Мурдагы күйөөсүнүн зомбулугунан жабыркаган Асел Ногойбаева 8-мартта Бишкекте аялдарды коргоо маршында кыздарга, милицияга жана сот органдарына кайрылды. БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева "Талибан" өкмөтүн аялдардын укугун чектеген эрежелерин токтотууга чакырды. АКШнын президенти Жо Байден деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди.
Борбор Азия
жума 8 Март 2024
АКШга мыйзамсыз жол менен барган ондогон өзбекстандык мекенине кайтарылды. Мексика аркылуу кирип, Америкадагы миграция борборлорунда кармалып турган өзбек жарандарынын дагы бир тобу АКШ бийлигин сотко берсе, тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты. Мигранттардын арыз-дооматына эмне себеп? АКШдагы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сунушталган жаңы чаралар борбор азиялык, анын ичинен кыргызстандык мигранттарга кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Биз жана дүйнө" берүүсү бул жолку чыгарылышында АКШга мыйзамсыз барган борбор азиялык миганттардын маселесин талкуулады.