Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:14

Президенттикке умтулгандардын дарамети жана мүдөөсү


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстанда 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны элүүдөн ашты. Алар кандай концепция, программа менен келатат? Шайлоочулар лидер тандоого даярбы? Акыйкат, кынтыксыз шайлоо өткөрүүгө шарттар түзүлгөнбү?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул жана башка маселелердин айланасында болот. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары Исхак Масалиев менен Жанарбек Акаев катышат.

“Азаттык”: Кыргызстандын келерки президенти болуу ниетин саясий көз караштары ар кыл жарандар билдирип жатат. Алар азыркы шартта, аракеттеги мыйзамдарды эске алганда, президенттин укук-милдеттерин терең түшүнүп жатышабы, көздөгөн максаттары эмнеде?

Искак Масалиев: Кээ бир талапкер атымды чыгарам дейт, кээ биринде өзгөрүүлөргө алып келем деген ишеним бар. Бир тобу азыркы президенттин милдетин аткаруучуну колдойбуз деп, жарыштан баш тартат. Бул эми турган иш. Кыргыздарда көптөн бери ушундай болуп келатат. Айрым талапкерлер кызмат ордундагы укугун да, мүмкүнчүлүгүн да билишпейт. Мен элди башкарам, президент болом деп өзүн алдап атат. Убакыт көрсөтөт. Бир нерсени эске алыш керек, менин жеке пикирим, азыркы Конституцияда президенттин мыйзам сунуштоо, даярдоо, бошотуу өңдүү бир топ функциялары, укуктары жок.

Жанарбек Акаев: Де-юре “президенттик-парламенттик бийлик”, “бийликтин көбү парламентте” деп айтылганы менен, де-факто президенттер эле башкарат. Азыр Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүп келеби, өзгөртпөй келеби, айырма болбойт экен. Баары бир эл тарабынан шайланып келген, күч органдары колунда болгон адамдан саясий элита деле, парламент деле көпчүлүгү көз каранды болуп калат экен.

Бирок мени талапкерлердин абдан көп болуп атканы таң калтырат. Анткени, азыр президент болуу оор. Ал популярдуу, рейтинги жогору болушу үчүн реформаларды жасап, чоң өзгөртүүлөрдү эле киргизбесе, Кыргызстандын азыркы шартында экономикалык абал, инвестициялык климат начар, мамлекеттик бийликке болгон элдин ишеними таптакыр жок, саясий күчтөрдө - соодалашмай. Бюджеттин акыбалын көрүп атасыз. Жаңы жылдан баштап айлыкта чоң проблема болушу мүмкүн. Таңкыстык күчөп атат.

“Азаттык”: Садыр Жапаров 12-ноябрдагы маалымат жыйынында 10-январдагы шайлоодо мурдагыдай мыйзам бузууларга жол берилбейт деди. Кынтыксыз уюштурууга бүгүн шарт барбы?

Исхак Масалиев: Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, Курманбек Бакиев, Аскар Акаев айтканды эле кайталап атат. Калыстык менен шайлоону уюштура алса, баа бериш керек болот. Бирок, мен ишенбейм. Себеби Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткенде эч кимди кызматтан бошотпойбуз, баары иштей берет, шайлоо бүткөндөн кийин кайра команда түзөбүз деген. Бирок бирөө да калган жок, баарын алмаштырды. Баягы эле эски ооруну кайталап атышат, ишенген команданы түзүп койсок эртең шайлоону өткөрүп берет деп. Башкы прокурор, ички иштер министри, УКМКнын жетекчиси шайлоого бир кадам жасабашы керек. УКМКнын башчысы Москвага барып шайлоочулар менен шайлоо тууралуу сүйлөшкөнү мыйзам бузуу эмеспи? Таза шайлоо өткөрбөсө кандай келсе ошондой кетет.

Жанарбек Акаев: Садыр Жапаровдун ар кандай жолдорду ойлоп таппай, кызматын өткөрүп берип кетип жатканы жакшы көрүнүш. Экинчиден, административдик ресурс иштейби деген да маселе бар.

Көп жерде Жээнбековдун кадрлары отурат. Кечээги шайлоодо студенттерди колдонобуз деп аракет кылышты, бирок, студенттер көп жерде, мисалы мурдагы шайлоодо Ошто “Бүтүн Кыргызстан” партиясы биринчи орунду алып чыкты. Элибиз мындайды өздөштүрүп калды. Экинчи жагынан жаңы эле алмашкан бийлик эки айда эле административдик ресурс колдонсо кандай болот? Булар анчалык күчүнө кире элек.

Талкууну толугу менен аудиодон уга аласыз.

Президенттикке умтулгандардын дарамети жана мүдөөсү (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:53 0:00
Түз линк

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн жарандар БШКга документтерин 14-ноябрдын акырына чейин тапшырышы керек.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG