Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Сокулукта болгон жол кырсыгын милиция териштирет


Чүйдүн Сокулук райондук милициясы "Манас" эл аралык аэропортуна жакын жерде жүк автоунаасы кабылган авариянын чоо-жайын териштирип жатат. Эки жеңил машине менен бир чоң автоунаа айып жайга киргизилгенин "Азаттыкка" Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

4-майда жүк ташуучу автоунаа жолдо токтоп турган бир нече машинени сүзгөнү тартылган видео интернетке тараган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, жүк ташыган айдоочу алдыга өтүп кетүү үчүн башка айдоочулардан жол сураган. Күбөлөрдүн айтымында, эч ким көнбөй койгондо ал машинени алдыга айдап кетип, бир канча автоунааны сүрүп кеткен. "Азаттык" азырынча окуянын чоо-жайын тактай алган жок.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстанда жыл башынан бери миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 80ден ашуун өмүр кыйылды. Былтыр жети миңге чукул жол кырсыгында 783 адам каза тапкан. 2023-жылы аварияларда көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG