Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

Караколдо ооруканадан өрт чыгып, 60 бейтап эвакуацияланды


Оорукананын күйгөн шыбы.
Оорукананын күйгөн шыбы.

18-декабрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө чыккан өрттөн 60 бейтап, төрт медицина кызматкери эвакуация болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемемин маалыматына ылайык, тилсиз жоодон оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кеткен. Эч ким жабыркаган жок. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат жетиге жакын Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 7:40та толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG