Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн подъездинен чыккан өрттөн 60 киши эвакуация болду


Көп кабаттуу үйдүн подъездинен чыккан өрт.
Көп кабаттуу үйдүн подъездинен чыккан өрт.

13-декабрда таңга жуук Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыгып, 60 киши эвакуация болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында, өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү топ тартылган.

Өрттөн жабыркагандар жок. Ушул тапта кырсыктын келип чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.

7-декабрда Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрткө байланыштуу анын жанындагы жатаканада жашаган чет элдик 40 студент эвакуацияланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG