Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Шинжаң: Кызыл-Суу Кыргыз Автоном облусунда жер катуу силкинди


Шинжаң: Аксу префектурасында жер титирөөдө үй-жайы бузулган тургундар убактылуу баш калкалоочу жайда, 23-январь, 2024-жыл.
Шинжаң: Аксу префектурасында жер титирөөдө үй-жайы бузулган тургундар убактылуу баш калкалоочу жайда, 23-январь, 2024-жыл.

Жер титирөөнүн очогу болгон Кытайда жабыркагандарга жардам жеткирилип жатат. Жергиликтүү медиа бир нече киши жараат алганын, ондогон турак жай урап калганын кабарлады. Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрү кыйылган учурлар катталган жок. Алматы шаарында 44 киши ооруканага кайрылганы кабарланды.

Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы маалымдагандай, Шиңжан аймагында жер титирөөдөн кийин куткаруу жана издөө иштери жүрүп жатат. Чукул кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, бир нече мекеме биргелешип кырсыктан жабыркагандарга чатырларды, жылуу кийим-кече, матрас, жууркан, мештерди жеткирди.

Синхуа агенттиги Кытайдын сейсмологиялык борборуна шилтеме менен зилзала шейшемби, 23-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 2.09да болгонун, күчү 7,1 баллга жеткенин кабарлады. Очогу Шиңжан-Уйгур автономдуу районундагы Аксу префектурасында, Кыргызстан менен чектеш тоолуу чөлкөмдө болгон. Маалыматка ылайык, жер титирегенден кийин артынан бир нече силкинүү катталды. Эң күчтүүсү Кызыл-Суу Кыргыз Автоном облусундагы Ак-Чий ооданында 5,3 баллга жетти.

Эпицентрдин айланасында, 20 чакырым радиуста беш айыл жайгашкан. Баштапкы санак боюнча ал жерлерде кээ бир турак жайлар, сарайлар урады, бир нече киши жеңил жараат алды. CCTV үч кишинин ооруканага жаткырылганын жазды.

“Шиңжан жибао” гезити эки киши оор, төртөө жеңил жараат алганын, 47 там толук талкаланганын, 78инде жаракалар кеткенин кабарлады. Каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы жарыялаган жер титирөө маалында тартылган видеолордон үйлөрдөгү люстралар, эмеректер катуу чайпалганын көрүүгө болот.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын бөлүктөрү жер титирөөнүн очогуна жөнөтүлдү. Шиңжандын бийлиги маалымдагандай, 800 киши, техника жана адамдарды издөөгө машыктырылган иттер күжүрмөн даярдыкка келтирилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары айрым жерлерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, көп узабай калыбына келтирилгенин билдирди.

Кабарларга ылайык, Ингатэ деген айылда чек арачылар жарадар болгон жергиликтүү тургунду куткарышты. Акчы айылында бир кызды урандылар астынан алып чыгышты.

Синхуа ошондой эле 27 поезд сапарын уланта албай калганын, темир жол каттамдары зилзала болору менен дароо токтотулганын кабарлады. Тиешелүү мекемелер темир жолдорго, көпүрөлөргө, башка инфраструктурага келтирилген залаканы текшерип жатышат.

Жер титирөө Шиңжандын Үрүмчү, Хотан жана Кашкар шаарларында сезилди.

Алматы: Ондогон киши ооруканага кайрылды

Казакстанда силкинүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ошондой эле жердин титирегени Астанада, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетисуу, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

“Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, Саламаттык сактоо министрлиги Алматы шаарында 44 киши ар кандай жараат менен ооруканага кайрылганын билдирди. Маалыматка карагана, үч адам зилзала учурунда 2-3-кабаттан секиришкен. Дагы беш адам жер титирегенде үйдөн сыртка чуркап баратып жаракат алышкан.

Социалдык тармактын колдонуучулары сейсмологиялык жактан активдүү аймакта жашаганы менен мурда мынчалык коркушпаганын, көптөрү дүрбөлөңгө түшүп, түн ортосунда ич кийимчен, айрымдары жыңайлак тышка чыгышканын жазууда.

“Азаттык” сөзгө тарткан алматылыктардын айрымдары бийлик өз убагында эскертпегенин сындашты.

Шейшембиде өкмөт жыйынында премьер-министр Алихан Смаилов маалымат өз убагында берилбегендиктен жана жер титирөө маалында көрүлчү чаралардын так алгоритми жок болгондуктан эл дүрбөлөңгө түшкөнүн айтты.

Кытайда буга чейин катуу зилзала өткөн декабрдын ортосунда катталган. Гансу провинциясындагы жер титирөөнүн күчү 6,2 баллга жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG