Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

"Атамдын ыйлаганы катуу тийди". Мигранттын жаңы салган үйү күйүп кетти


Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.
Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.

18-январга караган түнү Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы жаңы эле курулуп бүткөн мансард тибиндеги үй өрттөнүп кетти. Бактыга жараша, үй-бүлө мүчөлөрү аман, бирок турак жай жараксыз абалга келгендиктен, алар сууктун күнүндө айласын таппай турушат.

Үйдү атайын Англияга барып кулпунай терип иштеп тапкан каражатка салганын айткан Эсентур Турдукул уулу кырсыктын келип чыккан жагдайы менен кесепетин “Азаттыкка” айтып берди.

Түндө келген кырсык

28 жаштагы үй ээси Эсентур Турдукул уулунун айтымында, Баш-Кайыңды айылындагы үйүн 18-январда, түнкү саат 3төр чамасында өрт чалган:

Эсентур Турдукул уулу.
Эсентур Турдукул уулу.

“Мен борбордо элем. Үйдө ата-энем жана иним бар эле. Саат 05:55те атам мага чалып, үйдүн күйүп кеткенин айтып ыйлап жиберди. Атаңдын ыйы көңүлүңдү сыйрып жиберет тура, мага ошол катуу тийди. “Башкысы үчөөңөр аман-эсен экенсиңер, а үйдү кайра салып алабыз. Мен жашмын го”, - деп аны болушунча жубаттым. Үйдөн айрым буюм-тайымдарды эле алып чыгууга үлгүрүшүптүр. Бирок үйдүн документтери, өзүбүздүн документтер, бир топ буюмдар, атам тумак тигет да, анын ошол жааттагы каражаттары жана үйдөгү болгон тыйын-тыпырдын баары күйүп кетиптир”.

Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.
Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.

Эсентурдун айтымында, кырсык мордон чыккан чоктун учкундары там чатырына жабышканынан улам чыккан. 3төн өтүп башталган өрттү көрөрү менен ата-энеси коңшулары менен бирге өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан. Бирок терезелер сынганда экинчи кабатка аба кирип, өрт тутанып кеткен.

Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.
Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.

Ат-Башы райондук ӨКБнын маалыматына караганда, Баш-Кайыңды айылындагы үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 04:40тар чамасында түшкөн.

Чакырылган дарекке 04:44тө №45 ӨККБдан бир бөлүм жөнөп, 05:45те жетишкен. Себеби Ача-Кайыңды – Ат-Башы көпүрөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Кара-Суу жана Калинин айылдары аркылуу айланып барууга туура келген. Таңга жетпей тутанган жалын 9:20да толук өчүрүлгөн.

Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.
Эсентурдун Баш-Кайыңды айылындагы өрттөнүп кеткен үйү.

“Өрт өчүргүчтөр келгенче үйдүн чатыры толук күйүп түшүп калган. Бирок кеч болсо да алардын келгени жакшы болуптур. Себеби эски там жаңы үйдүн жанында болчу да. Жалын ага да жармашкан учурда өчүрүп калышыптыр”, - дейт Эсентур Турдукул уулу.

Үйдүн өрткө чейинки абалы.
Үйдүн өрткө чейинки абалы.

"Эки ай мурун эле бүткөн"

Өрттөнүп кеткен мансард тибиндеги үй өткөн жылдын ноябрь айында эле толук салынып бүткөн. Биринчи кабаты 5, экинчи кабаты 4 бөлмөлүү эле. 5 жылдан бери мээнети менен катар 2,5 миллион сомдой каражатын курулушка жумшаган үй-бүлө эки ай мурун эле анда үй той өткөрүп, кубанып турган чагында кырсык тооруп отурат. Эми алар турак жай кайрадан калыбына келгенче чоң атасынан калган эски үйдө жашоого аргасыз.

“Жаңы үйдү эки ай мурун, ноябрда эле бүтүрүп киргенбиз. Ага чейин чоң атамдан калган эски үйдө жашап келгенбиз. Анын жарымын бузуп материалдарын жаңы тамга колдонгонбуз. Анан эски тамды толук бузбастан ырымын кылып жыт чыгарып бузалы деп коюп койгонбуз. Азыр кайра ага көчүп келдик. Анын айрым чатырлары ысыктан атылып кеткен. Акимият көмөк кылып 60 шифер алып берди. Туугандар, коңшулар, айылдаштар да колунан келген жардамын берип жатышат”, - деди үй ээси.

Эсентур Турдукул уулу.
Эсентур Турдукул уулу.

"Алты ай кулпунай тердим"

28 жаштагы Эсентур Турдукулов Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы мектепти 2016-жылы аяктагандан кийин, 2020-жылга чейин Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин экономика факультетинде билим алган. Бирок кесиби менен иштеген эмес. Студенттик жылдарында Ратбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде кароолчу, андан кийин төрт жыл “Тазалык” муниципалдык ишканасында эмгектенген.

Эсентур Турдукул уулу.
Эсентур Турдукул уулу.

2023-жылдын март айынын сентябрь айына чейин Англиядагы талаа жана бакча жумуштарында иштеп келген. Баргандан баштап эле ал алган айлык маянасынын чыпчыргасын коротпой жогорудагы үйдүн курулушуна салып келген экен.

“Чынында Англияда жумуш оор экен. Ар түрдүү фирмалар болот экен. Бюджетине жараша, бири чатыры жабык болсо, дагы бириники ачык. Мен туш болгон фирма жабык жайлуу экен. Алты ай кулпунай тердим. Көбүнчө саат менен нормага иштечүбүз. Мисалы, бир сатта беш жашик кулпунай терүү белгиленген болсо, алтыны терип койсоң, бонус берилет. Ал эми төрт жашик болуп калса, “эртең эс ала бер” деп коюшат. Англиялыктар жумушчулардын мүнөзүн баамдап, ушинтип иштете билишет экен. Башында баргандардын баары бир-эки айдай бели ооруп жүрүштү. Кийин көнөт экенсиң. Бир жумада алты күн, ар күнү он сааттан иштечүбүз".

Эсентур Турдукул уулу.
Эсентур Турдукул уулу.

"Бир айда 140 миң сомдой таап жаттым. Баргандан баштап эле акчаларды үйгө салып жаттым. Алгачкы айлыктарыма терезелерди алдык, кийин экинчи кабаттагы бөлмөлөрдөн баштап текши бүтүрүп келдик. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин да үйгө бир аз каражат жетпей, айрым материалдарды насыяга алганбыз. Аларды акырындан жаап бүттүк эле”.

Бала чагынан ыр жазууга ышкысы арткан Эсентурдун акын болсом деген изги тилеги бар. Анын айрым ырлары былтыр Кыргызпатент тарабынан чыгарылган “Саамалык” альманахына басылып чыккан. Келечекте агартуу тармагында эмгек өтүүнү кыялданган улан өлкөгө келгенден бери “Сонун го” китеп дүкөнүндө иштеп жаткан. Эми башка түшкөн сыноодон чыгуу үчүн кайра Англияга барып иштеп келсемби деп да ойлонуп жатат.

“Жаңы толкун” адабий клубуна барып, жаш калемгерлер менен аралаштым. Былтыр “Саамалык” альманахына беш ырым чыкты. Агартуу тармагында кызмат кылып, нан таап жесем деген тилегим да бар эле. Анан ал тилегим орундалып, “Сонун го” китеп дүкөнүнө келип, Садырбек, Болот аттуу балдар менен иштеп калдым. Алар турмуш жагдайдан улам айылга кетишти. Азыр китеп дүкөнүбүз онлайн иштеп жатат. Себеби китеп дүкөндүн ижара акысы сыяктуу чыгымдары каржы жагынан кыйнады. Бирок учурда көгөрүп эле “Аламүдүн” базарына чыгып стол коюп алып китеп сатып жүрөбүз. Башка түшкөн сыноодон улам кайра Англияга кетсемби деп да ойлоп отурам”.

Эсентур Турдукул уулу.
Эсентур Турдукул уулу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын январь айынын алгачкы үч жумасында эле өлкө боюнча 144 өрт кырсыгы катталып, 6 адамдын өмүрү кыйылган.

Ал эми 2023-жылдын 11 айында Кыргызстанда 3116 өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирген. Ага ылайык, өрттөн 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келген. 2022-жылга салыштырмалуу өткөн жылы өрт кырсыгы 15,9% көп болгон.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG