Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:17

Борбор Азия

Орусия Украинанын энергетика тармагына чабуул койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:20 0:00

Орусия Украинанын энергетика тармагына чабуул жасап, өлкө аймагында электр берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланды. Бул арада Орусиянын Белгород шаары да аткылоого кабылды. Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркаган кызматкер кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды. Бишкектин тургундары тамтыгы чыккан жолдорго нааразы болууда.

Оңдон солго: Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Самат Абиш, азыркы казак президенти Касым-Жомарт Токаев.
Оңдон солго: Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Самат Абиш, азыркы казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү инисинин уулу сегиз жылга шарттуу соттолду. Кезинде Улуттук коопсуздук комитетинде экинчи жетекчи болуп турган Самат Абиш 2022-жылдагы кандуу Каңтар окуясына байланыштуу «кызмат абалынан аша чапкан» деп айыпталган.

“Азаттыктын” казак кызматы менен маек курган эксперттер Абишке карата чыккан соттун чечими мыйзамга каршы келерин билдиришкен.

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш шарттуу түрдө сегиз жылга соттолгонун «Азаттыктын» казак кызматы Астана шаарынын кылмыш иштери боюнча район аралык сотуна шилтеме берип жазды.

Прокуратура Самат Абишке 2022-жылдагы кандуу Каңтар окуясы боюнча «кызмат абалынан аша чапкан» деп айып таккан. Аны сегиз жылга кесип, 10 жыл айрым кызматтарды ээлөө укугунан ажыратууну, бирок жаза чарасын пробациялык негизде шарттуу түрдө чегерүүнү өтүнгөн.

Ишти караган судья прокурордун бул сунушун толук колдогон. Соттук мекеме Самат Абиштин күнөөсүн моюнуна алганын, кечирим сураганын, жашы жете элек балдары бар экенин эске алып, ушундай өкүм чыгарганын маалымдады.

Соттун бул өкүмү коомчулукта кызуу талкууланууда.

"Ар. Рух. Хак” укук коргоо уюмунун төрайымы Бахытжан Төрегожина бул өкүмдү чыгаргандар коомчулуктун пикири менен элдин күтүүсүн эске алган жок дейт:

"Бул акылга сыйбаган чечим. Анткени бийликти кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн "мамлекеттик төңкөрүш" деп аталган аракеттин бардык башка катышуучулары алты жана андан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылган. Актоо өкүмдөрү болгон. Бирок шарттуу жаза таң калыштуу. Дагы бир жолу биздин пикирибиз эске алынган жок. Алар жарандык коом жана жалпы коомчулук чындыкты билүүгө укугу жок деп эсептешет. Экинчиден, бул өкүм бийлик каалаганын кылып, биздин пикирибиз менен эсептешпейт деген билдирип жатат.Коом күткөндөй өкүм чыгарылбаса, бул кандайдыр бир соодалашуу болуп жатканынан кабар берет. Биз муну далилдей албайбыз, бирок өкүмдүн өзү ушул нерсени айтып турат. Башынан эле УККнын төрагасы Карим Масимов жана анын орун басарлары камакка алынып, Самат Абишке бийлик тийбей койгондо, азыркы президент Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаевдин ортосунда соодалашуу жүрүп жатканы ачык эле белгилүү болгон. Эми баары соттолуп, Самат Абишке келгенде эки тарапка тең ылайыктуу “консенсуска” келишти окшойт".

Январь окуясынан кийин ар кандай социалдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн казакстандык социолог, PaperLab изилдөө борборунун эксперти Серик Бейсенбаев сот өкүмү боюнча буларды билдирди:

Серик Бейсенбаев.
Серик Бейсенбаев.

"Самат Абиштин иши коомчулуктун көзөмөлүндө болду. Бирок ага карата соттун чечими көпчүлүк күткөндөй болгон жок. Бийлик айткандай, бул “төңкөрүш аракети” болсо, Абишке карата чыккан сот өкүмү адилетсиз. Бул чечим президент Токаевдин мыйзам үстөмдүгү тууралуу айткандарын жокко чыгарды. Казакстандын мыйзамдары экс-президенттин жакындарына таасир эте албайт деген пикирди бышыктады. Маалымат мүмкүн болушунча жашырылып, сот процесси жабык өттү. Самат Абиш так эмне үчүн соттолгону белгисиз. Элдин маалымат алууга болгон конституциялык укугу кайрадан бузулду. Өкүм тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышы Токаевдин президенттигинин беш жылдыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Коомдо “Токаев беш жылда эмне кылды?” деген суроо жаралышы мүмкүн эле. Ошондуктан бул маалымат ушул мезгилде чыкканы бийликтин элге “Токаев адилеттүү Казакстанды куруп жатат” деп билдиргиси келеринен кабар берет".

Укук коргоочу, январь окуясына байланыштуу иштерди тыкыр иликтеп келген Евгений Жовтис Абиштин өкүмү “соттор бийликке баш ийип турганын көрсөттү” деп эсептейт:

"Бул чечим Казакстандын сот системасынын ишин көрсөттү. Самат Абиш күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташканы айтылды. Бирок бизде өкүм, далилдер же Абиштин иштеги ролу боюнча да маалыматыбыз жок. Ал эми Карим Масимовдун, анын орун басарларынын ролу кандай болду? Бардык процесстер жабык өткөндүктөн, январь окуясына кайсы кызматтарда тургандар, кимдер катышканын божомолдой гана алабыз. Бийлик бул ишти жашыргысы келет, ошондуктан сот процесстери жабык өттү. 2022-жылдагы январь окуясында экс-президент Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү жана анын айланасындагылардын ролу кандай экенин да болжолдоп гана айта алабыз. Менимче, бул мыйзамдын иштебей жатканынан кабар берет."

Январь окуясына тиешелүү иштерге активдүү катышкан юрист, Мажилистин депутаты Абзал Куспан Самат Абиштин өкүмү боюнча Башкы прокуратурага депутаттык суроо-талап жолдогондугун, бул иште бүдөмүк жагдайларды байкаганын айтат:

Абзал Куспан.
Абзал Куспан.

"Мен Казакстандын жараны, юрист катары бул чечимге каршы чыккандарга кошулам. Белгилей кетсек, Самат Абишке тагылган "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып оор кылмыш болуп саналат. Ал арада төрагасы Карим Масимовго “мамлекеттик чыккынчылык”, “бийликти күч менен басып алуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыптар тагылган. Сот Абишке коюлган бир эле айыптын чегинен чыга албай жатат. Бирок ошол бир айып үчүн деле жеңил жаза колдонулганын юрист катары белгилеп коюшум керек. “Кызмат абалынан аша чабуу” беренеси коррупцияга байланышкан кылмыштар категориясына кирет. Бул учурда шарттуу жаза берилбеши керек".

45 жаштагы Самат Абиш 2010-жылдан бери Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинде түрдүү жетекчилик кызматтарды ээлеп, 2015-жылы төраганын биринчи орун басары болуп дайындалган. Бул кызматынан 2022-жылдагы Каңтар окуясынан кийин алынган.

Кошуна өлкөдө 2022-жылы 2-январда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин отставкасын талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев “чет жактан үйрөнүп келген 20 миң террорист Алматыны басып алганын” айтып, күч органдарына аларды атууга буйрук бергенден кийин кеминде 238 адам өлтүрүлгөнү, алардын 19у укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери экени маалымдалган.

Нааразылык акциясына чыккандар террористтер болгонун тастыктаган маалыматын бийлик алигүнчө жарыялай элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG