Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Бишкекте машине майын алмаштыруучу жайда өрт чыкты


Өрт өчүрүлгөндөн кийин. Бишкек. 19-декабрь, 2023-жыл.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин. Бишкек. 19-декабрь, 2023-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде машине майын алмаштыруучу жайда өрт чыкканы тууралуу кабар саат 14:55 чамасында түшкөн. Мекеме тилсиз жоо өчүрүлүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди.

Азырынча өрттүн себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.


Жарым сааттай мурун соцтармактарга Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу бийик үйгө жанаша турган имарат катуу күйүп, капкара коюу түтүн асманга чыгып жатканы тартылган тасмалар тараган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG