Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингдин катышуучуларына кол салуу болду


Тбилиси.
Тбилиси.

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингге чыгып, акция учурунда жабыркаган үч кишиге, алардын ичинен оппозиционер саясатчылардын бирине жасалган кол салуу боюнча иш козголуп, тергөө башталганын бүгүн, 9-майда өлкөнүн ички иштер министри Вахтанг Гомелаури билдирди. Окуя 8-майдын кечинде болгон.

Министр эл аралык мамилелер боюнча адис Гия Жапаридзе, активист Лаша Гвинианидзе жана оппозициялык "Улуттук кыймыл" партиясынын мүчөсү Дмитрий Чикованиге жасалган кол салуу толук иликтенип чыгарын, кандай гана кол салуу болбосун, айыптоого жатарын айтты.

Орусиянын оппозицияны жана сөз эркиндигин чектеген "чет элдик агент" мыйзамына окшош деп сынга кабылып жаткан мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген, азыр Грузияда башкаруучу партия болуп турган "Грузин кыялы" сунуштоодо.

Оппозиция ага каршы чыгып, дээрлик бир айдан бери борбор калаа Тбилисиде он миңдеген кишилер катышкан митингдерди уюштуруууда. Бийлик аларга каршы антимитинг уюштурган, анын катышуучуларын аймактардан атайын кичи автобустар менен ташып барганы тууралуу видеолор социалдык түйүндөргө жарыяланган.

Соңку кезде митинг өтүп жаткан жерлерге белгисиз бирөөлөр барып, адамдарга кол салган окуялар каттала баштады. 3-майда көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жана оппозициялык партиялар Ички иштер министрлигинен кол салган спорттук келбеттүү кара кийимчен эркектер тобу кимдер экени тууралуу суроосуна жооп берүүсүн талап кылышкан.

Алардын билдирүүсүндө "20-25 жаш курактагы сакалчан эркектер демонстранттар турган жерге бир нече машина менен кирип барды. Велосипедчен бир кишини коюп кетип, тепкилешти. Бир демонстранттын бети-башы канап, тиши сынды. Алдынан чыккандарды ур-токмокко алышты", - деп айтылган.

Митингчилер менен полиция да бир нече жолу кагылышып, аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана башка химиялык зат чачып, суу бүркүүчү автомашиналарды колдонгон.

Талаштуу мыйзам долбоорун грузин парламенти 1-майда экинчи окууда карап, кабыл алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG