Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Жапаров шайлоого баруу үчүн кызматын тапшырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырды.

Мыйзам боюнча эми анын милдети парламент спикери Талант Мамытовго өтөт.

Президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров 14-ноябрда түштө президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документтерин тапшырган.

Ал аталган органга президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн берген.

Мындан кийин кечке жуук президенттин сайтында анын кайрылуусу да жарыяланды.

«Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Урматтуу мекендештерим, ушуга байланыштуу мен өлкө президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим», - деп айтылат анда.

Садыр Жапаров кызматын тапшырып жатып башка талапкерлерди элдин тынчтыгы менен ынтымагын сактоого чакырган.

«Шайлоонун шары менен жеке амбицияга алдырып, өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирбеш керек. Президенттик жарышка аттанган болочоктогу атаандаштарымдын ар бирин урматтайм жана аларга ийгилик каалайм. Ошол эле учурда — суранып кетээр элем: Шайлоодо өлкөбүздүн түндүк-түштүккө, элибиздин уруу-урууга жана тууган- туушканга бөлүнүшүнө жол бербейли», - деген Жапаров.

Жапаров 12-ноябрда өткөн басма сөз жыйынында премьер-министрлик кызматын тапшырбай турганын, өкмөттү биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков убактылуу башкара турганын айткан эле.

Шайлоо эл аралык коомчулуктун көз кырында

Ушу тапта эл аралык коомчулук Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин кандай жолго түшөрүнө, конституциялык реформанын багыты кандай болоруна көз салып тургандай.

13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров чет мамлекеттик элчилер, консулдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Анда Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толук турукташып, мамлекеттик бийлик легитимдешкенин жарыялады. Ошондуктан ал өлкөдөгү соңку окуялар тууралуу ар кандай күмөн саноо болбошу керек экенин айткан.

Анда БУУнун өкүлү Озонниа Ожиело Кыргызстан буга чейин жетишкен демократиялык баалуулуктардан артка чегинбеши керек экенин билдирген.

«​Биз Кыргызстан буга чейин умтулган демократиялык баалуулуктар сакталышына ишенебиз. Мыйзам үстөмдүгүнүн принциби, натыйжалуу башкаруу, адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу эркиндикти мындан ары да өнүктүрүп, алардын корголуп, бул түшүнүктөрдүн кеңири жайылышына жакшы өбөлгөлөр түзүлөрүнө үмүттөнөбүз. Ошондой эле коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүрүп, уюшкан кылмыштуулук калыс жана ачык өткөн соттор аркылуу жоопко тартылса, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшөт деген ойдобуз».

Ушул эле күнү Садыр Жапаровдун Казакстандын жана Орусиянын президенттери менен телефондон сүйлөшкөнү кабарланган.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда бийликти басып алган окуяны элдин шору катары сыпаттап, Москва кырдаал тез арада жөнгө салынышын каалап жатканын, бирок ал эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишпей турганын билдирген.

Кийин Евразия өнүгүү банкы аркылуу Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 100 млн. доллар жеңилдетилген насыяны берүү токтотулган.

Ал эми эл аралык уюмдар Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды сактап каларына ишеним артып турат.

Ал эми Садыр Жапаров эл менен жолуккан сайын президенттикке өтүп калса, Баш мыйзамды өзгөртө турганын, бийликти бир колго өткөрүү керектигин байма-бай айтып келет.

Анын бул сөзүнөн кийин бир катар талапкерлер парламенттик системаны сактап калуу үчүн шайлоого аттанганын жарыялашкан. Алардын айрымдары Кыргызстан президенттердин башкаруусунда 20 жылдан ашуун жашаганын, бул эки жолку элдик көтөрүлүшкө себеп болгонун жүйө келтирүүдө.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн.

Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келди. 6-октябрга караган түнү элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган.

Жапаровдун тарапташтарынын талабы менен эки күндөн кийин Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин убактылуу аткаруудан баш тартып, 16-октябрда бул иш Жапаровго жүктөлгөн.

Ушу тапта Боршайкомго документ тапшыргандардын саны 62 адамга жетти. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев арызын чакыртып алды.

Талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясий ишмерлер, экономист, пенсионерлер, УКМКнын мурдагы төрагасы бар.

Буга чейин 2011-жылы өткөн президенттик шайлоого баш-аягы 16 талапкер ат салышып, анын ичинен учурда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жеңишке жеткен.

Ал эми 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо атаандаштык талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда курчуп, натыйжада Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайланган.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн жарандар БШКга документтерин 14-ноябрдын акырына чейин тапшырышы керек.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

Элдик толкундоо: Бир айда эмне өзгөрдү?
please wait

No media source currently available

0:00 1:03:04 0:00

XS
SM
MD
LG