Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Азербайжанда өрт кырсыгында жети адамдын өмүрү кыйылды


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Азербайжанда 15-январда эмерек ишканасында чыккан өрттөн кеминде жети адамдын өмүрү кыйылды, дагы 24 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Башкы прокуратура териштирүү башталганын, өрт коопсуздугун сактоо эрежелеринин бузулушу жана шалаакылык ыктымалдыгы караштырылып жатканын маалымдады.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча тактала элек.

9-январда борбор калаа Бакуда Төрөт үйүндө чыккан өрттөн төрт ымыркай чарчап калган.

Эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү Азербайжанга көңүл айтып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG