Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Казакстанда өзүнө өзү өрт койгон майып киши ооруканада көз жумду


Атырау облусу. Маркум Биржан Баетов турган үй.
Атырау облусу. Маркум Биржан Баетов турган үй.

Бүгүн 17-январда Казакстандын Атырау облусунда өзүнө өрт койгон киши ооруканада каза болгонун «Азаттыктын» казак кызматы маалымдады.

Окуя 13-январда Макат районунун Доссор айылында болгонун, 62 жаштагы жергиликтүү тургун аялы менен уруша кеткенден кийин өзүнө бензин чачып, өрт койгонун, анын денесинин 70 пайызын күйүк басканын журналисттерге маркумдун жакындары айтып беришкен.

Атырау облустук полициясы «өзүн озү жок кылуу» деген берене менен иш козголгонун билдирди.

Каза болгон киши мурда жумушунан колун кырсыктатып алып, 3-топтогу майып болгону, кийин музга тайгаланып жыгылып, бутун да кокустатып алганы, артында алты баласы – 5-22 жаш курактагы эки уулу жана төрт кызы калганы белгилүү болду.

Аялынын айтымында, акчанын жетишсиздигинен, кызганычтан улам алар соңку кезде көп уруша башташкан, 13-январда карызын жабуу үчүн Макат айылындагы банкка насыя алууга барайын десе күйөөсү каршы чыгып, экөө уруша кетишкен.

43 жаштагы аял билдиргендей, каражаттын жетишсиздигинин айынан тамак-аш, кийим, турак жай маселеси үй-бүлөдөгү чырга көп учурда себеп болуп турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG