Орусиялык саясатчы, Владимир Путиндин келишкис оппоненти Алексей Навальный түрмөдө каза болду. Ал 2021-жылдан бери түрмөдө жаткан. Кыргызстанда 11 эркин журналисттин камакка алынганына бир ай болду. Алардын ичинен эки киши тергөөчүлөргө каршы арыз жазды. “Ихсан” турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 12 жылга кесилди. Украинанын чыгышындагы Авдеевка үчүн катуу кармаш уланууда.
Борбор Азия
жума 16 Февраль 2024
47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.