Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Бишкектеги өрт: Май алмаштырган жайдын жанындагы үй да күйүп жатат


Бишкекте автоунаанын майын алмаштыруучу жайдан чыккан өрт.
Бишкекте автоунаанын майын алмаштыруучу жайдан чыккан өрт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 19-декабрда Бишкекте Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан автоунаа майын алмаштыруучу жайдан чыккан өрт ага жанаша жайгашкан Фрунзе көчөсүндөгү үйгө өтүп, чатыры күйүп кеткенин билдирди. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Мекеменин маалыматына ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен беш топ тартылган. Мындан сырткары “Бишкексууканал” ишканасынан бир суу ташуучу автоунаа, Ички иштер министрлигинен (ИИМ) эки бригада, “Тез жардам” кызматынан, “Бишкекгаз” кызматынан бирден бригада иштеп жатат. Тилсиз жоо саат 16:24тө чектөөгө алынган, азыр толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн болжолдуу аянты 500 чарчы метрди түздү.

Кыргызстанда суук түшкөнү ар кандай өрт кырсыктары катталып жатат. 18-декабрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыгып, 60 бейтап, төрт медицина кызматкери эвакуация болгон.

7-декабрда Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрткө байланыштуу анын жанындагы жатаканада жашаган чет элдик 40 студент эвакуацияланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG