Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Бишкекте кампалардын биринен өрт чыкты


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

31-декабрда эртең менен Бишкек шаарындагы кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт саат 9:36да чектөөгө алынган, жабыркагандар жок.

Маалыматка караганда Свердлов районунун Хивинская көчөсүндө жайгашкан кампада үйдүн эшиктери сакталып турган. Өрттүн себептери, чыгымы такталууда.

Быйыл 11 айда Кыргызстанда 3116 өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирген. Ага ылайык, өрттөн 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд. сомдон ашык чыгым алып келген. 2022-жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы быйыл 15.9% өскөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG