарда көптөгөн бешик ырлары, адатта, “алдей!” сөзү менен башталчу:

“Алдей, алдей, ак бөпөм,

Ак бешикке жат, бөпөм!..”

Жаш этнограф Элдербек Умаралиев да айрым бешик ырларын чагылдырат:

“Баланы бешикке бөлөгөн байбиче эне алдей ырын айтып, бешик ырын ырдайт:

Өө бай, ак бала,

Ак бешикке жат бала.

Бешигиң кептүү болсун,

Ата-энең эптүү болсун.

Энелүүдөн эрке бол,

Өмүрүң узун болсун,

Өрүмүң жайык болсун.

Тукумуң журттан ашып,

Тууганың канат болсун.

Жетимиш жыл жашагын,

Тартпа жоктун азабын.

Билектүүдөн күчтүү бол,

Баатыр болсоң жөлөк бол.

Баарыбызга өбөк бол...”

Алтай элинде бешик ырларын “кабай кожоң” (“кабай кожоҥ”) деп аташкан. Бул ырлар наристени дени сак, бак-таалайлуу өсүшүн тилеген сөздөр менен коштолгон.

Бир өрнөгү:

Аҥ балазын телчиткен

Алты кыпту таш кабай

Акту бойысты чыдаткан

Ада-энениҥ кол кабай.

(Кийик баласын телчиткен // Алты кабат таш бешик. // Күнөөсүз наристени эрезеге жеткирген // Ата-эненин кол бешиги).

Элик балазын телчиткен

Эки кыпту таш кабай

Эмди бойысты чыдаткан

Эне-аданыҥ кол кабай.

(Элик баласын телчиткен, // Эки кабат таш бешик. // Ушул наристени эрезеге жеткирген, // Эне-атанын кол бешиги).

Тÿнде тÿшкен jымыртка

Тÿлÿреп учар куш болор

Тÿÿнчикте jаткан jаш бала

Тÿбин билер эр болор.

(Түндө түшкөн жумуртка, // Төбөлөп учаар куш болоор. // Түйүнчөктө жаткан ымыркай, // Ата мурасын билээр эр болоор).

Караҥуйда тÿшкен jымыртка

Калырап учар куш болор

Кабайда jаткан jаш бала

Качан бирде эр болор.

(Караңгы үйдө түшкөн жумуртка, // Калкылдап учукан куш болоор. // Бешикте жаткан ымыркай, // Качандыр бир эр болоор).

(Которгон – Т.Чоротегин. Булак: http://svadba04.ru/top-menu/koyu-kocho/kabay-kozhong/)

Бешик. Лейден шаары, Нидерланддар.
Отурукташкан калктардын эски бешигинин өрнөгү. Лейден шаары, Нидерланддар.

Бешикке минип алуу жөрөлгөсү тууралуу

Бакай Алмаз деген журналист иним жакында мага бир суроо узатып калды:

“Эгерде көзүңүз түшкөн болсо интернетте "бешикти минген" ырым-жырым кызуу талкууга жем таштап жатат.

Коомчулуктун басымдуу бөлүгү "кыргызда мындай салт болгон эмес, бешикти аттаганга да, мингенге да болбойт" дешсе, кээ бирөөлөр мурда Талас, Токтогул жана Аксынын аймактарында мындай ырым болгон дешүүдө”.

Албетте, “Фейсбукта” бул жаатта кайым айтышуу да орун алды.

Кесиптешим Санжи Туйтунова карындашымдын “Фейсбуктагы” жарыясынын мазмунун толук колдойм:

“Бешикке баланы салганда мингендей түр көрсөтүп, ырымын кылган салт Таласта бар. Ошол видеодогу кары адамдарды каргап-шилеп аткандар этнография боюнча бир эмгекти окуду бекен? Тил боюнча да ушундай. Дароо эле "кыргызда мындай сөз жок" деп чыгышат. Карасаевдин, Юдахиндин сөздүгүндө бар сөздөрдү да жеригендерди көрүп таң каласың. Улутту кураган урууларга тиешелүү бардык ырым-жырым, салттар изилденсе болмок. Тарых үчүн баары керек.”

Ал эми Бакай Алмаз иниме төмөнкүдөй жооп узаттым:

“Бешик менен байланыштуу бул ырым-жырым тээ байыркы Умай энеге сыйынуу доорунан бери ар кыл түрлөрдө сакталып келген ырым-жырымдардын бири катары каралууга тийиш”.

Айтмакчы, жогоруда эскерилген этнограф Элдербек Умаралиевдин диссертациялык ишинде дагы бул жөрөлгө тууралуу таасын маалымат бар:

“Баланы бөлөгөндөн кийин аны бөлөгөн байбичелердин эң улуусу бешикти минип алып, камчылана теминет: «Жаның узак болсун, жаныңды кудай койсун!» деген сөздөрдү кайталап камчыланат. Бөлөнгөн баланын бешигин минип камчылануу үч жолу кайталанат.

Мына ушул – бешикке салуу ырымы делет”.

(Булак: Умаралиев Э.С. Кыргыздардагы Умай эненин культу: Тарыхый-салыштырмалуу иликтөөлөр. 07.00.07 – этнография, этнология жана антропология. – Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация. – Бишкек, 2023. – Б. 55).

Дал ушул бешикке минип, наристеден кара күчтөрдү кубалоо жөрөлгөсү казак элинин да айрым урууларында азыркыга чейин сакталып келет.

Айрым учурдарда бешикке минген чоң эне “Мекеге чейин барам” деп теминимиш этет экен.

Казакстандын кээ бир аймактарында наристени бешикке бөлөгөн байбиче “Коконго карай кетем!” деп да айтат экен. Наристенин чоң атасы же дагы бир жакыны алиги чоң энеге "неберемди калтыр" деп акча же белек берет.

(Булак: Төлебай М. “Бұл қандай ырым”: Сәби жатқан бесікпен атқа шапқан әженің әрекеті елді шошытты // stan.kz. – Сәрсенбі, 27 Қазан, 2021 (27.10.2021). – https://stan.kz/byl-kanday-irim-sabi-zhatkan-besikpen-atka-shapkan-azhe-354724/)

Кыргызстанда дагы, Казакстанда дагы бешикке минүүгө байланыштуу ушул бири-бирине окшош жөрөлгөлөр тууралуу окугандар ага каршы сын айтып: “Мындайга жол бербешибиз керек!” дегенге чейин барышты.

Дегиңкиси, этнографтар ар кыл ырым-жырымдарды алдын-ала "жакшы же жаман" деп жерибестен, өз дооруна жана чөлкөмүнө таандык жөрөлгөлөрдүн бири катары (болгонун болгондой кылып) илимий чагылдырууга милдеттүү.

Ал эми чоң энелер (жердиги таластык, ала-букалык, аксылык, казакстандык же башка жактык болобу, эч айырмасы жок) муундан-муунга сакталып келе жаткан ырым-жырымдарды Умай энеге карата өз ишенимине ылайык андан ары сактап жаткандыгы үчүн аларга алкыш гана айтышыбыз керек.

Илгери (азыркыдай заманбап эмдөөлөр жок кезде) ымыркайлар оорунун ар кыл түрлөрүнүн айынан тез-тез чарчап калышчу. Ошондойдо Умвй энеге кайрылышчу жана башка жөрөлгөлөр аркылуу кара күчтөрдү “ооздуктоого”, наристени өлүмдөн арачалап калууга далаалат жасашчу.

Алиги бешикке минген кадырман чоң эне, бир чети, өзүн Умай эненин кызматын аткаруучу катары аңдайт. Карыя энелердин аруу дүйнөсүн түшүнүү керек.

Ислам дининде Мухаммед – акыркы пайгамбар саналат. Ал эми теңирчиликтен калган Умай ишеними карапайым энелерге көбүрөөк демилгелерди ыйгарат, ал чоң энелерге да олуттуу жүк артчу.

Башканы айтпаганда да, “кирене кирип калды” деп саналган ымыркайдын тамандарына таш тийгизип, аластап жаткан чоң энелер: “Менин колум эмес, Умай эненин колу!” деп айткандарын Кыргызстандын ар башка өрөөндөрүнөн учураткан элем.

Демек, алар өз ырым-жырым аракеттерин жана жөрөлгөлөрүн “Умай эненин атынан” жасап жатышкандыгын “жаман күчтөргө сес көрсөтүү” иретинде ачык шардана кылып айтышчу.

Албетте, атеисттик коомдо тарбия көргөн соңку муундар далай ырым-жырымдарды мындан ары деле четке кага бериши ыктымал, бирок диний ишеними жана ырым-жырымдары үчүн азыркы тапта эч кимди, эч бир топту жектөөгө болбойт, деп санайбыз.

Наристеге жана бешикке байланыштуу жөрөлгөлөр арбын

Кыргыздар X кылымдан тартып бара-бара ислам динин кабыл алганда, анын ханафийлик окуусу нечендеген исламга чейинки кыргыз салттарын жана жөрөлгөлөрүн сактап калууга уруксат кылган.

Жаш келинди "отко киргизүү" деген салт деле байыркы отко табынуу учурунан бери келген.

Эми отко табынуунун айрым деталдары унутта калды, бирок отко жана бешикке байланыштуу жөрөлгөлөр ар кыл түрлөрдө сакталууда. Маселен, бешикке бөлөөдөн мурда боз үй ысырыкталган.

Этнограф С.М.Абрамзон жазгандай, ымыркай төрөлгөндөн кийинки бешинчи-жетинчи күнү, же болбосо экинчи же үчүнчү күнү баланы бешикке бөлөшкөн. Бул күнү бешик тойго меймандар чакырылган.

Баланы бешикке бөлөө өзгөчө ырым-жырым менен коштолгон.

Азыр көбүнесе чүрпө 40 күнгө чыккандан кийин гана чоочун конокторду чакан бешик тойго чакырып жүрүшөт.

Кыркынчы күнү (кыркы) меймандар чогулуп, той өткөрүлгөн. Төрөлгөндөн кийин балага кийгизилген «ит көйнөктү» бул күнү чечип салышып, ага башка көйнөктү — «кырк көйнөктү» кийгизишкен. Ал көйнөк баланын энеси бардык коңшу боз үйлөрдү кыдырып чыгып, ар кандай кездеменин кырк курандысынан тигилүүгө тийиш болгон.

Көп учурда жаңы төрөлгөн баланын чачын алган күнү (же бешик тою күнү) таякеси бала үчүн бүт кийимди даярдап энчилеген.

Баланы биринчи жолу бешикке салуу аялдардын кичинекей той (бешик той) жасашы менен коштолот. Бешикти арчанын түтүнү менен аласташып, отко май ыргытышат жана кээ бир башка ырымдарды жасашат, деп этнограф С.Абрамзон белгилеген.

Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Бешкемпир" көркөм тасмасында (1998) да бешикке байланыштуу айрым жөрөлгөлөр чагылдырылып көрсөтүлөт.

"Бешик куда" деген дагы кудалашуу түрү болгон.

"Бешик баласы беш түлөйт" деген накыл сөз да калган.

Дегиңкиси, азыркы этнографтар жана башка илимпоздор Умай энеге карата ишенимге, бешикке жана наристеге байланыштуу жөрөлгөлөрдүн бардыгын жыйнап бүтө элек деп санайм.

Азыркы этнографтарга жана фолклор таануучуларга илимий сапарлары үчүн дурус жана ырааттуу каржылык көмөк керек (көөнө салттарды, жөрөлгөлөрдү, санжыраларды жана башка заттык эмес маданият мурастарын бапестеп сактап жана алар тууралуу баяндап келе жаткан кадырман карыяларыбыз четинен суюлуп жатышат).

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Европа: Укугу бузулуп, уйкудан калган айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:28 0:00

Европанын жолдорунда оор жүк ташыган машина айдап жүргөн жүздөгөн кыргызстандыкты жолуктурса болот. Кээ бирлери эмгек акысын ала албай, келишимдин шарттары аткарылбай, алданып, атүгүл соттошуп жүрөт. Башкалары иш берген компанияларына, иштөө жана жашоо шарттарына ыраазы экенин айтышат. Road Transport Due Diligence Foundation уюмунун маалыматына караганда, борбор азиялык мигранттардын көбү эксплуатацияга туш болот. Айдоочулар кабылган адилетсиздик, алардын укуктарын ким коргоп, ким жардам берет? Европага аттанаардын алдында эмнени эске алуу зарыл?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG