Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:47

Мурунку советтик өлкөлөрдүн "түшпөс хандары"


Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы мөөнөткө талапкерлигин коёрун тастыктады. Чечим кабыл ала турган убакыт келгенин, эл менен бирге болуу керек деп эсептей турганын ал 8-декабрда билдирди. Бийликти 23 жылдан бери колдон чыгарбай кармап келаткан Путин эми да шайлоого кантип катыша алат жана постсоветтик башка мамлекеттердин лидерлери дагы бийликтеги мөөнөтүн кантип узартып келишкен?

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты Кремлде өттү. Путиндин колунан жаңы эле сыйлык алгандардын бири, донецк жикчилдеринин лидери Артем Жога ага кайрылып, "Шайлоого катышып бериңиз" деп суранды. Путин макулдугун билдирип, "ар кайсы учурда ар кандай ойлору" болгонун, бирок "азыр чечим кабыл алуу зарыл болуп турганын" белгиледи жана "эл менен бирге болуп, шайлоого катышарын" айтты.

Орус президентинин бул билдирүүсү эч ким үчүн күтүүсүздүк болгон деле жок, себеби анын бешинчи мөөнөткө барары ансыз да белгилүү эле.

«Путин шайлоого катышат экен — кандай гана "күтүлбөгөн окуя"», — деп кыйыр түрүндө белгиледи "Свобода" радиосуна курган маегинде журналист жана жазуучу Юлия Латынина.

Путин президенттикке алгач киришкен 2000-жылы "бир киши бул кызматта эки мөөнөттөн ашык отура албайт" деген эреже бар болчу.

Конституция уруксат берген эки мөөнөттөн кийин, 2008-жылы Путин ордун жакын үзөңгүлөшү Дмитрий Медведевге өткөрүп берип, өзү премьер-министрликти колуна алган. Медведевдин тушунда Конституцияга өзгөртүү киргизилип, президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төрт жыл эмес, алты жыл болот деп узартылган.

Владимир Путин жана Дмитрий Медведев.2008-жыл.
Владимир Путин жана Дмитрий Медведев.2008-жыл.

2012-жылы Владимир Путин кайрадан президенттик кызматты ээлеген, анткени Конституцияда чектөө удаа келген мөөнөттөргө гана тийиштүү болору жазылган. Ошентип, алты жылдан кийин, 2018-жылы, Путин иш жүзүндө төртүнчү президенттик мөөнөткө кайра шайланган.

2020-жылы Орусияда Конституцияны кайрадан өзгөртүп чыгып, Путиндин ага чейинки мөөнөттөрүн жокко чыгарып беришкен. Эми ал бешинчи да, алтынчы да мөөнөткө кала берсе болот. Эгер алтынчы жолу президенттикке аттанса, мөөнөтү 2036-жылы гана аяктайт жана бийликтен түшпөй отурган мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Иосиф Сталинге жетет же андан да ашат.

Путин — постсоветтик өлкөлөр арасында бийлигин улам узартып келе жаткан жалгыз жетекчи эмес.

КАЗАКСТАН: НАЗАРБАЕВДИН 29 ЖЫЛДЫК БИЙЛИГИ ЖАНА ТОКАЕВДИН МӨӨНӨТҮНҮН ЖОККО ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев эң жогорку мамлекеттик кызматты 29 жыл ээлеп турду.

1990-жылы аны президенттик кызматка Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары шайлашкан. 1995-жылкы референдумда анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2000-жылга чейин узартылган.

Жалпысынан төрт президенттик шайлоо Казакстанда Назарбаевдин жеңиши менен аяктаган. 2015-жылкы шайлоодо ал, расмий эсеп боюнча, добуштардын 97,75 процентине ээ болгон.

2007-жылы казак парламенти Конституцияны "башкалар президенттик кызматта эки мөөнөттөн ашык отурууга акысы жок" деп өзгөртүп, ал эми Назарбаевге "эл башы" катары каалашынча, чексиз башкара алат деп артыкчылык түзүп берген.

2019-жылы Назарбаев бийликтен кеткенин жарыялап, президенттик кызматты өзүнүн кишиси, парламенттин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергени менен өлкө башында кала берген.

Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев. Астана, 2019-жылдын 20-марты.
Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев. Астана, 2019-жылдын 20-марты.

Андан бир жыл мурда Казакстанда Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам кабыл алынып, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу дареметин камсыздоо гана эмес, мамлекеттин ички саясий туруктуулугун сактоо, конституциялык түзүлүшүн жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо милдети жүктөлгөн бул таасирлүү органды өмүрүнүн аягына чейин башкаруу укугу биринчи президентке берилген. Токаев кайсы бир маанилүү чечимдерди кабыл алууда мына ушул Коопсуздук кеңеши менен макулдашып турушу керек деген шарт коюлган.

Бирок 2022-жылдын январындагы окуядан кийин кырдаал түп тамырынан өзгөргөн. Бул кандуу окуяга, айрым серепчилердин пикиринде, Назарбаевдин командасы менен Токаевдин тегерегиндеги топ ортосундагы күрөш себеп болгон. Нааразылык акциялары башаламандык менен уланып, абал курчугунда Токаев Коопсуздук кеңешиндеги төрагалыкты өзүнө алганын жарыялаган жана атайын кызматтын жетекчисин иштен кетирген, кийин ага мамлекеттик төңкөрүш аракети деген айып тагылган. Кандуу январь окуясынан кийин, саясат талдоочулардын айтымында, Токаев алдыга өзү чыгып, Назарбаевдин таасирин алсыраткан.

Былтыр Казакстандын Конституциясы эки жолу өзгөртүлдү. Жайында өлкөнүн башкы мыйзамынан тунгуч президент тууралуу сөздөрдүн баары, анын ичинде Назарбаев эгемен Казакстандын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн норма да алынды. Кийин аны "эл башы" макамынан да ажыратышты.

2022-жылдын күзүндө Конституция дагы бир жолу өзгөрүүгө дуушар болду: президенттик мөөнөт бир жолку гана жана жети жылдык деп чектелди. Ошол эле учурда Касым-Жомарт Токаевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, натыйжада ал ноябрь айында кайрадан шайлоого катышып, баары болжолдогондой, саясий атаандаштыкка жол берилбеген бул өнөктүктө жеңүүчү деп табылды.

БЕЛАРУС ЖАНА ТАЖИКСТАН

Мурдагы советтик республикалар арасынан бийликтеги мөөнөтүнүн узактыгы жагынан лидер болгондор Александр Лукашенко жана Эмомали Рахмон.

Александр Лукашенко Беларуска 1994-жылы президент болгон — анда ал 40 жашта эле. Ошол кезде өлкөнүн Конституциясында президенттик беш жылдык мөөнөттүн экөөнө гана удаа уруксат бар болчу. Бирок 2004-жылдын октябрь айында Лукашенконун демилгеси менен Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум уюштурулган. Жыйынтыгында президенттик мөөнөттү чектеген норма алынган.

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Лукашенко 2020-жылдагы шайлоого катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы ал добуштардын 80 процентинен көбүнө ээ болгонун жана алтынчы мөөнөткө шайланганын жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен катуу басылган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Тажикстанда өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн бир нече жолу пайдаланды. 2020-жылы ал президенттик шайлоого бешинчи жолу катышып, расмий маалымат боюнча, добуштардын 90 проценттен ашуунун алган.

Рахмон Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдардын бир нечесин демилгелеп, өткөрдү. Мисалы, 2016-жылдагы референдумда Рахмонго дагы каалашынча президенттикке талапкерлигин коё берүүгө жол ачкан өзгөртүүлөр кабыл алынган. Рахмонго да «тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут лидери» деген макам ыйгарылган.

Эмомали Рахмон уулу Рустам Эмомали менен.
Эмомали Рахмон уулу Рустам Эмомали менен.

Талдоочулардын пикиринде, Рахмон президенттик кызматын азыр парламенттин жогорку палатасынын төрагасы жана борбор калаа Дүйшөмбүнүн мэри болуп турган Рустамга өткөрүп берүү камын көрүүдө.

ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухамедов 15 жылдык президенттик мөөнөттөн кийин (ал өлкөсүн 2007-2022-жылдары башкарды) кызматын өзүнүн уулу Сердарга өткөрүп берди. Авторитардык башкаруучу Сапармурат Ниязовдун көзү өткөндөн кийин анын ордуна келген Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда жеке адамдын керт башына сыйынуучулук күч алган. Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессиялык өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет жана адам укуктарынын одоно бузулушу, сөз эркиндигинин тебелениши, жарандардын негизги эркиндиктеринин басмырланышы үчүн сынга кабылып келет.

Гурбангулы Бердымухамедов жана уулу Сердар Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов жана уулу Сердар Бердымухамедов.

Бийлик мөөнөтүн Конституцияны өзгөртүү аркылуу узартып алгандар арасында Өзбекстандын да президенттери бар. Биринчи президент Ислам Каримов бул кызматты 1991-жылдан тартып 2016-жылы көзү өткөнгө чейин ээлеп турган. 2015-жылдын март айында ал, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоону төртүнчү жолу жеңип, добуштардын 90 проценттен ашуунун алган. Өлкөнүн Конституциясынын 90-беренесинде "бир эле адам Өзбекстандын президенти кызматын катары менен эки мөөнөт ээлей албайт" деген норма бар болчу.

Каримовдун биринчи мөөнөтүн ал "кызматка 1991-жылы киришкен, ал эми Конституция 1992-жылы кабыл алынган" деген негизде жокко чыгарышкан. 2015-жылкы шайлоо алдында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) эмне үчүн Каримов шайлоого Баш мыйзамды бузуу менен катышып жатканы тууралуу суроосуна расмий Ташкент «Мөөнөт деген түшүнүк канча бир жылды туюндурат, мурда президенттик мөөнөт жети жыл болчу, эми беш жыл болуп калды, демек, аларды удаа мөөнөт деп кароо мүмкүн эмес" деп жооп берген.

Ислам Каримов. Оңдо Шавкат Мирзиёев. 2007-жыл.
Ислам Каримов. Оңдо Шавкат Мирзиёев. 2007-жыл.

Каримовдон кийин президенттик кызматты анын тушунда премьер-министр болуп иштеген Шавкат Мирзиёев ээледи. 2016-жылдагы шайлоодо ал добуштардын 88 процентин, ал эми 2021-жылы 80 процентин ээлегени жарыяланган.

2023-жылы Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылды, Мирзиёевдин ага чейинки мөөнөттөрү жоко чыгарылды. Жайында мөөнөтүнөн мурда шайлоо уюштурулуп, анда, өлкөнүн Боршайкомунун маалыматы боюнча, Мирзиёев добуштардын 87 процентин алды. Эми ал бийликте 2030-жылга, ал эми кийинки шайлоого катышса 2037-жылга чейин отура алат.

АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжанда келерки жылдын февралында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келе жаткан азыркы президент, буга чейинки мамлекет башчысы Гейдар Алиевдин ордуна келген уулу Илхам Алиев бул шайлоого да катышарынан эч кимде күмөн саноо жок.

Илхам Алиев жана Мехрибан Алиева.
Илхам Алиев жана Мехрибан Алиева.

2018-жылы өткөн, негизги оппозициялык партиялар тааныбаган шайлоодо Алиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуштардын 86 процентине ээ болган. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун пикиринде, бул шайлоо өнөктүгү шайлоочуларга тандоо укугун бере алган эмес.

2009-жылы Азербайжанда да президенттик мөөнөттү чектеген норманы алып салышкан. 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум уюштурулуп, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган. Ошону менен катар бийлик системасына вице-президент деген кызмат киргизилген. 2017-жылдын февраль айында Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны биринчи вице-президент кылып дайындаган. Эгер президент кызматынан мөөнөтүнөн мурда кете турган болсо, анын бардык ыйгарым укуктары кийинки шайлоого чейин дароо дал ошол биринчи вице-президентке өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG