Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Арменияда чек ара маселесинен улам өкмөт башчы Пашиняндын отставкасын талап кылган акция өтүүдө


Ереван. 2024-жылдын 9-майы.
Ереван. 2024-жылдын 9-майы.

Арменияда архиепископ Баграт Галстаняндын өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын жана ал башкарган өкмөттүн Азербайжан менен чек ара маселеси боюнча келишкен чечимине байланыштуу кызматтан кетүүсүн ачык талап кылып жаткан чакта борбор калаа Ереванда бүгүн 9-майда он миңдеген киши чогулган акция өтүүдө.

Архиепископ өзү баштаган нааразылык акциясында армян-азери чек ара тилкесиндеги советтик мезгилде Азербайжандын бөлүгү болгон, кийин 1990-жылдардан бери Армения көзөмөлдөп келген талаштуу төрт айылды азери тарапка өткөрүп берүү тууралуу келишимге каршылык айтылууда.

Келишимди АКШ, Европа Биримдиги жана Пашинян өзү да кубатташкан, ал эми армян оппозициясы аны аталган айылдардан эч кандай кепилдик албай туруп баш тартууда деп айыптоодо.

Еревандын борбордук аянтында чогулган миңдеген тарапташтары алдында Галстанян Пашинянга кызматтан кетүүсүнө бир саат убакыт берилерин билдирди.

30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар 52 жаштагы архиепископ Галстанянды орусиялык тыңчы деп атап, аны Азербайжан менен мамиленин кайрадан чыңалышын козутууда деп айыпташкан.

Пашинян чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин айткан.

Соңку отуз жылда эки өлкө Советтер Союзу урагандан кийин этникалык армяндар отурукташкан анклавга айланган жана Азербайжандын аймагы деп эл аралык деңгээлде таанылган Тоолуу Карабак боюнча үч жолу согушту, бул окуялар адам өлүмү менен коштолуп келди.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG