Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

БШК Ош, Баткен, Кара-Суудагы шайлоонун жыйынтыгын жарыялады


Бактыяр Калпаев, Бекмурза Эргешов, Илимбек Кубанычбеков.
Бактыяр Калпаев, Бекмурза Эргешов, Илимбек Кубанычбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош, Баткен жана Кара-Сууда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады.

Оштогу №7 бир мандаттуу шайлоо округунан Бекмурза Эргешов, Баткендеги №2 бир мандаттуу шайлоо округунан Бактыяр Калпаев, Кара-Суудагы №9 бир мандаттуу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды. Алар парламентте түрдүү жагдайда мандатын тапшырган депутаттардын ордуна келет.

28-апрелде өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун акыркы жыйынтыгы 4-майда чыкты.

Эми 30-июнда Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG