Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Жапаров дипкорпустун тамырын тартты


Жапаров чет элдик дипломаттарга кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

Жапаров чет элдик дипломаттарга кайрылды

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ал өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал тууралуу ар кандай бүдөмүк ойлорду алып салыш үчүн ушундай форматта кездешүүнү туура көргөнүн айтты.

Чет элдик дипломаттар өлкөдөгү кырдаалга кабатырлануу менен көз салышканын, өткөн саясий кризис тез арада жөнгө салынганын, эми мындан ары саясий туруктуулуктун орношун кубаттай турганын айтышты.

Бул үчүн алар Кыргызстан буга чейин жетишкен демократиялык баалуулуктарынан чегинбей, мыйзам үстөмдүгүн жана шайлоолорду калыс өткөрүүнү камсыз кылышы зарыл экенин белгилешти.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров чет мамлекеттик элчилер, консулдар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толук турукташып, мамлекеттик бийлик легитимдешкенин жарыялады. Ошондуктан ал өлкөдөгү соңку окуялар тууралуу ар кандай күмөн саноо болбошу керек экенин айтты.

Жапаровдун чет элдик дипломаттарга чакырыгы

Садыр Жапаров чет элдик дипломаттарды саясий жараяндар боюнча объективдүү маалыматтарды жеткирүүгө, инвестиция тартууга жана пандемияга каршы күрөшүүгө жардам берүүгө чакырды.

Садыр Жапаров бийликтин легитимдүүлүгүндө шек жок экенин, мамлекет эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантарын билдирди:

«Азыркы учурда Кыргызстандагы окуялардын мыйзам ченемдүүлүгү жөнүндө ар кандай баалар угулуп жатат. Биз 2005-2010-жылдардагы саясий окуялардан сабак алдык. Мындан ары биз бюрократиянын элден өйдө болушуна жол бербейбиз. Өкмөт эл алдындагы милдеттенмелерин ырааттуу аткарышы керек. Буга чейин Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революцияда мамлекетибиз бир топ убакытка чейин укуктук алкакка кире албай калгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бул жолкуда өзүңүздөр байкагандай, өлкөдө ички саясий кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык нукка тезинен кайтып келди. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин легитимдүүлүгү бекемделип, аткаруу органдары туруктуу режимде иштөөнү улантууда. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, жаңы президенттик шайлоого чейин өлкө президентинин милдеттерин убактылуу аткаруу жоопкерчилиги мага жүктөлдү. Өлкөдөгү бийликти өткөрүп берүү процедурасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери, тынчтык жолу менен өткөнүн баса белгилейм. Демек, Кыргыз Республикасында бийлик легитимдүү экендигин жана мамлекетибизде коомдук-саясий кырдаал толук турукташты деп толук ишеним менен айтам».

Садыр Жапаровдун чет элдик элчилер жана консулдар менен жолугушуусу алгач 28-октябрга белгиленип, бирок ал күнү болбой калган. Анын себебин өкмөт аппараты ал күн өкмөттүн ант берүү аземине туура келгендиктен, жолугушуу кийинкиге жылганын кабарлаган.

Бул жолку жолугушууга Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Түркиянын элчилери келсе, калган элчиликтер консулдарын жана атташелерин жиберишкен.

Дипломатиялык корпустун атынан сүйлөгөн Азербайжандын элчиси Гидаят Оруджев өлкөгө инвестиция менен гранттарды тартыш үчүн саясий туруктуулук маанилүү экенин белгиледи:

«Өлкөдө болгон соңку окуяларга кылдат көңүл буруп турдук. Элдин жана мамлекеттин тагдыры үчүн тынчсыздандык. Бактыга жараша кырдаал тез арада тынч жол менен жөнгө салынды. Көптөгөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстанга инвестиция салып, ар түрдүү гранттык долбоорлорду ишке ашырып келет. Кыргызстандын аларды натыйжалуу пайдаланууга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Бул гранттык долбоорлорду кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу үчүн өлкөдө ички саясий туруктуулук сакталышы кажет».

«Имиштерге эмес, фактыларга ишенгиле»

Ал эми Орусиянын элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандагы бийлик алмашуудан кийин Бишкек менен Москванын ортосунда мамиле салкындап кеткени тууралуу имиштерди төгүндөдү.

Ал 12-ноябрь күнү Кыргызстандын президентинин м.а, премьер-министр Садыр Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путин жана премьер-министр Михаил Мишустин менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрү андай ушактарды жокко чыгарарын белгиледи. Ошондуктан ал ар кандай имиштерге эмес, иш жүзүндө жүрүп жаткан фактыларга ишениш керек экенин айтты.

Анткен менен элчи Николай Удовиченко жаңы кыргыз бийлиги менен мындан аркы кызматташтыктын келечеги тууралуу мындай дейт:

«​Биз Кыргызстан конституциялык мыйзамдуулуктун алкагына кирген жолго түштү деп ишенебиз жана буга ынанабыз. 10-январда бардык талапкерлерге бирдей шартты камсыз кылган демократиялык негиздеги президенттик шайлоо өтүшүн эске алуу менен биз ар кандай форматта эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз жана ага кызыкчылыгыбыз бар».

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда бийликти басып алган окуяны элдин шору катары сыпаттап, Москва кырдаал тез арада жөнгө салынышын каалап жатканын, бирок ал эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишпей турганын билдирген.

Кийин Евразия өнүгүү банкы аркылуу Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 100 млн. доллар жеңилдетилген насыяны берүү токтотулган.

Ошол эле кезде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин кандай жолго түшөрүнө, конституциялык реформанын багыты кандай болоруна көбүрөөк кызыккандай.

«Кыргызстанга артка чегинге болбойт»

БУУнун өкүлү Озонниа Ожиело Кыргызстан буга чейин жетишкен демократиялык баалуулуктардан артка чегинбеши керек экенин билдирди:

«​Биз Кыргызстан буга чейин умтулган демократиялык баалуулуктар сакталышына ишенебиз. Мыйзам үстөмдүгүнүн принциби, натыйжалуу башкаруу, адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу эркиндикти мындан ары да өнүктүрүп, алардын корголуп, бул түшүнүктөрдүн кеңири жайылышына жакшы өбөлгөлөр түзүлөрүнө үмүттөнөбүз. Ошондой эле коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүрүп, уюшкан кылмыштуулук калыс жана ачык өткөн соттор аркылуу жоопко тартылса, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшөт деген ойдобуз».

Быйыл 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурун тапшырып берди.

Мамлекет башчынын милдетин 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлерин түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Ал Баш мыйзамга ылайык, 14-ноябрдан тартып ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, президенттик шайлоого барарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG