Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Борбор Азия

Акын Аскат Жетиген эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:52 0:00

Оппозиционер Адахан Мадумаровго сот жакын арада чечимин чыгарат. Юристтер эгер саясатчы күнөөлүү деп табылса депутаттык мандатынан ажырашы мүмкүн экенин белгилешет. Орусия менен Украинанын чек аралаш аймактарында кармаш уланууда. Орусиянын эки облусу дрон чабуулуна кабылганы кабарланды. Акыйкатчы институту бир жыл бою зордукталган 13 жаштагы кыздын укугун коргоо үстүндө иштеп жатканын кабарлады. Милиция кылмыш иши козголуп, шектүүлөр аныкталганын билдирди.

Казакстандын азыркы герби жана президенти Касым-Жомарт Токаев. Коллаж.
Казакстандын азыркы герби жана президенти Касым-Жомарт Токаев. Коллаж.

Коңшу Казакстанда мамлекеттик гербди өзгөртүү сунушталып жатат. Казнетте бул сунуш түрдүү пикирлерди жаратты. Мындай демилгени казак президенти Касым-Жомарт Токаев көтөргөн. Ал муну азыркы гербде совет доорунун белгилери бар экени, композицияны кабылдоо кыйын болуп жатканы менен түшүндүрдү.

15-мартта Атырауда өткөн Улуттук Курултайдын жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын гербин өзгөртүү сунушун айтты.

"Мамлекеттик гербге келсек, Казакстандын гербинин кабыл алынышы өтө оор. Анда эклектизм жана совет доорунун белгилери бар деген адистердин жана кызыкдар жарандардын, анын ичинен жаштардын да жүйөлүү аргументтерин эске алуу оң деп эсептейм. Эгерде бир пикирге келсек, бардык өңүттөрүн тыкыр карап чыга турган атайын комиссия түзсөк болот", - деди казак президенти.

Февраль айында бийликчил көз караштагы “Жаңы адамдар” кыймылынын мүчөлөрү өлкөнүн гербине байланыштуу сурамжылоо жүрүп жатканын жарыялашкан. Изилдөөгө Казакстандын Астана менен Алматы шаарларындагы ар кайсы курактагы 500дөн ашык адам катышкан. Кыймылдын маалыматында, респонденттердин 70 пайызы казак гербин "тааныбайм", "айрым элементтердин маанисин түшүнбөйм" деп жооп беришкен.

"Жаңы адамдар" кыймылы жүргүзгөн сурамжылоо учуру.
"Жаңы адамдар" кыймылы жүргүзгөн сурамжылоо учуру.

"Казакстанды кандай сапаттар менен байланыштырасыз?" деген суроого эркиндик, меймандостук, үй-бүлөлүк баалуулуктар, достук жана биримдик деп жооп беришкен. Бирок респонденттердин бири да азыркы гербден бул сапаттарды көрүшпөйт. Өлкөнүн азыркы герби элди бириктирүүчү символбу? Сурамжылоо көрсөткөндөй, эл негизги мамлекеттик символдордун бирин билбейт жана түшүнбөйт. Алар үчүн гербдин мааниси жок", - дейт кыймылдын өкүлү.

Казак президенти анын жыйынтыгын Атырауда жүргөндө жарыялаган.

Жаңы герб жараткан нааразычылык

Социалдык тармактарда азыркы гербди өзгөртүү сунушу кызуу талкууланууда. “Азаттыктын” казак кызматы мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Жандарбек Малибековдун пикирин уккан:

"Президент муну эмне үчүн айтып жатканын билет. Ошондуктан мен президентке каршы сүйлөй албайм. Мен иштеп чыккан гербди парламент бекитип, өлкөгө 30 жыл кызмат кылды. Заман өзгөрөт. Бул маселе комплекстүү каралышы керек, комиссиянын талкуусуна чыгышы керек. Эл чечет, парламент чечет".

Геральдикалык кеңештин мүчөсү, түрколог Каржаубай Сарткожаулы президенттин сунушуна каршы чыккан.

"Мунун баарын токтотолу. Ансыз деле көйгөйлөрүбүз жетиштүү. Биз колониядан жаңы эле чыгып жатабыз, акылга сыйбаган нерселерди кылгандан алыс бололу. Келгиле, буга акыл-эстүү көз караш менен карайлы. Бул гербде түндүк, кереге, жел боо өлкөнүн аталышынан баштап бардык улуттук символдорубуз камтылган. Бул жерде биздин сак доорунан калган бардык баалуулуктарыбыз, каада-салттарыбыз бар", - дейт ал.

“Жаңы адамдар” видеосунун астында бул сунушту сындаган пикирлер пайда болгон:

"Тууну, гербди өзгөртүү жана шаарлардын жана көчөлөрдүн атын өзгөртүүдөн башка көйгөйлөр бар. Мен мунун маанисин түшүнбөйм. Коррупция менен күрөшөлү, инфраструктураны жакшырталы, суу-энергетикалык ресурстарга байланышкан көйгөйлөрдү чечели".

"Гербди алмаштыруу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Коррупционерлердин акча табышынын дагы бир жолу ушул болот".

Жаңы гербге кеткен чыгым

Казак президенти айткан “советтик доордун белгилерин” көбү гербдеги жылдыз менен байланыштырып жатышат.

"Бул символду адамзат байыртадан бери колдонуп келет. Мамлекеттик гербдеги жылдыздын сүрөтү Казакстан элинин дүйнөнүн бардык элдери менен кызматташууга жана өнөктөштүккө ачык өлкө түзүүгө умтулуусун чагылдырат. Казакстан элинин жүрөгү жана кучагы беш континенттин тең өкүлдөрү үчүн ачык", — деп түшүндүрмө берилген Акордонун сайтында.

Казакстандын азыркы герби.
Казакстандын азыркы герби.

“Мамлекеттик символдор жөнүндө” мыйзамга ылайык, герб мамлекеттик органдардын имараттарына, ошондой эле элчиликтердин, эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүктөрдүн, соода өкүлчүлүктөрүнүн, башка расмий чет өлкөлүк мекемелердин, резиденциялардын имараттарына милдеттүү түрдө илинет.

Мамлекеттик гербдин сүрөтү мөөрлөргө жана документтердин бланктарына да коюлат. Эгерде герб өзгөрсө, алардын баарын алмаштыруу керек болот.

Ушундан улам жаңы гербдин чыгымдарын айрым активисттер эсептеп чыгышты. Казакстандык активист жана саясатчы Санжар Бокаев герб алмаштырылса, мамлекет кеминде 10 миллиард теңге сарптай турганын айтып, социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады:

"Диаметри 50 сантиметр мындай гербдин бир даанасы 70 миң теңгедей турат. Мамлекеттик имараттарда илинген диаметри чоңураак герб 140 миң теңгеге жакын турат. Мамлекеттик мекемелердин имараттарындагы, биздин борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарындагы, бюджеттик мекемелердеги гербдерди өзгөртүү үчүн биринчи жылдын ичинде эле 7-8 миллиард теңгеге жакын каражат сарпталат. Ошондой эле бардык мамлекеттик органдар анын ичинен чет өлкөлөрдөгү биздин элчиликтерге жаңы герб менен бланктарды басып чыгарабыз. Мунун баарын кайра басып чыгаруу 2-3 миллиард теңгеге жакын каражатты талап кылат. Азыр бизге мындай чыгымдардын эмне кереги бар? Менимче, кимдир бирөө ушундан жакшы акча тапкысы келет".

Гербди алмаштыргандан кийин улуттук валюта, жарандардын документтерин, кызмат адамдарынын күбөлүктөрүн, расмий документтерди, аскердик билеттерди, пенсиялык күбөлүктөрдү алмаштыруу керек болору жана мунун баары чыгым экени айтылууда.

"Азыр мектептер жетишсиз, жазында жолдордун абалын көрүп жатабыз. Баалардын кескин өсүшү байкалууда, коррупция чектен чыгып, жакырчылык күч алууда. Анан дагы президент реалдуу көйгөйлөр менен алек болбостон, гербди алмаштырууну сунуштап жатат. Анын үстүнө алар карапайым элдин эсебинен алмашат. Балким, кайдагы бир курултайдын ордуна “Акылы тайкылардан коргоо боюнча эксперттик кеңеш” түзүүгө мезгил келди", - деп жазат саясат таануучу Асылбек Бисенбаев.

Буга чейин Казакстандын гербине мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда өзгөртүүлөр киргизилген. 2018-жылы гербдеги “Казакстан” деген жазуу латын арибине алмаштырылган. Ошол кезде гербди алмаштырууга бир гана акимчилик 3,4 миллион теңге короткон. Коңшу өлкөдө 25 миңден ашуун мамлекеттик мекеме бар.

Казакстандын мамлекеттик гербинин кабыл алынганына 30 жылдан ашты. Ал тегерек формага ээ – жашоонун жана түбөлүктүүлүктүн символу. Андан тышкары тулпарлар, боз үйдүн элементтери, беш бурчтуу жылдыз түшүрүлгөн.

Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү тууралуу мыйзамы былтыр декабрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

Министрлер кабинетинин жаңы кабыл алынган туунун техникалык өзгөчөлүгүн бекиткен токтому 29-декабрда кабыл алынган.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жыл, 3-марттагы токтому менен бекитилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG