Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Тагдыр чечкен орус генералдары кайда? Пригожиндин козголоңунан кийинки "тазалоо"


Генерал Валерий Герасимов (солдо) жана генерал Сергей Суровикин (оңдо)
Генерал Валерий Герасимов (солдо) жана генерал Сергей Суровикин (оңдо)

Олигарх Пригожиндин тополоңунан кийин Орусиянын өкмөтүндөгү таанымал адамдардын кыйласы элге көрүнбөй калды.

Мындан улам орус элитасында Путин убада кылган "тазалоо" башталган сыяктанат.

ТАБЫШМАКТУУ ЖАГДАЙ

Миңдеген согушкерлерин Орусиянын борборуна баштап барган “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин козголоӊунан бир нече күн өткөндөн кийин таанымал командирлер менен коомдук ишмерлердин көбү элге көрүнбөй калды.

23 жылдык башкаруусунда эң чоң сыноого туш келген президент Владимир Путин олигарх Пригожин менен тымызын же ачык бириккен аскер жана башка адамдарды кызматтан кетирерин айтты.

Балким, ал козголоңго жол бергендерди же Украинадагы оңунан чыкпай калган иш-аракеттер үчүн жооптуу адамдарды да четтетүүгө умтулат.

“Вагнердин” куралдуу козголоӊу Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн катарын текши тазалоого себепчи болду”, – деп жазды Коргоо министрлигинин мурдагы кызматкерине тиешеси бар “Рыбарь” Тelegram-каналы.

Ыктымал тазалоонун, ошондой эле Пригожиндин Коргоо министрлигинен, коопсуздук күчтөрүнөн же башка түзүмдөрдөн күткөн колдоонун канчалык таасирдүү болору белгисиз. Көздөн далдаа болгондордун айрымдары кайра баары жакшы болуп калаар деген үмүттө жөн гана буйрукка баш ийип же өз демилгеси менен жашырына калышты окшойт.

Көп жылдык тажрыйбасы бар орусиялык саясат таануучу Татьяна Станова Путиндин жакын кеңешчилери же башка таасирдүү ишмерлеринин кыйласы жапырт кызматтан кетирилеби же анча көп өзгөрүү болбойбу, азырынча түшүнүксүз деп эсептейт.

“Азыркы кырдаалдын өзгөчөлүгү – Путиндин ички маселелерди чечүү жагынан мүмкүнчүлүгү азайып баратканы, – деп жазды ал Твиттердеги билдирүүсүндө. – Анын катуу кыжалат болуп тургандыгынан башкалар пайдаланып кетиши ыктымал. Биз Путиндин тегерегиндегилер анын иш-аракеттерине улам көбүрөөк таасир эте баштаган жаңы мезгилге күбө болуп жатабыз”.

Кимдер коомчулукка көрүнбөй, кимдер көңүл борборунда болуп калганын карап чыгалы.

СУРОВИКИН

Орусиялык гезиттерде “генерал Армагеддон” деп таанылган генерал Сергей Суровикин – ойрону чыккан тополоңдон кийин көңүл борборунда турган Пригожинден кийинки экинчи адам.

Былтыр октябрда Суровикинди Путин Орусия Федерациясынын Украина менен согуш жүргүзүү боюнча башкы командачысы кылып дайындаган, бирок кийин Орусиянын аэрокосмостук күчтөрүнүн башчысы болуп дайындалган.

Ошол учурда бастырып кирүү аракети токтоп калган эле; украиналык күчтөр өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Харьков аймагына чабуул жасап, орус армиясынын шаштысын кетирип коюшту. Суровикин Украинанын электр тармактарын жана жарандык инфратүзүмдү ракета менен аткылоого буйрук берди.

Украин аскерлеринин кысымына туруштук бере албай, ал орус аскерлерин Днепрдин оң жээгинен түштүккө, Херсон тарапка чыгарып кетти.

Генерал-полковник Сергей Суровикин жана Орусиянын президенти Владимир Путин (оӊдо) Сириядагы согуш учурунда өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына сыйлыктарды тапшыруу учурунда. Москва. 2017-жыл, 28-декабрь
Генерал-полковник Сергей Суровикин жана Орусиянын президенти Владимир Путин (оӊдо) Сириядагы согуш учурунда өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына сыйлыктарды тапшыруу учурунда. Москва. 2017-жыл, 28-декабрь

Суровикиндин кызматка дайындалышын Кремлден Украинага каршы дагы да катаал чабуул баштоону талап кылган Пригожин жана башка ашынган улутчулдар колдошту. Ал 2010-жылдардын аягында Сирия жаңжалына Орусиянын аскердик кийлигишүүсүн көзөмөлдөгөн ырайымсыз жана күчтүү командир катары көрүнгөн. Сирияда анын Пригожин менен болгон байланышы бекемделген окшойт.

“Суровикин катаал, бирок Орусиянын эң кыйын командирлеринин бири, – деп жазды Твиттерге Лондондогу падышалык коллеждин аскердик изилдөө боюнча ардактуу профессору Лоуренс Фридман.

Бирок Украинадагы согушка Суровикин үч ай гана башчылык кылды: январь айында кызматтан төмөндөтүлүп, анын ордуна Башкы штабдын мурдагы жетекчиси жана Путиндин жактоочусу, генерал Валерий Герасимов дайындалды.

Козголоң башталган кезде эле Суровикин видео аркылуу чыгып, “Вагнердин” согушкерлеринен артка чегинүүнү өтүндү. Бирок Суровикиндин тасмадагы кебетесинен улам ал аргасыз эле сүйлөгөн жокпу деген суроо туулду.

Ошол видеодон кийин Суровикин эч жерден көрүнбөй, үнү да угулбай калды.
Financial Times, Moscow Times жана Ассошиэйтед Пресс кабарлагандай, Суровикин козголоңду териштирүү учурунда кармалган, бирок (эгер бул чын болсо) ал шектүүбү же күбө катары өтүп жатканы белгисиз.

Жабылып калган “Эхо Москвы” радиостанциянын башкы редактору Алексей Венедиктов 28-июнда Telegram каналындагы билдирүүсүндө Суровикин үй-бүлөсү менен үч күн байланышкан эмес деп билдирди.

29-июнда Москвадагы тергөө изоляторлорун жана түрмөлөрдү көзөмөлдөгөн органдын – Коомдук байкоо комиссиясынын башчысы Telegram аркылуу табышмактуу билдирүү таратып, көптөгөн суроолорго себепчи болду.

“Айтып коёюн: ал Лефортоводо да, башка тергөө изоляторлорунда да жок”, – деди Алексей Мельников Москвадагы адатта чыккынчылык жана тыңчылык кылган деп шектелгендер камала турган эң таанымал абакты эске салып.

ПРИГОЖИН

Акыркы жолу Пригожиндин үнү “козголоң” аяктагандан 48 саат өткөндөн кийин 26-июнда кечинде өзүнүн Тelegram каналы аркылуу 11 мүнөттүк кайрылуу жасаганда угулган.

“Биз адилетсиздиктен улам жүрүшкө чыкканбыз, – деген эле ал. – Бизде көп айтылып келгендей саясий түзүмдү жана мыйзамдуу шайланган бийликти кулатуу ниетибиз болгон эмес. Орус жоокерлеринин каны төгүлбөшү үчүн кайра артка тарттык”.

Бирок ошол аудио билдирүүдөгү үн кайда жана качан жазылгандыгы белгиленген эмес жана Пригожиндин жайгашкан жери да айтылбаган.

24-июнда жарыяланган видеодо Евгений Пригожин (ортодо) коргоо министринин орун басары генерал Юнус-Бек Евкуров (солдо) жана Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеев (оңдо) менен Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы жолугушуусу көрсөтүлгөн
24-июнда жарыяланган видеодо Евгений Пригожин (ортодо) коргоо министринин орун басары генерал Юнус-Бек Евкуров (солдо) жана Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеев (оңдо) менен Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы жолугушуусу көрсөтүлгөн

Беларустун президенти Александр Лукашенконун баштапкы жарыясына ылайык, Пригожин бул өлкөгө барышы керек болчу, ал эми “Вагнердин” согушкерлерине аны ээрчип кетүү же Коргоо министрлиги менен келишим түзүүнү тандоо мүмкүнчүлүгү берилген.

27-июнда Лукашенко Пригожиндин Минскиге келгенин айтты, бирок анын сөздөрүн көз карандысыз булактар тастыктаган жок. Учууну көзөмөлдөө тутуму анын компаниясына катталган жеке учак ошол күнү Беларустун борборуна конуп, 28-июнда Санкт-Петербургга кайтып кеткенин көрсөттү.

Бирок Пригожин учуп келди беле же келсе да кайра учуп кетти беле, азырынча белгисиз.

Путиндин “козголоңчуларды” катуу айыптаган сөздөрү (“чыккынчылык”, “далыга бычак сайгандар”) Пригожин жана анын тарапкерлеринен өч алынарынан (камаларынан же андан да жаман болорунан) кабар берет.
27-июнда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы(ФСБ) козголоңчуларга каршы кылмыш иши токтотулганын жарыялады. Бирок кийинчерээк “Коммерсант” гезити жана бир нече мамлекеттик маалымат агенттиги бул иш аягына чыга электигин кабарлашты.

ШОЙГУ

Путиндин эң жакын жана эзелки ишенимдүү кишилеринин бири – 68 жаштагы коргоо министри Сергей Шойгуну Пригожин жана башка ашынган улутчулдар менен аскер блогерлери Украинаны басып алуу учурунда Орусиянын Куралдуу күчтөрүн жетектегенин катуу сындап, тегине да асылган, мазактап турган эле.

Өткөн жайдан бери эле Орусиянын чабуулу басаӊдап калганда, Пригожин бир нече жолу Шойгунун керт башына асылып, “Вагнерге” Украинанын тыптыйпыл кылынган Бахмут шаарында согуш аракеттерин жүргүзүү үчүн зарыл ок-дарыны бербей койду деп айыптаган.

Шойгунун Пригожинге ишенбестиги анча байкалчу эмес. Бирок өткөн айда Коргоо министрлиги “Вагнердин” согушкерлери расмий түрдө Коргоо министрлигинин туруктуу командачылыгына өткөрүлүп берилиши керек деген буйрук чыгарган.

Бул компания көз карандысыздыгын, өз алдынчалыгын жокко чыгармак.
Бул өз армиясын башкара албай калган Пригожиндин чыдамын түгөткөн акыркы чечим болду дешет.

“Козголоңдон” кийин Коргоо министрлиги Шойгунун орус аскерлерин текшерип, белгисиз жерде медалдарды тапшырып жаткан учуру тартылган видеону жарыялады. Бул видео тополоң башталганга чейин жазылган окшойт.

Сергей Шойгу (ортодо)
Сергей Шойгу (ортодо)

“Козголоң” учурунда Пригожиндин аскерлери Ростов-на-Донудагы Түштүк аскердик округдун орус командачылыгын көзөмөлгө алып, Коргоо министрлигинин офицерлери менен түздөн-түз тирешип калды. 24-июнда эртең менен Telegram аркылуу таратылган дагы бир видеодо Пригожин коргоо министринин орун басары генерал-полковник Юнус-Бек Евкуров жана Башкы штабдын башчысынын орун басары генерал-лейтенант Владимир Алексеев менен жолугушканы чагылдырылган.

“Биз Башкы штабдын башчысын жана Шойгуну кетирүүнү каалайбыз, – деди Пригожин. – Алар кетмейинче биз Ростов шаарын камоолго алып турабыз, Москвага аттанабыз”.

“Азыркы жосунуңар туура деп ойлойсуңарбы?” – деп Евкуров видеодо сурап жатат Пригожинден.

“Туптуура. Биз Орусияны сактап калабыз”, – деп жооп берген Пригожин.
Шойгу 26-июнда Путин менен Коопсуздук Кеңешинин отурумунда элге көрүндү. Эртеси ал Путин аскерлерге жана коопсуздук күчтөрүнө, ошондой эле “козголоңчулардын жолун торогондорго” ыраазычылык билдирген Кремлдеги салтанатка катышты.

“Козголоңдон кийин” министр билдирүү жасабады, журналисттерге да маек берген жок.

ГЕРАСИМОВ

Пригожиндин сынына кабылып келгендердин дагы бири - Валерий Герасимов. Ал Башкы штабдын башчысы катары Орусиядагы эң жогорку аскер офицери болгон.

Шойгу сыяктуу эле, 67 жаштагы Герасимов Путинге берилген киши деп эсептелет, мындай сапатты Путин абдан баалай тургандыгы белгилүү.

Сүрөттө Шойгу менен Герасимов (оңдо). 2022-жыл, 16-декабрь
Сүрөттө Шойгу менен Герасимов (оңдо). 2022-жыл, 16-декабрь

Калбаат жана иш билги стратег катары белгилүү болгон Герасимов 2022-жылы Украинадагы операцияда экинчи катардагы ролду ойноду. Бирок февраль айындагы жапырт басып кирүү баштагандагы турумуна жана орус аскерлеринин башынан өткөргөн чоң катачылыктарга байланыштуу аны кызматтан кетирүү керек дегендер көп болду.

Январь айында Путин Суровикинди кызматынан түшүргөндө Герасимов Украинада Бириккен Күчтөр тобунун командири болуп дайындалды.
Батыштын бир эксперти кадрларды которууну “чырдашуу, бийлик талашуу жана көрө албастык” деп мүнөздөдү.

ЖМКга чыкпай жүргөн Герасимовдун эмне кылып жүргөнүн козголоң башталгандан бери эч ким көргөн же уккан эмес. Шойгудан айырмаланып, ал 27-июнда Кремлдеги салтанатка келген жок.

ЗОЛОТОВ

Акыркы күндөрү көздөн кайым болгон командирлерден жана чиновниктерден айырмаланып, Путиндин Санкт-Петербургда иштешкен эски жансакчысы болгон Виктор Золотов коомчулукка адаттагыдан көбүрөөк көрүнө баштады.
Золотовдун Путинге берилгендиги 2016-жылы түзүлгөн Улуттук гвардиянын биринчи башчысы болушуна жол ачты.

Преториан гвардиясындай (Рим империясынын императорлорунун жеке жансакчылары. – Ред.) сыяктанган Улуттук гвардия бара-бара 300 миң кишилик армияга айланган. Анын Орусиядагы ички туруктуулукту камсыз кылуу боюнча милдеттери Ички иштер министрлигинин башка бөлүмдөрүнө, ФСБ жана башка бөлүмдөргө шайкеш келет.

Коопсуздук кызматынын башчысы генерал Виктор Золотов 2007-жылы Венада Путинди коштоп жүргөн учуру.
Коопсуздук кызматынын башчысы генерал Виктор Золотов 2007-жылы Венада Путинди коштоп жүргөн учуру.

Золотов – көбүнчө көмүскөдөгү оюнчу. Анын медиа мейкиндиктеги эң белгилүү сөзү 2018-жылы айтылган, ошондо Золотовду Улуттук гвардиянын сатып алууларын каржылоодон 30 миллион доллар уурдады деп айыптаган оппозиционер Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы фонду тарабынан тарабынан жүргүзүлгөн тергөө ишине ачык жооп кайтарган.

“Мен сизди рингдеби, татамидеби – каалаган жерде жекеме-жеке кармашууга чакырам. Бир нече мүнөттө сизди ийлеп салам”, – деген болчу ал Навальныйга.

Золотов жакында эле Кремлдеги салтанатка катышты. Анда Путин козголоң учурунда жасаган аракеттери үчүн аскерлерге, анын ичинде Улуттук гвардияга да ыраазычылык билдирди.

Бирок Шойгудан айырмаланып, Золотов ошол иш-чарадан кийин журналисттерге ачык кайрылып, өзүнүн аскерлери арсеналын толуктоо үчүн оор куралдарды, анын ичинде танктарды ала тургандыгын айтты.

“Биз болгон күчүбүздү, кайратыбызды Москвага кире беришке топтодук эле, – деди Золотов журналисттердин алдында мактанып. – Себеби, эгер түзүмдөрдү чачыратып койсок, анда алар [“вагнерчилер”] май кескен бычактай болуп өтүп кетишмек”.

“Козголоңчулар Москваны басып ала алмак эмес”, – деген сөздү да айтты ал.

БАШКАЛАР

Тазалоо кандай багытта жүрүшү ыктымал экенин болжолдоо үчүн булардан тышкары бир нече башка анча таанымал эмес кишилерге да көңүл буруу керек.
Ушул аптанын башында Орусиянын аскер блогерлери Суровикиндин Жогорку командачылыгындагы орун басары генерал-полковник Андрей Юдин кармалганын кабарлашкан.

Бирок кийинчерээк ал Кремлдин Ura.ru жаңылыктар сайтынын кабарчысына телефон аркылуу минтип жооп берди: “Мен өргүүдөмүн. Үйүмдөмүн”.

Орусияга козголоң салган Пригожин кайда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00

Генерал-полковник Михаил Мизинцев Коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулгандан бир нече күн өткөндөн кийин май айынын башында "Вагнердин" командиринин орун басары болуп дайындалды.

Өткөн жылы Азов деңизиндеги Украинанын порт шаарын катуу курчоого алып, тыптыйпыл кылуу тактикасын колдонгон чабуулга катышканы үчүн “Мариуполдун касапчысы” деп атыккан Мизинцев Коргоо министрлигине логистика жана материалдарды жеткирүү ишине жетекчилик кылган. Демек ал “Вагнерди” жана орус аскерлерин ок-дары менен камсыздоодо маанилүү роль ойногон.

Козголоң башталгандагы видеодо Пригожин менен чогуу көрүнгөн эки офицер – Евкуров жана Алексеев да өткөн дем алыштан бери коомчулукка чыга элек.

XS
SM
MD
LG