Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

"Путиндин Украинадагы согушта жеңишине жол бере албайбыз"


Владимир Зеленский жана Жо Байден. Вашингтон. 21-сентябрь, 2023-жыл
Владимир Зеленский жана Жо Байден. Вашингтон. 21-сентябрь, 2023-жыл

Шаршембинин кечинде АКШнын Сенаты Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койду. Добуш берүү алдында президент Жо Байден Вашингтон Владимир Путиндин согушту жеңишине жол бере албасын айткан.

Күтүлгөндөй эле республикачыл партиянын өкүлдөрү Мексика менен чек араны чыңдоого, иммиграциялык саясатка артыкчылык берилүүгө тийиш деген позициясынан тайган жок.

Сенаттагы добуш берүү

Мыйзам долбооруна республикачылардын бардыгы жана көз карандысыз сенатор Берни Сандерс каршы добуш беришти. Республикачыл мыйзам чыгаруучулардын көбү Киевге жардам берүүнү улантууну колдогону менен, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда. Ал эми Сандерс Израилдин «гумандуу эмес аскердик стратегиясына» тынчсыздануусун билдирип келет.

АКШнын Конгресси
АКШнын Конгресси

Натыйжада долбоорду 49 сенатор колдоп, 51и «жок» деп добуш беришти. Акча бөлүү жөнүндө талкууну баштоо үчүн 60 добуш зарыл болчу.

Сенаттагы республикачыл азчылыктын лидери Митч Макконнелл «Американын улуттук коопсуздугундагы артыкчылыктуу, анын ичинен өлкөнүн өзүндөгү маселелерди чечүү зарылдыгын» белгиледи.

Колго салынган мыйзам долбоорунда чек араларды бекемдөөгө, Украинага жана Израилге аскердик жардам, Газага гуманитардык жардам бөлүү каралган.

Демократтар менен республикачылар Украина менен Израилге акча бөлүү маселесинде бир нече жумадан бери мунаса таба албай келатышат.

Октябрдын аягында президент Жо Байден Конгресстен эл аралык коопсуздукка жумшалчу каражатты бекитүүнү өтүнгөн. Украинага ал пакеттин алкагында 61 млрд доллар берилмек.

“Путиндин жеңишине жол бере албайбыз"

Сенаттагы добуш берүү алдында Байден мыйзам чыгаруучуларга кайрылып, Конгресстен Кристмасс (жаңы жыл) майрамдарына чейин Киевге мындан аркы каржылык жардамды бекитүүнү талап кылды:

"Путиндин Украинадагы аёосуз аракеттерине күбө болдук. Башка өлкөгө басып кирип, кошунасын өзүнүн темирдей бийлигине баш ийдирүүнү көздөп жатат. Украинанын тынч элине каршы ырайымсыздык кылууда, энергетика секторун бомбалап, элди кычыраган кыштагы суукта, караңгыда калтырууга аракеттенүүдө".

Байден Орусия жеңсе, Украина менен токтоп калбай, башка өлкөлөргө, анын ичинен НАТОдогу союздаштарга да чабуул коюшу ыктымал деп ишенерин белгиледи.

“Андай болсо, америкалык армиянын орус армиясы менен кармашына жетиши мүмкүн”, - деп айтты АКШнын мамлекет башчысы.

Жо Байден
Жо Байден

“Путиндин жеңишине жол бере албайбыз. Бул биздин улуттук коопсуздугубузга, өнөктөштөрүбүздүн эл аралык кызыкчылыктарына төп келет. Украинага жардам берүүнүн үзгүлтүккө учурашы Путиндин позицияларын күчтөндүрөт”.

Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Киевге жалпысынан 110 млрд доллардан көп жардам бөлдү.

Орусия Одессадагы маанилүү портко сокку урду

Сенаттагы добуш берүү алдында Reuters агенттигинин кабарчысы сөзгө тарткан Киевдин тургундары Батыштын аскердик жардамы кечеңдегенине тынчсыздануусун билдиришти:

"Кошмо Штаттар жардам бербесе, Украинага абдан жаман болот. Өзүбүз көбүрөөк акча чогултууга, ыктыярчыларды көбүрөөк тартууга аргасыз болобуз деп ойлойм. АКШнын жардамы токтосо, терс таасир этет", - деп айтат Анна Никитенко.

Евгений Ризаев да ушундай эле ойдо: "АКШ колдоосун токтотсо, арты биз үчүн жакшы болбойт. Европа Биримдигинин кээ бир өлкөлөрү жардам берүүнү улантат деп үмүттөнөм. Германия аскердик жардамын көбөйтүүдө жана колдоп жатат. Кыйын болуп калат, бирок биздин колубуздан эмне келет? Коргоно беребиз".

Ал арада 7-декабрда украин президенти Владимир Зеленский Токио Киевге 1 млрд доллар кошумча жардам бөлүүгө убада бергенин, бул акча өлкө экономикасына “чоң колдоо” болорун билдирди.

Шаршембиде Вашингтондо АКШнын жана Украинанын коргоо министрлери Ллойд Остин менен Рустем Умеров жолугушту.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү ошол эле күнү курал-жаракты биргелешип чыгарууну тездетүү жана маалымат алмашуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Измаил порту. Архив
Измаил порту. Архив

Орус армиясы бейшембиде да кошуна өлкөдөгү ар кайсы жерлерди учкучсуз учактардан аткылоону улантты. Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Измаил портундагы маанилүү инфраструктура соккуга учураганын Телеграм-каналга жазды.

Анын айтымында, бир айдоочу каза болду, буудай элеватору, дан сакталган кампа, жүк ташыган машиналар зыян тартты.

Ага чейин украин аскерлери Одесса жана Хмельницкий аймактарында Иранда жасалган 18 дрондун 15и атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Ошондой эле Донецк облусундагы Авдеевка шаары үчүн кармаш уланууда. Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бейшембиде эртең менен маалымдагандай, майдандын 94 жеринде салгылаш жүрдү, Авдеевкада аскерлер 34 чабуулдун мизин кайтарды.

Далилдер көп экенине карабай, Украинага басып киргенден бери Москва жарандык жайларды бутага албаганын айтып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG