Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

ӨКМ колдо жасалган пиротехникаларды колдонбоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жаңы жыл майрамдарынын алдында пиротехникаларды колдонуу жана аны менен иштөө эрежелерин эскертти.

Мекеме колго жасалган пиротехникаларды колдонбоого чакырды.

"Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз! Анын жарактуу мөөнөтүн текшериңиз. Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаңыз. Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунунчу бар", - деп эскертүүдө аталган мекеме.

Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин суроо, текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал экени белгиленген.

Жаңы жылда колдонула турган жардыргыч оюнчуктар өрт коопсуздугу сакталган соода жайларында гана сатылууга тийиш. Ошондой эле пиротехника менен соода кылууга Ички иштер министрлигинен уруксат кагаз алынышы шарт.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген.

Буга чейин пиротехникадан жеңил жараат алган учурлар катталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG