Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:11

Сузакта балдарды сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу үй камагына чыкты


Окуя тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя тартылган видеодон алынган сүрөт.

Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында балдарды сүзүп кеткен автонунаанын айдоочусу үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 5-майда билдирди.

2-майда Сузак районунда "Манас айтуу" фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине балдарды коюп кеткен. Иш-чарага катышып жаткан 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, бир тобу ооруканага түшкөн. Айрымдары атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, операция жасалды.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Автоунаа Жерге-Тал айылынын тургунуна таандык. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барган. Машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде унаа кокусунан жылып кеткенин айтып берген.

Окуяны мекемелер аралык комиссия иликтеп, аймактагы милиция жетекчилери кызматтан алынып, айрым кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан убактылуу четтетилди.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG