Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Украина: контрчабуулду жайлаткан себептер. Согуш канчага созулат?


Украин аскерлери. 8-ноябрь, 2023-жыл.
Украин аскерлери. 8-ноябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын күн сайын тынымсыз аткылап жатат. Киев облусунда 10-ноябрга караган түнү учкучсуз учактарды байкап, абадан коргонуу күчтөрүн иштеткенин облустук аскердик администрация билдирди.

Ал эми согуш тилкесинде кырдаал кандай? Беш ай мурда башталган украин контрчабуулунун солгундашынын себеби эмнеде?

Авдеевка үчүн айыгышкан кармаш

Украинадагы согуштун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн Deep State долбоору 9-ноябрга караган түнү орус армиясы Авдеевка шаарынын түндүк-батышында жайгашкан Степное айылында алдыга жылганын кабарлады.

“Душман дароо эки багыттан бастырып кирди”, - деп жазды долбоордун аналитиктери.

Алар кошумчалагандай, согуш талаасында кырдаал тез өзгөрүп, айрым позициялар улам бир тараптын колуна өтүп жатат. Маалыматка караганда, орус күчтөрүнүн аскерлеринин саны үстөмдүк кылууда.

Deep State жарыялаган картадан орус армиясы Авдеевкадагы кокс чыгарган заводго жакындаганын көрүүгө болот. 6-ноябрда калаа бийлиги заводдун акыркы 16 кызматкери эвакуация болгонун билдирген.

Украин күчтөрү калааны орус армиясынын курчап алышына жол бербөө аракетин көрүп жатат. Авдеевкага чабуулду орус күчтөрү 10-октябрда баштап, алгачкы күндөрү чоң жоготууларга учурганы маалым болгон. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту орус армиясы жүздөн ашуун аскеринен жана жүздөн көп брондолгон техникасынан ажыраганын кабарлады.

Айрым эксперттер украин күчтөрү курчалып “казанда” калып калышы мүмкүн деп кооптонушат.

Маалыматтарга караганда, соңку күндөрү Украина тажрыйбалуу жана абдан жакшы жабдылган 47-бригаданын бөлүктөрүн Авдеевка тарапка которду. Украиналык аскердик аналитик Михаил Жирохов бул калааны басып алуу боюнча саясий чечим жана буйрук бар деген пикирде.

“Украин армиясы мурдагыдай чабуул койбой калды. Алар Запорожье жана Херсон багыттарында жайлай түштү. Ошондуктан орус армиясы жай бою топтогон резервдерин саясий максатка жетип, Авдеевка шаарын алууга салды. Бул калааны алуу стратегиялык көз караштан караганда чоң мааниге деле ээ эмес. Бул согуш сызыгын түздөө гана десек болот”, - деди Жирохов.

Авдеевка шаардык аскердик администрациясынын жетекчиси Виталий Барабаштын айтымында, калаа орус армиясынын үчүнчү чабуулуна даярданууда. Калаа күн сайын 40-50 жолу жапырт аткылоого кабылууда. Орусиянын көзөмөлүндөгү украиндердин Донецк шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Авдеевкада согушка чейин 30 миң киши жашаса, учурда алардын 1,5 миңдейи гана калган.

Түштүк фронттогу ийгиликтер

Украинанын коргонуу күчтөрү Мелитопол, Бахмут багыттарында контрчабуулун улантууда. Ошол эле маалда украин армиясы Днепр дарыясынын сол жээгинде кеминде эки плацдармды ээлей алганы кабарланды.

Эки аптадан бери украин деңиз аскерлери жана башка бөлүктөрдүн жоокерлери орус күчтөрүнүн аткылоосуна туруштук берип, дарыяны кечип өтө алды. Эксперттер белгилегендей, орус армиясына каршы турган фронт ачуу үчүн украин армиясы дарыянын сол жээгине көбүрөөк аскерин жана оор аскердик техникасын алып барышы зарыл.

Аскердик блогерлер жазгандай дарыянын сол жээгине өтүү менен соңку кездери начарлап кеткен контрчабуулда кандайдыр бир үмүттүн шооласы пайда болду.

Украин армиясы Азов деңизине жетип, Орусия менен аннексияланган Крымды байланыштырган жолду бууп салууну көздөйт.

Украин армиясынын контрчабуулу

2022-жылдын экинчи жарымында Украина өз аймактарын орус күчтөрүнөн кайтарып алууга катуу киришкен соң, Киев жана анын союздаштары узундугу 1000дей чакырымды түзгөндөн кийин согуш тилкесинде алдыда дагы албан ийгиликтер күтүп турганына терең ишенген.

Курал-жабдык, анын ичинде заманбап танктарды жана ракеталарды жөнөтүү тууралуу Батыштын убадасы бул ишенимди дагы бекемдеген. Анткен менен баары күтүлгөндөй болгон жок. Буга орус армиясынын мыкты коргонуусу дагы тоскоолдук жаратты.

Контрчабуул башталган бир нече күндөн кийин украин аскерлери "Суровикиндин сызыктарына" жакындашты. Аларды Орусия бир нече ай бою курган. Ал “сызыктар” үч баскычтан турат. Бул терең казылган траншеялар, "ажыдаардын тиштери" деп аталган үч бурчтуу бетондон жасалган тоскоолдуктар, анан миналанган талаалар. Бул коргонуу системасы орусиялык генерал Сергей Суровикиндин буйругу менен курулган.

Контрчабуул башталган беш айдан бери украин күчтөрү Донецк менен Запорожье облустарында 14 айылды өз карамагына кайтара алды.

Украин аскерлери белгилегендей, Запорожье облусунда алар Вербовое айылынын жанындагы орус армиясынын коргонуу тилкелеринин биринчи сызыгын гана жырып өтүп, аскердик кампаларга жана базаларга сокку ура алган. Анткен менен бул жетиштүү эмес. Аскерлер орус армиясы алардын логистикалык маршруттарына абадан чабуул коюп жатканын айтышууда. Жаан-чачын дрондордун, чалгын техникаларынын жана танктардын ишине дагы тоскоолдук жаратууда.

Бирок баары контрчабуул күтүлгөндөн алда канча жай жүрүп жатканын айтышууда.

Украин кураалдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный The Economist басылмасына курган маегинде куралдуу жаңжал жаңы баскычка өтүп, позициялык согушка айланганын, бул – Орусиянын кызыкчылыгына дал келет деген ою менен бөлүштү.

"Алсыратуучу уруш украин армиясын жана элин чоң коркунучтарга кептеши мүмкүн", - деген генерал бул тузактан суурулуп чыгуу үчүн Киев абадан артыкчылыкка, жаңы технологияларга ээ болууга тийиш деп белгиледи.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башчысынын мурдагы орун басары, отставкадагы генерал-лейтенант Игорь Романенконун айтымында, контрчабуулдун күтүлгөндөн чабал болушуна Батыштын курал-жабдыгынын кеч келиши себеп болгонун айтууда.

Мындай пикирге британиялык журналист, Европа саясатынын анализ борборунун аналитиги жана улук эксперти Эдвард Лукас да кошулат. Анын айтымында, Батыш убагында керектүү курал-жабдыкты бербегени үчүн кырдаал татаалдашып кетти.

“Мунун себеби биз убагында керектүү курал-жабдыкты жеткире албаганыбыз. Менимче, эгер биз Украинаны 600 күндөн кийин эмес, согуштун башында эле F-16, ATACMS, HIMARS системалары, танктар жана башка керектүү курал-жабдыктарды берсек баары башкача болмок. Бирок биз эл аралык геосаясат боюнча эки жылдык магистрдык программага тартылып калдык, анын куну украиндердин төгүлгөн каны болду. Мениме, бул маселе сындоого татыктуу” ,- дейт Эдвард Лукас.

Батыш убада кылган F-16 аскердик тик учактары Киевге бир нече айда гана келиши мүмкүн. Ал эми алардын учкучтарынын машыгуусуна дагы бир нече ай кетет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский. 21-март, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 21-март, 2023-жыл.

Эми эмне болот?

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында жана түштүгүндө контрчабуул жай жүрүп жатканын белгилеп, кийинки жылга карата конкреттүү планы бар экенин кошумчалады.

"Азыр айрым нерселер менен бөлүшө албайм. Ооба, бизде план бар. Бизде кайда баратканыбыз тууралуу, контрчабуулду каякта өткөрүп жатканыбыз тууралуу конкреттүү багыттар, конкреттүү шаарлар бар. Өзүңөр билгендей, мен бардык чоо-жайы менен бөлүшө албайм. Өлкө түштүгүндө биз аз да болсо алдыга бир нече кадам таштай алдык. Андан тышкары чыгышта жана меничме, Херсон облусунун жанында жакшы кадамдар. Алдыда бизди ийгилик күтүп турарына ишенем. Албетте бул оңой эмес", - деди Зеленский.

“Демократия үйү” аналитикалык борборунун саясий эксперти Анатолий Октисюктун эсебинде Украинанын жеңиши үчүн Батыштын курал-жабдыгы, ички экономиканын жана жарандардын мобилизациясы керек. Ошол эле маалда ал бул согуш дагы канчага чейин уланарын эч ким айта албайт дейт ал.

“Баары тез аяктап кетиши да мүмкүн же болбосо ондогон жылдарга да созулушу ыктымал. Кайнап турган фаза позициялык согушка өтүп кетиши мүмкүн. Анда Донбасстагы 2015-жылдан 2022-жылга чейинки убакыттай кырдаал кайталанат. Бул деген жаңжалды чечүү эмес “тоңдуруп” койгонго барабар болуп калат”, - дейт Октисюк.

Ал эми немис аскердик аналитиги Карло Масаланын украин армиясы эмдиги жылдын жазындагы контрчабуулда кандайдыр бир натыйжа көрсөтө алышы мүмкүн деген ойдо. Бул тууралуу ал DW ("Немис толкуну") агенттигине курган маегинде айткан.

"Украин куралдуу күчтөрү быйыл Азов деңизине жете албайт деп ойлойм. Согуш албетте уланат. Украин арсмиясынын кийинки чабуулу эмдиги жылдын жазында, Киев F-16 аскердик тик учактарын алганда башталат. Анткени Украинанын учурдагы эң алсыз жери фронттогу бригадаларын абадан коргой албагандыгы", - дейт Масала.

Саясий илимдеринин доктору Михаил Савва Украинанын жеңиши үчүн Батыштагы өнөктөштөрдүн колдоосунан тышкары, украиндердин эрктүүлүгү, биримдиги жана бул согушта жеңүүгө болгон каалоосу маанилүү экенин баса белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG