Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Этникалык кыргыздарга окуу жайлардан 75 квота бөлүндү


Кыргыз Улуттук университетинин имараты. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Кыргыз Улуттук университетинин имараты. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылы үчүн чет элдеги этникалык кыргыздарга 75 орун берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 4-майда билдирди.

Сынакка Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын, Түркиянын жана Пакистандын жарандары катыша алат. Талапкерлер министрликтин сайтындагы онлайн аянтчага катталып, тиешелүү документтерди 27-июнга чейин бериши керек.

Жыл сайын 75 квота “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка ылайык берилет.

Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашайт. Министрлик учурда Кыргызстанда канча этникалык студент бар экенин маалымдаган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG