Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Украина: Орусиянын чабуулунан жараат алган окуучулардын абалы оор


Украина. Берислав. Архивдик сүрөт.
Украина. Берислав. Архивдик сүрөт.

Украина Орусиянын 9-майдын таңындагы артиллериялык чабуулунан Днепропетров облусунун Никополь шаарында эки кишинин өмүрү кыйылганын, дагы эки жергиликтүү тургун жараат алганын билдирди. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысактын айтымында, орус аскерлеринин соккусунан шаарда бир нече үйдө өрт чыкты, каза болгондор - 62 жаштагы эркек жана 65 жаштагы аял.

Харьков шаарында шаршемби күнү мектептин аймагындагы стадионго жасалган чабуулдан жараат алгандардын саны жетиге жеткенин, алардын төртөө балдар экенин 9-майда Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, жараат алган балдардын үчөө реанимацияда, абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалап жатышат.

Орус аскерлери 9-майга караган түнү Херсон облусунун Берислав шаарына авиасокку урганын маалымдаган облус башчысы Александр Прокудин бир нече социалдык объект кыйраганын айтты.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдиргендей, 9-майга караган түнү Орусия Украинага Кара деңиз тараптан Одесса облусунун түштүк жагына Shahed-131/136 учкучсуз учактарынан 20ны учурганын, алардын 17син токтотуп калуу мүмкүн болгонун билдирди.

«Укрэнерго» ишканасы Орусиянын соккусунан электр тармагындагы жабыркоолордун айынан айрым аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын маалымдады.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.

Батыш убада кылган курал-жарактын жетишсиздигинен фронтто абал оор экенин, азыркыдан да оорлошу ыктымал болуп турганын 3-майда Economist басылмасына курган маегинде Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG