Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди


Абдил Сегизбаев. 14-ноябрь, 2020-жыл.
Абдил Сегизбаев. 14-ноябрь, 2020-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун расмий сайтына маалымат чыкты.

Саат 21:00гѳ карата БШКга Кыргызстандын президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү үчүн Боршайкомго документ тапшыргандардын саны 62 адамга жетти. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев арызын чакыртып алды.

Талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясий ишмерлер, экономист, пенсионерлер жана президенттин милдетин аткаруучу кызматын жаңы гана тапшырган Садыр Жапаров да бар.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн жарандар БШКга документтерин 14-ноябрдын акырына чейин тапшырышы керек.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган. Ал президенттикке талапкерлигин койгону үчүн кызматын 14-ноябрда тапшырды.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG