Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Украина: аягы көрүнбөгөн согуш, дүйнөнү каптаган кымбатчылык


Донецк облусу, Украина. 2023-жыл.
Донецк облусу, Украина. 2023-жыл.

Орусия Украинадагы баскынчылык операциясын баштагандан бери бул согуштун дүйнөгө тийгизген кесепеттерин серепчилер тизмектеп келатат. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европадагы эң ири куралдуу кагылышууга айланган уруш качан аяктары белгисиз. Биз бул согуштун убайымдуу төрт кесепетине токтолобуз.

Украина: урушта туруш жок

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын иштери боюнча адистери билдиргендей, согуш башталгандан бери Украинанын 43 миллиондой калкынын сегиз миллиондон ашууну мекенин таштап, жан сактоо үчүн башка өлкөлөргө жер которду.

Алардын көпчүлүгү Польша, Чехия, Германия баш болгон Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге, бир миллиондон ашууну Грузия, Армения, Түркия, Америка ж.б. жактардан башпаанек табышты.

Дагы беш миллиондой киши уруш жүрүп жаткан аймактардан Украинанын тынчыраак аймактарына көчүп кетти. Kyiv Post басылмасы расмий, бейрасмий булактардан чогулткан маалыматка таянып, согуштан Украинада каза болгондордун санын 45 миңдей адам деп боолгоду. Дагы 15 миңдей аскер дайынсыз. Америкалык расмий булактарга таянып, New York Times гезити быйыл сентябрга чейин украин армиясы 70 миңдей аскерин жоготконун, дагы 100 миңдей аскери жарадар болгонун жазды.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча миссиясы Украинадагы согушта өлгөндөрдүн 11 миңден ашууну жай тургандар, 600гө жакыны балдар экенин билдирди. New York Times эки жылга чукулдаган кеңири куралдуу кагылыштарда эки тараптын жоготуулары жарым миллион адамга жакындаганын билдирди.

Украина согушка мобилизация, чет жактарга агылган миграциядан улам жумушка жарамдуу калкынын дээрлик үчтөн бирин жоготту. Согушка чейин курал-жарак өндүрүшү экономиканын 5% туура келсе, азыр анын көлөмү 30% жакындады, согуш улана берсе дагы көбөйөт. Өлкөнүн энергетика тармагынын 50% талкаланды. Украин өкмөтү билдиргендей, кыйрап-бүлүнгөн турак жайдын саны 120 миңден ашты. Ушунун баарына карабастан, Дүйнөлүк банк быйыл украин экономикасы 3,5% өсүш көргөзөрүн билдирди. Буга чет жактан келген жардам, кайра куруу иштерине салынган инвестиция, өнөр жай ишканалары менен дыйкандардын мээнети башкы себепкер. Быйыл эле Украина согуштан улам чет жактардан 31 миллиард доллардай жардам алды. Азыр дагы чукул арада андан да ири өлчөмдөгү жардам көргөзүлбөсө урушта утуларын эскертип жатат.

Орусия: согуштагы жоготууларды жашыруу саясаты

Москва Украинадагы согушта канча аскерин жоготконүн расмий кабарлабайт. Орус президенти Путин 14-декабрдагы маалымат жыйынында Украинадагы урушка тартылган аскерлердин саны 617 миңге жеткенин билдирди. “Быйыл жыл аягына чейин 412 миңби, 400 миңден ашык аскер кошууну пландаштырып жатканбыз. Кечээ кечинде армияга жазылгандардын жалпы саны быйыл 486 миң адам болгонун айтышты. Мекенимдин кызыкчылыгын коргойм деп согушка аттангандардын агымы азайган жок, күн сайын 1,5 миңдей киши жазылып жатат”, - деди өкүнүч же сыймыктана сүйлөгөнү белгисиз Путин.

1-декабрда ал куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөрдүн санын дагы 170 миң аскерге көбөйтүү тууралуу буйрукка кол койду. Москвалык жетекчилер согушта өлгөндөрдүн санын тактап айтпагандыктан, Би-Би-Си жана “Медуза” кабар агенттигинин журналисттери өз алдынча иликтөө жүргүзүп, Украинада согушуп жүрүп каза тапкан 40 миңдей (акыркы маалыматтар боюнча 80 миң) аскердин ысымдарын такташты.

Түрмөдө отурган жеринен урушка тартылып каза тапкан 100дөй адам борбор азиялыктар болуп чыкты. Армияга чакырылып, же абакта отурган жеринен дайынсыз жоголгон жакындарын издеп жүргөндөр миңдеп саналат. Британиянын Коргоо министрлиги орус армиясынын Украинадагы жоготуулары 300 миңден ашты деп эсептейт.

Орус экономикасы, расмий көрсөткүчтөр боюнча, төмөндөгөн жок. Москвадагы Борбордук банк жыл аягында ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү былтыркыга караганда күтүлгөндөн көбүрөөк, 2,5% жогору көрсөткүчкө жетет деп билдирди.

Мунай менен газды мурдагыдай Батышка саткандын ордуна Орусия эми арзаныраак болсо да Кытай менен Индияга экспорттоп жатат. Чет жактардан ташылып келчү товарлардын далайын Казакстан, Кыргызстан, Армения өңдүү өлкөлөр аркылуу санкцияларды буйтап алдырууда. Financial Times гезити Европадан эле Орусияга 2 млрд долларлык товар дал ушул КМШ өлкөлөрү аркылуу жеткирилгенин кабарлады.

Экономикалык өсүштүн көбү активдешкен аскердик өнөр жай тармагына жана чийки заттар экспортуна туура келет.

“Орус өкмөтү согуш башталгандан бери көп акча басып чыгарып, анын көбүн курал-жарак сатып алууга коротуп жатат. Дүкөндөрдө бирде тооктун эти жоголуп, анан жумуртка кескин кымбаттап, андан кийин ун азыктары азайып, бийликтегилер аларды сыртка чыгарууга тыюу салып, жыртык-тешикти убактылуу чаралар менен бүтөп жатышат. Орусияда азыр эле негизги тармактарда жумушчу күч, адистердин жетишсиздиги катуу сезиле баштады. Элдин алган маянасы, пенсиясы инфляцияга жараша көтөрүлгөн жок. Мунун баары топтолуп отуруп, жакын арада ири кризиске алып келерин адистер эскертип жатышат” – дейт серепчи Максим Блант.

Рублдин наркы төмөндөп, элдин эң аярлуу катмары ай сайын мурдагыдан да жакырланып бараткан кырдаалда көз карандысыз эксперттер эмдиги жылы орус экономикасы рецессияга туш болот деп боолгоп жатышат.

Импорт-экспортто Орусия азыр Кытайга көз каранды болуп баратканы да элдин жашоо-турмушунун сапатына таасир этери талашсыз.

Эл аралык McKinsey консалтинг компаниясынын эсеби боюнча, азыр эле Яндекс такси кызматына 75 миңдей айдоочу жетпей турат.

Жүк ташуучу машине айдоочулары, техникалык кесипти аркалаган инженер, жумушчулардын тартыштыгы улам чоңоюп отуруп, согуш дагы улана берсе төрт-беш жылдан киийн орус экономикасында үч-төрт миллиондой жумушчу күч тартыштыгы пайда болушу мүмкүн экенин эксперттер белгилешет.

Европада жашоо кымбаттады, бирок баалуулуктар бекемделди

Эл аралык энергетика агенттигинин эсеби боюнча, Украинадагы согуш башталганга чейин Европа өлкөлөрү мунай менен чийки газдын жарымынан көбүн Орусиядан сатып алчу.

Согуштун айынан Москвадан газ сатып алууну бара-бара азайтып, токтотууга чейин барган Евробиримдикке мүчө өлкөлөр быйыл суюлтулган газдын көбүн Америкадан, мунай жана башка отундун түрлөрүн Норвегия, Швеция, Франция жана башка жактардан толтура баштады.

Эксперттердин айтымында, Кытай менен Индияга жаратылыш газын Европага караганда арзаныраак баада сатууга аргасыз болгон Орусия акырындап отуруп дүйнөдө көгүлтүр отундун негизги экспортерлорунун бири болбой калат. Европа үчүн бул согуш Орусиядан энергетикалык көз карандылыкты токтотууга жол ачты, экинчи жагынан глобалдык климатка көбүрөөк зыян келтирчү чийки заттарды керектөө да төмөндөйт.

Батыштык өнөктөштөр Украинадагы согуштун айынан Кремлдин саясатын колдогон орус байларынын 30 миллиард доллардай, Орусиянын Борбордук банкына тийиштүү 300 млрд доллардай каражат-мүлкүн камакка алган. Бул байлыктын бир бөлүгү Украинаны кайра курууга жумшалары айтылган.

Башында айтылгандай, Украинадагы согуштун, Орусиядагы мобилизациянын айынан Батышка, дагы башка жактарга качкын макамын сурап агылган кишилердин саны 10 миллиондон ашты.

Бул биринчи кезекте бозгундардын көбүн кабыл алган Европа Биримдигине социалдык, экономикалык жүк келтирди.

Экинчи жагынан Орусиядан газ, кара май албай калган европалык өлкөлөрдө электр, газ, күйүүчү май, алардын айынан негизги керектөө товарлары, үй-жай баасы, ижара акысы кымбаттап, банктардын кредиттик үстөк пайыздары жогорулап, биринчи кезекте калктын ансыз да аз камсыздалган катмарынын капчыгын дагы жукартып, социалдык чыналуу жаратты.

Согуш башталгандан бери эки жылга айланайын деп калган азыркы чакта гана Европа өлкөлөрү энергетика каражаттарына бааны бир аз төмөндөтүп, элдин жашоосун четинен жеңилдете баштады.

Дүйнөнү кризис каптаган жок, бирок далай элдин жашоосу начарлады

Экономикалык, энергетикалык каатчылыкка карабастан, Европа Биримдиги Орусиянын баскынчылыгын кескин айыптап, биринчи күндөн тарта Украинанын аймактык бүтундүгүн, көз карандысыздыгын колдоп чечкиндүү билдирүүлөрлү жасап, Киевге аскердик да, финансылык да жардамын үзгүлтүксүз улантып келет.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель биздин радио менен маегинде:

“Кремлде кандай режим орногонун башынан эле билгенбиз. Ошол режим Европа континентиндеги коопсуздукка коркунуч келтире турганын билебиз. Бул реалдуу коркунуч. Дал ошондуктан биз Европанын суверендүүлүгүн бекемдешибиз керек. Биздин баалуулуктарды жана кызыкчылыктарды коргой турган таасирибизди арттыруу аракетинде иштеп жатабыз”, - деп белгиледи.

Орток демократиялык баалуулуктарды коргоп калуу максатында чыйралып кайраттана түшкөн Евробиримдиктин кеңейүү планы ыкчамдады. Согушка чейин андай дымагы алыскы кыял сезилген Грузия, Молдова, Украина жакында шаркетке кошулууга талапкер макамын алышты. Ондогон жылдар бою нейтралдуу мамлекеттер аталып келген Финляндия НАТОго кошулуп, Швецияны кабыл алуу келишими Түркия менен Венгрия тарабынан гана ратификациялана элек. Саясат таануучулар дүйнө кайрадан экиге бөлүнүп, “кансыз согуштун” арааны жүрүп жатканын белгилешет.

Украина дүйнөдө буудай, жүгөрү, күнкарама майын сатууда, айрыкча Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия аймактарына экспорттоодо башкы орунду ээлегендиктен, согуштун кесепети дээрлик дүйнөнүн чар тарабына жайылды.

Москва согуштун баш жагында Батышты коркутуу ниетинде Украинадан дан азык экспорту үзгүлтүккө учурап, эл аралык тамак-аш коопсуздугуна коркунуч жараларын өктөм эскерткен. Азырынча андай болуп кеткен жок, Кара деңиз жээгиндеги порттордон мурдагыдай көлөмдө болбосо да, дан азык жүктөгөн кемелер жолго аттанууда. Быйыл Украинада өндүрүлүп экспорттолгон дан азыктарынын көлөмү согушка чейинкиге караганда 29% азайганы кабарланды. Ачарчылык каптабаса да, орус-украин согушу бул эки өлкөдө он миңдеген кишилердин өмүрүн алганы аз келгенсип, дүйнөдө энергетика, тамак-аш, жалпы жашоонун кымбатташына алып келип, миллиондогон адамдарды жакырлантканы талашсыз.

Украинадагы согуш узакка созулабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:04 0:00

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG