Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Украиндер Зеленскийге караганда Залужныйга көбүрөөк ишенеби?


Зеленский менен Залужный. Архивдик сүрөт
Зеленский менен Залужный. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүдө украин армиясынын башкы командачысы Валерий Залужный майдандагы абал туңгуюкка кептелди деп эсептебей турганын билдирди.

Ошол эле маалда украин аскерлерине дүрмөттөр жетпей жатканы, айрым жерлерде операциялардан баш тартууга туура келгени маалымдалууда.

Залужный согуш туңгуюкка кептелди деп эсептебейт

“РБК Украина” маалымат порталынын “Уруш талаасындагы кырдаал туңгуюкка кептелди деп эсептейсизби?” деген суроосуна Залужный “Жок”, - деп жооп берди.

Бирок генерал Украина кышында контрчабуулду улантып же улантпай турганын ачык айтпастан, бул маселе абдан сезимтал экенин түшүндүрдү:

Валерий Залужный
Валерий Залужный

“Муну согуш дейт, эмнени пландап жатканымды, эмне кыларыбызды айта албайм. Андай болсо, бул – согуш эмес, шоуго айланып калат”.

Өткөн айда башкы командачы "Орусия менен согуш позициялык урушка айланып баратат, туңгуюкка алып келди, бул – Москванын кызыкчылыгына туура келет" деген ою менен бөлүшкөн.

Бирок президент Владимир Зеленский туңгуюк тууралуу сөздөрдү четке каккан.

Баса, Киевдеги эл аралык социология институту 18-декабрда сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, респонденттердин көбү президентке караганда Залужныйга көбүрөөк ишенет экен. Зеленскийге изилдөөгө тартылгандардын 62% ишеним артарын айтса, 18% ишеним билдирген эмес. Башкы командачыга суралгандардын 88% ишенерин билдирди. 55% экөөнө тең ишенет.

“РБК Украина” жазгандай, өткөн жылы мамлекет башчыга ишенгендердин саны 84% болчу.

Фронтто курал-жарактын тартыштыгы сезилүүдө

Эксперттердин баамында, сентябрдан бери Батыш Украинага берилген аскердик жардамдын көлөмүн кыйла азайтты. Курал-жарак, техника жетишсиз, жардам мындан ары кыскарат деген коркунуч жок эмес.

6-декабрда АКШнын Сенаты Украинага 61 млрд доллар аскердик жардам берүү маселеси каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон.

Андан көп өтпөй, Венгриянын ветосунан улам, Евробиримдик 50 млрд евро экономикалык жардам берүү чечимин кабыл албай калды.

Дүйшөмбүдө украин армиясынын бригадалык генералы Александр Тарнавский чет өлкөлөрдөн жардам аз берилгендиктен, артиллериялык дүрмөттөр тартыш экенин, жоокерлер айрым операциялардан баш тартууга аргасыз болуп жатканын билдирди:

"Керектөөнү эске алганда, дүрмөттөрдүн азыркы көлөмү жетишсиз. Ошондуктан аларды кайра бөлүштүрүүгө туура келүүдө. Алдыга коюлган максаттарды кайра пландап, санын азайтып чыгуудабыз. Себеби, аскерлерди ок-дары менен камсыздоо зарыл".

Бахмуттагы украин аскерлери. 15-декабрь, 2023-жыл
Бахмуттагы украин аскерлери. 15-декабрь, 2023-жыл

Тарнавскийдин айтымында, түштүк-чыгыш фронтто куралдуу күчтөр коргонуу позицияларына өттү.

“Таврия” ыкчам тобунун командачысы түштүк флангдагы контрчабуулду жетектеген. Анын жүрүшүндө былтыркы ноябрда орус аскерлери Херсон шаарынан жана Днепр дарыясынын батыш жээгинен сүрүлүп чыккан. Бул Киевдин азыркыга чейин акыркы ири ийгилиги бойдон калууда.

Быйыл ал Запорожье облусунун түштүк-чыгышындагы ири чабуулда чоң роль ойноду. Генералдын кол астындагы бөлүктөр орус армиясынын миналарга шыкалган коргонуу тилкелеринен өтүүгө жетишкен.

Ошол чабуулга негизинен туруштук берген Орусия эми Украина чыгышында чабуулун күчөтүп, Авдеевка шаарын курчоого алуу аракетин көрүп жатат.

Тарнавский эң айыгышкан кармаштар жүрүп жаткан калааны коргоону көзөмөлдөйт.

"Орус аскерлери үч айдан бери Авдеевканы алууга аракеттенүүдө. Кээ бир тилкелерде алар 1,5-2 чакырым алдыга жылууга жетишти. Балким, алар өздөрү үчүн маанилүү районду, конкреттүү жерди же чекти ээлеп алдык, эми алдыга жылабыз деп ойлошот. Бирок ал андай эмес. Бүгүн душман көптүгүнө салып бизге басым жасап жатат. Алар эч качан аскерлерин ойлогон эмес жана ойлошпойт”, - деп айтты генерал.

"Агрессияга туруштук берүү үчүн аскерлер зарыл

Украин армиясынын жетекчилиги аскерлердин чарчап-чаалыкканын, аларды өз убагында ротация кылып туруу мүмкүн болбой жатканын белгилешет.

Залужный жогоруда сөз болгон маекте мобилизацияны мурдагы тартипте жүргүзүү керектигин белгиледи. Украинанын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөргө жаңы кишилерди алуунун жаңы жол-жобосун иштеп чыгып, ага ылайык, ар бир украиналык өзү кызмат өтөөнү каалаган бөлүктү тандай алат.

Украина: Майданда жанган үмүттүн 10 жылы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Ал эми Чалгын башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов 17-декабрда Орусиянын агрессиясына туруштук берүү үчүн мобилизацияны азыркы ыргакта улантуу керек деп айтты:

“РБК Украина” порталынын маалыматында, бийлик мобилизация тууралуу жаңы мыйзам долбоорун жыл соңуна чейин кабыл алышы мүмкүн.

14-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы аскерлердин саны 617 миңге жетерин, ушу тапта мобилизациянын кереги жок экенин айткан.

Ошол эле маалда ал 1-декабрда куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөрдүн санын 170 миңге көбөйтүү буйругуна кол койгон.

Путин согуш Украинаны "денацификациялоо, демилитаризациялоо, бейтарап статуска келтирүүнү көздөрүн" кайталап, ошол максаттарга жеткенде тынчтык орной турганын билдирген.

Одесса облусу орус армиясынын соккусунан кийин. Украина. 17-декабрь, 2023-жыл
Одесса облусу орус армиясынын соккусунан кийин. Украина. 17-декабрь, 2023-жыл

Москва кошуна өлкөнүн аскердик жайларына гана сокку урганын айтканы менен күн сайын карапайым украиналыктар арасындагы жоготуулар тууралуу кабарланып келет.

Бириккен Улуттар Уюму 21-ноябрда Орусия басып кирген былтыркы февралдан бери Украинада 10 миңден ашуун жайкын тургун курман болгонун билдирип, чыныгы көрсөткүч мындан көп болушу мүмкүн экенин, себеби кармаштар жүрүп жаткан аймактарда эсеп жүргүзүүгө шарт жоктугун белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG