Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Wildberries күйүп кеткен кампасынын 12 кызматкерин издеп жатат


Орусияда онлайн соода жүргүзүүчү Wildberries компаниясына таандык кампада иштегендердин арасынан дагы 12 киши менен байланышуу аракети уланып жатканы 15-январда кабарланды. Ишкананын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 14-январдын кечине карата дайынсыз болуп жаткандардын арасынан төрт киши менен байланыш болгон.

Кампада иштегендердин бири да дайынсыз катары катталбаганы, маселе алар менен байланышууга мүмкүн болбой жатканында экени, себеби өрт тутанганда көбү имараттан шашылыш чыгып жатып, чөнтөк телефонун жоготуп же калтырып койгон болушу ыктымал экени айтылды.

Wildberries товары күйүп кеткен сатуучуларга да, сатып алуучуларга да акчасын дүйшөмбүдөн тартып төлөй баштарын билдирди.

Санкт-Петербург аймагындагы Шушары кыштагында жайгашкан кампада өрт 13-январда эртең менен тутанган. 70 миң чарчы метр аянтты каптап, эртеси күнү өчүрүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG