Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Борбор Азия

Акылбек Муратбай.
Акылбек Муратбай.

15-февралга караган түнү Казакстандын Алматы шаарында жашаган каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) камакка алынганы кабарланды.

Укук коргоочулар активист Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кийлигишүүсү менен кармалганын айтууда.

Кийин Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы Акылбек Муратбай кармалганын ырастап, башкы прокуратура аны Өзбекстанга экстрадациялоо маселесин карап жатканын билдирди.

Жума күнү кечинде Акылбек Муратбай үйүнө күч кызматкерлери келгени жөнүндө X социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазган. Көп өтпөй активистти кармап кетишкени белгилүү болгон.

Каракалпак активисти өзүнүн кармалышын укук коргоочулук ишмердиги менен байланыштырат. Ал буга чейин өзбек бийлиги каракалпактарды куугунтуктап жатканы тууралуу маалымат тараткан.

Активистти экстрадициялоо маселеси каралып жатат

16-февралда Акылбек Муратбайдын сүйлөшкөн кызы Индира Бейсембаева "Азаттыктын" казак кызматына телефон чалып, аны түнкүсүн жарандык кийимчен полиция кызматкерлери кармап кеткенин айткан.

"Муратбай мага жаңы эле телефон чалды. Ал Алматынын ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин айтты. Каракалпакстан маселесине байланыштуу Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалганын айтты", — деди Бейсембаева.

Ал ошондой эле Муратбай өткөн аптада казак полициясына суракка чакырылып, бирок бара албай калганын кошумчалады.

16-февралда Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы 38 жаштагы Акылбек Муратбайдын кармалганын ырастады.

Мекеменин маалыматында, азыр өлкөнүн Башкы прокуратурасы аны Өзбекстанга экстрадициялоо маселесин карап жатат.

"Алматы шаарынын полиция кызматкерлери Өзбекстандын эл аралык издөөдө жүргөн жараны Акылбек Муратовду кармашкан. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилген. Казакстандын Башкы прокуратурасы "Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укук мамилелери тууралуу конвенцияга" ылайык, Өзбекстандын полициясы издөө салган Акылбек Муратовду экстрадициялоо маселесин карап жатат", - деди "Азаттыкка" Алматынын полиция департаментинин маалымат катчысы Салтанат Азирбек.

"Акылбекти Өзбекстанга өткөрүп бербеңиздер!"

Баш кеңсеси Австрияда жайгашкан Freedom for Eurasia (Евразия үчүн эркиндик) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигине кайрылып, Акылбек Муратбайды бошотууга чакырды.

Укук коргоочулардын айтымында, активистке Өзбекстанда коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч келтирүүчү материалдарды даярдап, жайылткан жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салган деген мүнөздөгү айыптар тагылууда.

"Алга, Каракалпакстан" кыймылынын лидери, чет өлкөдө жашаган активист Аман Сагидуллаев да президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү Казакстандын аймагында мыйзамсыз иштерди кылып жатканын Ютуб каналындагы видеосунда айтты:

"Өзбекстандын атайын кызматы, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү Казакстандын аймагында кенен-кесир оперативдүү иштерин жүргүзүп жатат. Буга далил катары былтыр кармалган беш каракалпак активистти айта алам. Дагы канча жолу суракка келишти. Биз, укук коргоочулар, Казакстандын президентине жана өкмөтүнө кайрылабыз - Өзбекстандын мындай мыйзамсыз иштерин токтотуңуздар. Каракалпак активисттер күн сайын куугунтукталууда. Биз суранабыз, Акылбекти Өзбекстанга өткөрүп бербеңиздер!", - деди Сагидуллаев.

Казакстандагы Адам укуктарын коргоо бюросунун юристи Денис Дживага Акылбек Муратбайдын иши "буга чейин камалган каракалпак активисттеринин ишине окшош" экенин билдирди. Бюро ага юридикалык жактан колдоо көрсөтүүдө.

"Азырынча ал үч суткага камалды. Кийинки жумада сот аны дагы узак мөөнөткө камоо маселесин карайт. Аны Өзбекстанга өткөрүп бербөө үчүн качкын макамын берүү өтүнүчү менен кайрылабыз. Буга чейин ал өз тандоосу менен Казакстанда жашаган", - деди Дживага "Азаттыкка".

14 жылдан бери Казакстанда жашаган Акылбек Муратбай былтыр күзүндө Өзбекстандагы туугандарына милиция кызматкерлери келип коркутуп, андан соң Өзбекстандын Казакстандагы элчилигине чакырылганын билдирген.

Каракалпак активисттеринин куугунтукталышы

Каракалпак активисттеринин куугунтукталышы 2022-жылдын июль айынын башында Каракалпакстанда болгон жапырт нааразылык акцияларына байланыштуу. Ошол жылы сентябрда Ташкенттин өтүнүчү менен каракалпак активисттери кармалган. Алар Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салганы үчүн айыпталган. Бир жылдан кийин Раиса Худайбергенова, Жангелди Жаксымбетов, Кошкарбай Төрөмуратов жана Зиуар Мирманбетова абактан бошотулган. Укук коргоочулар аларды экстрадициялоо маселеси каралып жаткан адам катары камакта кармоонун мөөнөтү аяктаганын белгилешкен.


Быйыл 9-январда Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери Ниетбай Уразбаев Алматыдагы ооруканалардын биринде каза болгон. Өзбекстанда ал 2022-жылдагы Нукустагы окуяларга байланыштуу 12 жылга сыртынан кесилген. Соңку бир жарым жылдан бери Ташкент Уразбаевдин казак жарандыгынан ажыратылышын жана Өзбекстанга экстрадицияланышын талап кылып келген. 2023-жылы декабрда Уразбаев казак жарандыгынан ажыратылганы белгилүү болгон.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстандагы калаба боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылы күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөгөн, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен. Буга чейин казак бийлиги алардын айрымдарына башпаанек берүүдөн баш тарткан.

Кремлди коркуткан Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:43 0:00

Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда орус медиасы Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган. Навальный орус президенти Владимир Путиндин келишкис оппоненти катары таанымал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG