Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Украина: Зеленскийдин убадасы, Пригожиндин Кремлге эскертүүсү


Украин президенти Владимир Зеленскийдин Пасхага карата видео кайрылуу жолдоду.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин Пасхага карата видео кайрылуу жолдоду.

Украин президенти Владимир Зеленский Пасха майрамына карата жолдогон кайрылуусунда Киев орус күчтөрү ээлеп турган аймактарды бошоторун белгиледи. "Вагнер" жалданма күчтөрүнүн башчысы Евгений Пригожин узакка созулган согуш Орусиянын ыдырашына себеп болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Украина православ христиандарынын Пасха майрамын экинчи жыл катары менен согуш абалында белгилеп жатат.

Президент Владимир Зеленский Украинадагы православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктаган видео кайрылуусунда Орусия украин жергесине басып киргенине 417 күн болгонун белгилеп, украиндерди жеңишке ишенүүгө чакырды.

Ал жекшембиде жарыяланган бул билдирүүсүндө украин эли узак жолду басып өткөнүн, балким алдыда дагы оор күндөр күтүп турушу мүмкүндүгүн айтып, Киев Орусия ээлеп алган аймактарды бошото турганын баса белгиледи.

"Биз кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз. Баарыбыз бирге таңды көрөбүз. Биздин өлкөнүн бардык аймагында таң атып, күн чыгат. Биздин көк жана сары түстөгү желегебиз кудай берген жерибизде, карасанатайлар басып алган бардык аймактарда желбирейт. Биздин желек Азов деңизинин жана Северский Донец дарыясынын жээгинде, Ай-Петри чокусунда илинет. Түштүктө, чыгышта жана Крымда күн чайыттай ачылат", - деди Зеленский.

Орус президенти Владимир Путин да Пасхага карата Москвадагы башкы храмдагы диний жөрөлгөлөргө катышты. Путиндин Орусиядагы православ христиандарына жолдогон кайрылуусунда Украинадагы согуш тууралуу сөз болгон жок. Кремль билдиргендей, Путин Орусиянын православ чиркөөсүн "олуттуу кыйынчылыктар маалында кайрымдуулук менен жигердүү алектенип жатат" деп кубаттады.

Орусиядагы православдардын патриархы Кирилл Москванын оң миңдеген адамдын өмүрүн алган жана миллиондогон адамдарды жер которууга аргасыз кылган Украинадагы согушуна баштан бери колдоо көрсөтүп келет. Ал Пасхага арналган диний жөрөлгөлөр маалында бул согушту "биздин тарыхый орус жергебизде орун алып жаткан ички карама-каршылык катары мүнөздөлө турган кайгылуу окуя" деп сыпаттады.

Туткун алмашуу, токтобогон чабуулдар

Мекенине кайткан украин туткундары. 16-апрелде таратылган сүрөт.
Мекенине кайткан украин туткундары. 16-апрелде таратылган сүрөт.

Пасхага карата карата Украина менен Орусия ондогон туткундарды алмашканы белгилүү болду.

Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак 16-апрелде Телеграмга жазгандай, туткун алмашуунун натыйжасында Орусия 130 украиналыкты мекенине кайтарды. Ермак Украина канча орусиялык туткунду бошотконун тактаган жок.

Бир нече күн мурда Киев 106 орусиялыкты 100 украин жаранына алмашкан болчу.

Эки өлкө үчүн маанилүү майрамга карабастан Украинанын чыгышында куралдуу кармаш, түштүк-чыгышында жана түштүгүндө адам өмүрүн алган чабуулдар токтогон жок.

Жекшембиге караган түнү орусиялык күчтөр Украинанын Запорожье жана Николаев облустарына сокку урду. Николаевдеги аткылоодон 2005-жылы туулган эки бала набыт болгонун облустун башчысы Виталий Ким билдирди. Анын айтымында, аткылоодон Снигирёвка шаарындагы турак үйлөр, оорукана жана маданият үйү зыян тарткан. Ким соккулар С-300 зениттик-ракеталык системасынан урулганын айтты.

Запорожьенин аскердик жетекчилиги билдиргендей, жекшембиге караган түнү Камышеваха конушунда "ири чабуулдан" жергиликтүү чиркөө зыянга учурады. Чабуул маалында чиркөөдө адамдар болгон эмес.

Словянск шаарында Орусиянын 14-апрелдеги аба чабуулунан каза тапкандардардын саны 11 кишиге жетти. Далилдерге карабастан Москва Украинада жайкын тургундарга сокку урганын четке кагып келет.

Украин армиясы соңку бир сутканын ичинде Донецк облусундагы Бахмут шаарынын айланасында орус күчтөрүнүн 60тан ашуун чабуулу катталганын билдирди.

Бахмут үчүн күрөш

Бахмуттагы украин аскерлери, 13-апрель 2023-жыл.
Бахмуттагы украин аскерлери, 13-апрель 2023-жыл.

Орус күчтөрү, анын ичинде Путиндин "ашпозчусу" атыккан Евгений Пригожин көзөмөлдөгөн "Вагнер" тобунун жалданма күчтөрү бул шаарды басып алууга бир нече айдан бери жан үрөп келет.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков "вагнерчилер" шаардын четиндеги эки аймакты ээлегенин 15-апрелде айтты.

"Донецк багытында Артемовск (Бахмут) шаары үчүн айыгышкан кармаш уланууда. Жигердүү аскердик аракеттердин натыйжасында "Вагнердин" чабуул коюучу бөлүктөрү алдыга жылып, шаардын түндүк жана түштүк тарабында эки аймакты ээледи", - деди Конашенков.

Согуш тилкесиндеги абал тууралуу мындай маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Британиянын чалгын кызматынын 14-апрелдеги аналитикалык маалыматына ылайык, Орусия Бахмуттагы чабуулдарын кайра жандандырууда жана орус армиясы менен "Вагнер" тобунун ортосунда "кызматташуу" мурдагыдан жакшырды.

Британ тарап билдиргендей, украин күчтөрү Бахмуттун айрым аймактарынан чегинүүгө аргасыз болсо да шаардын батышындагы райондорду көзөмөлдөп турат.

Украинанын армиясы Бахмуттагы күчтөрү менен туруктуу байланышта экенин, аларды керектүү каражаттар менен жабдып жатканын билдирүүдө.

Пригожиндин эскертүүсү

Расмий Киев жакында украин аймактарын бошотуу үчүн контрчабуулдарын баштай турганын ишарат кылып келет.

14-апрелде Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов украин күчтөрү Крымды да орус аскерлеринен бошотууну көздөй турганын билдирген.

"Крым Украинанын аймагы. Биздин аймактарды бошотууга жардам бере турган, эл аралык мыйзам тыюу салбаган бардык курал-жаракты сынап, колдонобуз", - деп жазган Твиттерге Данилов.

Эл аралык кылмыш сотунун кармоо ордерине туш болгон Владимир Путин орус армиясына Украинадагы Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын толук көзөмөлгө алуу буйругун берген. Москва бул аймактарды аннексиялаганын жарыялаганы менен иш жүзүндө облустардын көбүн толук көзөмөлдөбөйт. Эл аралык коомчулук Кремлдин украин аймактарынын аннексиясы тууралуу чечимин тааныбайт.

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын 43-президенти Жорж Буш жана Евгений Пригожин, 2006-жылдын июль айы.
Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын 43-президенти Жорж Буш жана Евгений Пригожин, 2006-жылдын июль айы.

"Вагнер" тобунун башчысы 14-апрелдеги Телеграмга жарыяланган билдирүүсүндө Украинадагы согушту токтотуп, анын "максаты ишке ашты" деп жарыяласа болорун белгиледи. "Азаттыктын" орус кызматы жазгандай, бул билдирүүдө Пригожин узакка созулган согуш Орусиянын ыдырашына себеп болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Ал орус элитасын "тереңдиктеги мамлекет" деп атап, кечээ эле Орусиянын "аскердик операциясын" колдогон жетекчилер эми андан күмөн санап же ага каршы чыгып жатканын айткан.

Пригожиндин жазганына ылайык, орус элитасынын согушка каршы чыккан өкүлдөрү аскердик аракеттерди ийгиликтүү ишке ашырууну көздөгөн чечимдерди аткарбай, саботаж кылып жатат.

"Жыйындар маалында алар үн катпайт, күмөн санаган ойлорун айтышат. Бюрократиялык процедуралар боюнча чечимдерди кабыл алууга келгенде жеңишке багытталган тигил же бул аракеттерди кечеңдетишет", - деп жазган Пригожин.

Ал Украинанын күтүлүп жаткан контрчабуулу согуш тилкесин жырып өтүшү мүмкүндүгүн, бул орус армиясындагы маанайга терс таасирин тийгизерин эскерткен.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG