Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

"АКШ колдоосун улантпаса, Украина Орусияга утулуп калышы мүмкүн"


Украин аскери.
Украин аскери.

5-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык сенаторлорго кайрылуудан акыркы мүнөттө баш тартты.

Ал жабык жыйында Украинага жардамга кошумча каражат бөлүү тууралуу маселе талкууланмак. Ак үй Киевге бөлүнгөн акча түгөнүп баратканын билдирип, Конгресстен кошумча каражат бөлүүнү суранууда. Украинанын өзүндө айрым аткаминерлер фронттогу кырдаал туңгуюкка кептелгенин айтып жатышат.

Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак АКШ жардамды улантпаса, украиндердин Орусияга утулуп калуу тобокелдиги чоң экенин эскертти. Киевдин өкүлү бул тууралуу Вашингтондогу Тынчтык институтунда сүйлөп жатып айтты.

Мындай билдирүүдөн көп өтпөй президент Владимир Зеленский АКШ сенаторлору менен пландалган онлайн жыйынга катышуудан баш тартканы маалым болду.

Зеленский аларга фронттогу кырдаал тууралуу айтып, Киев жардамга канчалык муктаж экенин түшүндүрмөк.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер “бул тарыхый учур” экенин белгилеп, Украинага колдоо көрсөтүүнү улантуу керектигин билдирди.

"Зеленский биздин саат үчтөгү брифингге кошула албай калды. Акыркы мүнөттөрдө бир нерсе болду”, - деген Шумер сенаторлордун алдына Украина жардамга канчалык муктаж экенин жакшы билген демократ Марк Уорнер келерин кошумчалады.

Быйыл октябрдын аягында президент Жо Байдендин администрациясы Украина, Израил, Тайвань жана чек араларды коргоо үчүн бөлүнгөн кошумча 106 млрд долларлык пакетти жактырып берүүнү суранып, Конгерсске кайрылган. Анын 61 млрд доллары Украинага каралган эле.

Республикачылар менен демократтар бул боюнча орток пикир таба албай убара. Республикачылар Мексика менен чек арага көбүрөөк акча бөлүнсө гана бул пакетти жактырарын жүйө келтирүүдө. Демократтар буга макул эмес.

Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак. 5-декабрь, 2023-жыл. Вашингтон.
Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак. 5-декабрь, 2023-жыл. Вашингтон.

Украинага бөлүнгөн акча түгөнүп баратат

Эгер АКШ Конгресси Украинага кошумча жардам үчүн каржы бөлүүнү жактырбаса, Вашингтон буга чейин бөлгөн акча жыл соңунда түгөнөрүн Байдендин администрациясы 4-декабрда эле эскерткен.

Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсонго жолдогон катта Ак үйдүн административдик бюжет боюнча башкармалыгынын директору Шаланда Янг америкалык техника менен курал-жабдыкты жеткирүүнүн токтоп калышы украиндердин фронттогу жетишкендиктерин тобокелге гана салбастан, Орусияга оңтоюнан ойноп берерин белгилеген. Ошол эле күнү Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан дагы бул тууралуу айтып, буга чейин бөлүнгөн каражат Орусиянын чабуулдарын канчалык ооздуктаганына токтолгон.

"Конгресс Украинага буга чейин бөлгөн каражат Украинага бир катар жерде жеңишке жетип, буга чейин Орусия оккупациялап алган аймактын 50% кайтарууга көмөктөштү", - деди Салливан.

Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Киевге жалпысынан 110 млрд доллардан көп аскердик жана финансылык жардам бөлдү. Ноябрдын ортосуна чейин Пентагон Украинага бөлүнгөн 62,3 млрд доллардын 97% короткон.

5-декабрда Киевге барган Нидерланддын тышкы иштер министри Брюинс Слот 2024-жылы Амстердам 2,5 млрд евро бөлөрүн жарыялады.

Буга чейин Украин куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Виктор Муженко Би-би-сиге курган маегинде фронттогу кырдаал туңгуюкка кептелгенин, украин армиясы коргонууга өтүүсү зарылдыгын айткан.

Ал эми президент Зеленский 6-декабрда Украин куралдуу күчтөрүнүн күнүндө алдыда жеңиштен башка жол жок экенин белгиледи.

"Эмнени басып өткөнүбүздү эстеп, алдыда дагы эмне күтүп турганын билип алалы. Убактылуу оккупацияланган аймактар үчүн күрдөөлдүү күрөш артта калды. Алдыда аларды бошотуп алуу гана керек. Башка кандай болмок эле? Бул биздин жер, биздин эл. Башка жол барбы? Жок", - деди украин лидери.

Ушул тапта Украинанын Авдеевка шаарынын айланасында айыгышкан кармаш уланууда. Орус күчтөрү соңку бир нече жумадан бери Донецк облусунун чыгыш тарабында жайгашкан калааны курчап алуу аракетин көрүп жатат. 6-декабрда Башкы штаб тараткан билдирүүдө украин армиясы каршылаштарынын 23 чабуулунун мизин кайтарганы белгиленет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

WP: Контрчабуул пландагыдай болгон жок

Америкалык The Washington Post басылмасы 4-декабрда Украинадагы контрчабуулдун жүрүшү тууралуу кеңири макала жарыялады. Эки бөлүктөн турган макалада украин армиясынын контрчабуулунан күтүлгөндөй жыйынтык чыкпай калганы белгиленип, анын себептери иликтенген.

Журналисттер Кошмо Штаттардагы, Евробиримдиктеги жана Украинадагы ондогон аткаминер, офицерлер жана фронттогу аскерлер менен сүйлөшкөн. Макалада белгиленгендей, Киевдеги жетекчилик 2022-жылдын күзүндөгү ийгиликтерин кайталоого үмүттөнүп турган. Анда украин күчтөрү Харьков облусунун теңин жана Херсон облусунун бир бөлүгүн орус армиясынан бошотушкан. Ошондуктан бул жолу да бир нече багыттан контрчабуулга киришкен. Батыш аткаминерлери украин аскерлери чачыранды болбой, бир багытка күчүн топтосо болмок деген пикирин айтышкан. Анткен менен украин аскердик эксперттери Киевдин стратегиясын ката болгон деп санашпайт. Бул тууралуу Аскердик-укуктук иликтөө борборунун эксперти Олександр Мусиенко “Азаттыкка” фронттогу кырдаалды түшүндүрдү:

“Фронт тилкеси абдан чоң. “Силер ары чегинип, орус армиясына Купянсктын тегерек-четин басып алганга мүмкүнчүлүк бергиле” дегендерди кандай түшүнсө болот? Мисалы, бир жыл мурун эле ошол жактагы, Харьков облусундагы украин жерлери орус күчтөрүнөн тазаланган. Ал кезде украин армиясынын абдан мыкты контрчабуулдук аракеттери ийгилик менен аяктаган. Түштүктөгү контрчабуул үчүн ошол жактардан кетип, бир жыл мурда араң алган аймактарды кайра душманга таштап кетүү керек беле? Менимче, ошол операцияларга катышкан армиянын бөлүктөрү, аскерлер жана оккупацияланган аймактан бошотулган тургундар муну түшүнмөк эмес. Ошондуктан украин бийлигинин алдында комплекстүү максат жана тапшырма турду. Бул деген өлкө чыгышындагы аймактарды, өзгөчө бир жыл мурда баскынчылардан бошотулган аймактарды орус армиясынын чабуулдарынан коргоп, орус күчтөрүнүн алдыга жылуусун ооздуктап, ошол эле маалда контрчабуул аракеттерин жүргүзүү дегенди билдирет эле”, - деди Мусиенко.

Контрчабуул башталгандан көп узабай украин армиясы "Суровикиндин сызыктарына" туш болгон. Аларды Орусия бир нече ай бою курган. Ал “сызыктар” үч баскычтан турат. Бул терең казылган траншеялар, "ажыдаардын тиштери" деп аталган үч бурчтуу бетон тосмолор, анан миналанган талаалар. Бул коргонуу системасы орусиялык генерал Сергей Суровикиндин буйругу менен курулгандыктан "Суровикиндин сызыктары" деген атка конгон.

Буга чейин Украинанын президенти Зеленский өлкө чыгышында жана түштүгүндө контрчабуул жай жүрүп жатканын белгилеп, кийинки жылга армиянын конкреттүү планы бардыгын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG