Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенине үч жыл болду. Бийлик бул аралыктагы жетишкендиктер катары экономикадагы өсүштү, социалдык мекемелердин курулушун, армиянын күчтөнгөнүн, чек аралардын такталып атканын белгилейт. Ошол эле маалда сөз эркиндигинин абалына, оппозициялык саясатчылардын, жарандык активисттердин, көз карандысыз журналисттердин камалганына кабатырлангандар да көп.
Борбор Азия
дүйшөмбү 29 Январь 2024
Кыргыз бийлиги экс-бажычы Райымбек Матраимовдун 80 миллион долларга бааланган мал-мүлкү конфискация болорун билдирди. Мурда кармалып, айып пул менен бошогон Матраимовго өткөн апта издөө жарыяланган. Жо Байден Иорданиядагы базада дрон соккусунан каза тапкан үч америкалык аскердин өлүмүнө жооп кайтарыларын эскертти. Иран "ал окуяга тиешеси бар" деген айыптоолорду четке кагууда. 11 журналист Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулду. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор алар 13 күндөн бери милициянын убактылуу кармоочу жайында отурганын кыйноого тете деп баалаган.