Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Шибердеги жоголуп бара жаткан тилдерге орток кам көрүү


Шорлордун “Жыл башы” майрамы. 21-март.
Шорлор – Шибердеги түрк тилдүү калк. Алар тили жагынан хакас, алтай, кыргыздарга тектеш. Шорлордун “Жыл башы” майрамы. 21-март.

Ар бир тил – адамзаттын жалпы байлыгынын бири. Арийне, азыркы тапта Шиберде бир катар тилдер көз алдыбызда жоголуп бара жатат. Аларга көмөк кылууга кыргызстандыктар да катыша алышат. Тарыхчынын блогу.

Адамзат тарыхында ар бир этнос табияттагы өз журтун таап, климаттык ар кыл жагдайларга ыңгайлашып жан сактоо менен гана алектенбестен, өз эне тилин өнүктүрүп, кылымдар бою коомдук тажрыйбасын урпактан урпакка дал ошол эне тилинде өткөрүп келген.

Бардыгын жалпылаштыргысы келген айрым ойчулдар акыры дүйнөдө орток тил калышы керек деп кыялданган учурлар да болгон.

Бирок адамзат XX кылымдын экинчи жарымында (Экинчи дүйнөлүк согуштун алааматын, ар кыл чакан этностордун кыргынга учураган аянычтуу тагдырларын акыл калчап үйрөнгөн соң) ар бир элдин, ар бир этностун эне тилин сактап калуу зарыл, деген түшүнүккө көбүрөөк оой баштады.

Орусиянын Красноярск шаарындагы улутчулдардын жыйыны. 12.12.2012.
Орусиялык ашынган улутчулдардын жыйынындагы ураанда "Унутпайбыз! Биз кечирбейбиз!! Орустар этностук террорго каршы!" деп жазылган. Красноярск шаары, 12.12.2012.

Азыр дагы өз өлкөсүндөгү чакан элдердин тилинин жок болуп бара жаткандыгына кайдыгер караган жа маашырланган шовинисттер учурашат.

Бирок прогрессчил айдыңдар көз көрүнөө жоголуп бара жаткан тилдердин тагдыры үчүн жан тартышып, көбүрөөк коңгуроо кага башташты.

XXI кылымдын ичинде эле дүйнө жүзүндөгү болжолдуу 6 миң тилдин үчтөн бири жок болуп кетиши ыктымал, деген жоромолдор бар.

Чакан тилдерди сактап калуу – учурдагы жалпы адамзаттык көйгөйгө айланууга тийиш, дешет дүйнө жүзүндөгү айдыңдар.

Ханты-Манси аймагындагы жергиликтүү этностук азчылыктын өкүлдөрү
Мунай өнөр жайы Ханты-Манси автономиялуу аймагындагы жергиликтүү этностук азчылыктын өкүлдөрүнүн салттык тиричилик шарттарын оордотту.

Шиберде бир катар канча тилдер оор акыбалга кептелишти

Орусиялык адистердин айтымында, урал тилдерине кирген шибердик элдердин ичинен 23 тил дагы эле жашап жатат, бирок 3 тил – өлүү тилге айланды.

Урал тилдеринин ичинен фин-угор бутагынын тилдерин алсак, мансы тилинде сүйлөгөндөр кыйла азайышты, ал эми ханты тили берки туугандарыныкына салыштырмалуу көбүрөөк колдонулат.

Самодий бутагында сүйлөгөндөр – юрак, нганасан, селкуп, ненец, энец тилдеринде өтө аз киши сүйлөйт. Алардын арасынан ненец тилинде 30 миңдей киши дагы эле сүйлөй алат. Энец тилинде сүйлөгөн 200дөй киши Энесайда эки гана кыштакта чогуу байырлашат, алардын ичинен өз эне тилинде тыңгылыктуу сүйлөм түзө алган элүү чакты гана киши калды.

Бул самодий бутагына кирген матар-тайга-карагас тилин эми өлүү тил деп атай башташты.

Шибердеги энесай тил тобуна кирген элдерден кет тилинде сүйлөгөндөрдүн саны, 2005-жылдагы маалыматка караганда, болгон 150 кишиден турган (алардын жалпы саны миң кишиге жетпейт, бирок алардын дээрлик сегизден бири гана өз эне тилинде сүйлөй алат).

Югдар (өз аты югиндер, югандар; эскирген этностук аталышы – дүкан, остяк, сым остяктары, сым кеттери) — Энесайдын ортоңку агымында жашаган жергиликтүү чакан эл. Тилчилердин айтымында, кет элине тили жакыныраак болгон юг тилинде сүйлөй алгандардан азыркы тапта эки колдун манжаларынын жалпы санына жетпеген гана киши калды.

Шиберде алтай тилдер тобуна кирген кырктай тил жана диалект бар.

Алардын ичинен тнгус-манчжур тилдерине кирген негидал, удэгей, ороч тилдери – дээрлик өлүү тилдердин тизмесине кирип калышты.

Эвен, эвенк, нанай тилдеринде сүйлөй алгандардын саны улам суюлууда.

Шорлордун өнөрпоз кыздары.
Шорлор – Шибердеги түрк тилдүү калк. Алар тили жагынан хакас, алтай, кыргыздарга тектеш. Өнөрпоз кыздар.

Алтай тобунун ичинен түрк тилдүүлөргө кирген этностордон долган, шор тилдеринде, алтайлыктардын куманды, телеут, телеңгит диалекттеринде сүйлөгөн калайык өзгөчө суюлуп кетти.

800дөй тофалар элинин 73төйү гана өз эне тилинде узагыраак сүйлөй алышат.

Тофалардын балдары. 23.10.2014.
Тофалар элинин балдары. Иркутск облусу, Шибер. 23.10.2014.

Хакасия Республикасы негизделгендигине карабастан, хакас тилинде баарлаша алган кишилердин саны да кескин азайып бара жатат.

Алтай кижилер өз эне тилин кыйла дурус сакташууда. Өз эне тилин тың сактай алган түрк тилдүү элдердин арасында саха (якут) жана тыва элдери бар.

Алтын-Булак (Алдын-Булак) этностук эс алуу жайында. 07.10.2015.
Алтын-Булак (Алдын-Булак) этностук эс алуу жайында. Энесай өрөөнү, Үст-Элегест кыштагы, Тыва, Орусия. 07.10.2015.

Ал эми алтай тобуна кирген монгол тилдүү элдердин өкүлү болгон буряттар болсо бир катар тарыхый коңшулары болгон чакан этносторго караганда өз эне тилинде дурусураак сүйлөшөт.

Ушул тапта путиндик режим эгемен Украинага каршы баскынчыл согушка аттандырып жаткандардын арасында шибердик чакан элдердин өкүлдөрү басымдуу болуп жаткандыгы да кошумча убайым жаратууда.

Албетте, орой айтканда, Санкт-Петербург шаарынан бул баскынчыл согушка 2 миң киши аскерге чакырылды, ал эми шибердик бир чакан этностон 200 эле киши чакырылды, дейли. Бирок бул 200 кишинин өлүм-житими же башка аймактарга биротоло көчүшү өз эне тилин билген бүтүндөй элге өзүн этнос катары сактап калууда оорчулук жаратаары, ал эми 150 миллион калктуу орус тилдүүлөр үчүн жана, анын ичинде, 5,6 миллиондуу калкы бар көп этностуу Санкт-Петербургдун калайыгы үчүн аскерге кеткен петербургдук 2 миң киши деңиз тамчысындай болоору түшүнүктүү.

(Муну салыштыруу үчүн гана айтып жатам, эч бир орусиялык шаардан же кыштактан басынчыл согушка киши жөнөтүлүшүн каалабайм. Ылайым бул Путиндин тар чөйрөсүнөн башка эч кимге керексиз баскынчыл согуш дароо эле токтотулушун тилейм).

Акыбалдан чыгуунун жолдору

Орусия Федерациясынын кеңирсиген Шибер аймагында (анын ичинде Саян-Алтайда, чалкып жаткан тундра менен тайгада) байырлап келе жаткан чакан элдердин тилдерин сактап калуу боюнча Орусиянын өкмөтүнөн жана жергиликтүү бийликтеринен тышкары эл аралык коомчулук да ар кыл долбоорлорду сунушташууда.

Маселен, ЮНЕСКО ар кыл элдердин заттык эмес маданиятын сактап калуу программаларынын алкагында Шибердеги чакан этностордун тилдерин каттоо, аларга камкорлук кылуу боюнча илимий-маданий иш-чараларга демөөрчүлүк кылды.

ЮНЕСКО жана шибердик илимий мекемелер “Шибердеги өлүп жок болуу коркунучуна кептелген тилдер” аттуу маалымат порталын түзүштү.

Бирок булар – жетишсиз болуп жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү.

Орусияда эч аракет жасалган жок деп айтууга эч болбойт. Мисалы, бул өлкөдө тунгус-манчжур тилдерине кирген ороч тили боюнча окуу китептери басылып чыккан. 2000-жылдардын башында ороч тили үчүн жазма тил түзүлгөн, бирок 2021-жылга карата бул тилде эркин сүйлөй алган бир да жан калган жок, дешет. Балким, өздөрүн ороч деп санаган кишилер бара-бара өз тилин кайрадан чыңдап алышаар?

Жалпы Орусия коомунун демократияланышы, ар бир чөлкөмдөрдүн жашоо-тиричилигинин жакшырышы, шовинисттик маанайдагы топторду жарандык жактан агартуу, тилдери коркунучка кириптер болгон этностор үчүн маданий автономиялык ыйгарым укуктарды андан ары кеңейтүү, бул тилдерде алфавиттер түзүүнү жана колдонууну улантуу жана мултимедиалык тил окутуу ресурстарын жаратуу, өз эне тилинде сүйлөөлөрү үчүн чакан этносторлун өкүлдөрүнө гранттар берүү сыяктуу чаралар азыркы оор жагдайдан чыгууга көмөкчү болмоктур?

Өз эне тилин сактай алган башка элдер да бул тилдердин өкүлдөрүнө демөөрчүлүк кылуусу кажет.

Кытайда, маселен, “Манас” эпосунун үзүндүлөрүн айта алган жүздөгөн жергиликтүү (элеттик) кыргыздарга атайын жөлөкпул төлөнүп жаткандыгына 2014–2015-жылдары күбө болгон элек.

Албетте, айрым элдердин өкүлдөрү өз өлкөлөрүн чакан деп санашат жана бай, өнүккөн өлкөлөр гана тилдери жоголуп бара жаткан элдерге көмөк кылууга милдеттүү деп ойлошот.

Алар Балтика боюндагы чакан Эстония жумурияты дүйнөдөгү (анын ичинде Орусиядагы) фин-угор тилдеринде сүйлөгөн калктардын өкүлдөрүн этностук-маданий курултайларга жана башка шеринелерге чакырып келе жаткандыгынан кабардар болушпаса керек. Эстондордун саны болгону 1 миллиондон ашат.

Финляндия татарлары Эстониядә
Финляндия татарлары Эстониянын Таллинн шаарында.

Эстонияга ал түгүл түрк тилдүү калк – финляндиялык татарлар да конокко чакырылгандыгы маалым.

Кыргызстан дагы Шибердеги түрк тилдүү чакан калктардын эне тил майрамдарын уюштура алат деп ишенем.

Бешик ырларынын фестивалдары, дастандар жана эпостор майрамдары, музыкалык аспаптарда эне тилде обондуу ырларды жана күүлөрдү аткаруу сынактары, ошондой эле, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын этностук маданият бөлүмдөрүнө, Орусиянын университеттери жана башка илимий мекемелери менен биргелешип уюштурулуп жаткан эл аралык “Кең Алтай” илимий долбоорлорунун фолклор таануу жана тил таануу тармактарына катыштыруу сыяктуу чаралардан тышкары интернетте көптөгөн түрк тилдериндеги сөздөрдүн орток сөздүгүн акысыз сунуштаган порталдарды жаратуу жана башка ыкмалар менен жолдорду жүзөгө ашырса болот.

Бул маданий чаралар – эне тилди сактоодогу сырткаркы огожо болчу гана аргалар экендигин аңдайбыз. Бирок көп түкүрсө – көл болот эмеспи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG