Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:42

Милиция: Баткенде шайлоочуларды ташып келүү фактысы такталган жок


Бир мандаттуу Баткен шайлоо округундагы добушканалардын бири.
Бир мандаттуу Баткен шайлоо округундагы добушканалардын бири.

Баткен облустук ички иштер башмармалыгы бир мандаттуу Баткен округунда шайлоочуларды ташууга байланыштуу тараган аудио тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, иликтеп-териштирүүдө ошол үн жазууну тараткан адам аныкталган, бирок ал аудиону тамаша иретинде гана жөнөткөнү белгилүү болгон.

Бир мандаттуу Ош округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо шаардык ички иштер башкармалыгына беш арыз түшкөн. Милиция анда “шайлоо тилкелеринде күмөндүү жарандар жүргөнү жана алар акча таратышы мүмкүн экени” тууралуу шек саноолор жазылганын кабарлаган.

Шаардык милиция 27-апрелде Ошто талапкерлердин биринин үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалганын маалымдаган, бирок азырынча толук маалымат бере элек.

Кара-Суу шайлоо округунда милицияга түшкөн арыз-даттануулар тууралуу азырынча маалымат жок.

Добуш берүү күнүн утурлай ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоодо мыйзам бузууга жол берген жетекчилерге жана кызматкерлерге чара көрүлөрүн эскерткен. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG